Байлык жана байпак

Байлыгы ашып-ташкан бир адам, ичээр суусу азайып баратканын сезген белем, жалгыз уулун жанына чакырып, керээзин айткан экен. \»Балам, ажал жетип күнүм бүтсө мени кабырга байпакчан койгула\» -деп. Баласы, атасынын адаттагы сөздөрүнүн бири катары көрүп анча маани бербей, \»макул\» деп коёт. Керээзине кошуп уулуна ак кагазга оролуп, сыртынан мөөр басылган катты да колуна карматып, \»мен өлгөндөн кийин башыңа кыйынчылык келип, туңгуюкка кептелген эң биринчи күнү ушул катты оку\»-деп сөзүн тамамдайт.Күндөр өтүп ажалы жеткен бай да көз жумуп, уулу атасасын узатмакка камынып калат. Атанын керээзин аткармак болгон уулу атасын байпак кийгизип кабырга коймок болот. Бирок, бир да молдо буга уруксат бербейт. Андан сурайт, мындан сурайт уккан жообу бир: \»адамды кийимчен кабырга койбойт, мындай жорук динибизде жок\» Айласы кеткен уулу, эми эмне кыларын билбей отурса баягы атасы жазган кат эсине түшөт. Туңгуюкка кептелгеним ушу чыгар деп катты ачып окуйт. Катта мындай деп жазылган эле: \»Уулум, байкаганындай мен чириген бай болсом да кабырга байпагымды да алып кете албадым. Эми ары жагын өзүң ойлон…\»

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}