Бөбөк

Жаш, чачтары узун, сулучмагынан келген жаш келин жаңы эле дүйнөгө келген ымыркайын көрүп, бактылуулуктун сыйкыр кемесинде сүзүп жүргөн эле. Чачтары тармал, сары, бакырайган көздөрү, быйтыйган колдору, таноосу кичкинтай муруну, урчуйган кызыл эриндери, ууз жыттанган жыты дүйнөдөгү эң жыттуу жыпар из сымал эле. Кудум бейиштин жыты сымал. Бул наристе удаа-удаа төрт кыздан кийин көз жарган бешинчи кыз перзенти эле. Баланын жытынан артык жыт барбы бул дүйнөдө? Албетте жок. Мотурайган наристени жыттамакка эңкейип, бара жатканда кайдан- жайдан, “Жакындаба мага” деген үн угулду. “Мени жыттаганга акың жок сенин…”. Коркуп кеткен келин, элейе түшүп эки жагын карады. Бөлмөдө ымыркай экөөнөн башка эч ким жок. Ошол эле үндү дагы бир жолу уккан соң, бөбөккө карады. Жаңы эле дүйнөгө келсе да, чоң киши сымал тил бутүп сүйлөп жаткат наристе болчу.“Мага жакындаганыңды каалап турган жокмун”,- деп сөзүн улантты. “Алыс тур менден…”

Өзүн бир аз жыйнап, эсин жыйган келин: “Перзенттерибиздин баары кыз, уулду боло албай койдук. Бирок, аларды да сени да боор этимден бүткөн перзентим катары жакшы көрөм. Ошондуктан жыттагым келди.”

“Мен сени жыттай албаган сыяктуу эле, сен да мени жыттай албайсың.” “Эмне үчүн? Эмне үчүн мени жыттай албайсың?” “Жакшылап, ойлон апаке! Эстеп көрчү.”

Эмне болгонун эстегиси келип терең ойго баткан келин, наркоздун таасиринен эсин эми жыйып, менчик ооруканалардын биринде, люкс бөлмөдө жатканын билди. Ал аңгыча сырттан кирип келген ак халатчан дарыгер, бөлмөнү толтурган букеттерден, бир даана розаны сууруп алып: “Сакайып кетиңиз, боюңуздан алдырган түйүлдүк кыз экен…”

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}