Байлар байлык тууралуу эмне дейт?

InsiderPro агенттиги дүйнөдөгү белгилүү миллиардер жана ийгиликтүү адамдардын акча, ийгилик тууралуу пикирлерин бир жерге топтоду. Миллиардерлердин бул сөздөрү сиздин келечектеги бизнесиңизге жаны жол көрсөтүүсү толук мүмкүн.

Марк Цукерберг, Facebook жетекчиси
Байлар байлык тууралуу эмне дейт?

«Мен эч качан катардагы компания ачууга аракет кылган эмесмин. Көпчүлүк адамдар, кирешелер мени кызыктырбайт деп туура эмес ойлонушат. Катардагы компания болгондун ордуна, дүйнөнү өзгөртүү үчүн бир нерселер ойлоп табуу зарыл».

Уоррен Баффетт, Berkshire Hathaway жетекчиси

Байлар байлык тууралуу эмне дейт?

«Мен сиздерге кантип байып кетүүнүн жолдорун айтам. Эшиктерди жаап туруңуз. Башкалардын сараңдыгы кармаганда чындап коркуңуз. Бирок башкалар коркуп турганда сиз сараң болуңуз. Ошондо ийгиликтүү болосуз».

Эван Шпигель, Snap Inc. жетекчиси өз бизнесини Facebook компаниясына сатпай койгону тууралуу:

Байлар байлык тууралуу эмне дейт?

«Дүйнөдө биздин бизнесибизге окшогон ишти жолго коюп, ийгиликке жеткендер аз. бир мүнөттүк киреше үчүн мен өз бизнесимди сатканымдын такыр кызыгы жок».

Опра Уинфри, медиамагнат.

Байлар байлык тууралуу эмне дейт?

«Мен үчүн акчанын эч качан биринчи орунда болбогону, менин ийгилик сырым болуп саналат».

Марк Блумберг, Bloomberg LP жетекчиси

Байлар байлык тууралуу эмне дейт?

«Адамдарга канча көп акча берсеңиз, ошончо көп сарпташат. Ал эми аны сарптабагандар, инвестиция кылышат. Инвестиция кылуу-жумушчу орундарды жаратуунун дагы бир жолу. Анткени акчалар фонд же банктарга келип түшөт, алар болсо акчалардан кредит беришет. Бул жөн гана сарптап салгандан көрө, баары үчүн пайдалуу».

Ларри Пейж, Alphabet Inc. негиздөөчүлөрүнүн бири

Байлар байлык тууралуу эмне дейт?

«Эгер акча биздин жашообуздун негизги максаты болгондо, анда эбак эле компанияны сатып, жээкте күнгө кактанып уктайт элек».

Сергей Брин, Google жана Alphabet Inc. президенти

Байлар байлык тууралуу эмне дейт?

«Бакытты акчага сатып албай тургандыгы тууралуу сөздөрдү көп укканмын. Бирок, жүрөгүмдүн түпкүрүндө бир аз болсо да акчалардын адамды бактылуу кыла турганына ишенчүмүн. бирок, баары мен ойлогондой болуп чыккан жок».

Жек Ма, Alibaba Group директорлор кеңешинин жетекчиси

Байлар байлык тууралуу эмне дейт?

«Азыркы заманда каалаган адам жакшы киреше таап, иштей алат. Бирок туруктуу киреше табуу, коомдогу жоопкерчиликти сезүү жана дүйнөнү жакшы тарапка өзгөртүү эң кыйыны».

Шелдон Адельсон, Las Vegas Sands Corporation жетекчиси

Байлар байлык тууралуу эмне дейт?

«Мен эч качан байып кетүүнү кыялданган эмесмин. Муну жадагалса ойлоп да көрбөптүрмүн. Мен жашоодо кандайдыр бир нерсеге жетүүнү гана каалаганмын».

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}