Бөбөктөр сүйгөн Wаlt Disney

“Уолт Дисней” компаниясы – дүйнөнүн киноиндустрия өнөр жайындагы чоң корпорациялардын бири. Киностудиясы Голливуддагы ийгиликтүү, ири студиялардан болуп саналат. “Уолт Диснейдин” штаб-квартирасы АКШнын Калифорния штатындагы Бербанк шаарында жайгашкан.

Жомок менен бирге жаралган тарых

1923-жылы Уолт Дисней АКШнын Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарына келип, агасы Рой менен 16-октябрда Голливудда «Дисней ага-инилеринин мультфильмдер студиясы» деген аталыштагы чакан анимациялык студия түзгөн. 1924-жылдын 1-мартында “Дисней” өзүнүн биринчи трюктар менен тартылган фильмин тартуулайт. Ал Льюис Кэрроллдун “Алиса укмуштуулар дүйнөсүндө” китебинен алынып, “Алисанын деңиз үстүндөгү күнү” деп аталган. “Дисней” Алисанын окуялары тууралуу 56 фильм тарткан. Алиса төрт жыл катары менен тартылган соң бөлөк каарман ойлоп табуу зарылчылыгы келип чыгат. Көп узабай эле Уолт жаңы каарман тентек коёнек Освальдды жаратат. Андан соң азыркы учурга чейин балдардын гана эмес чоңдордун да сүймөнчүгүнө ээ болгон атактуу чычкан Микки-Маусту ойлоп табат. Микки-Маустун алгачкы эки сериясы үнсүз болгондуктан бул жолку аракети ийгиликсиз аяктайт. Көп өтпөй эле 1927-жылы үнү бар кинолор тартыла баштайт. Уолт өзүнүн кесиптештеринин тажрыйбасын тез эле үйрөнүп, Микки-Маустун үчүнчү сериясын 1928-жылы 18-ноябрда үн кошуп тартат. Эми Микки-Маус жөн гана сүйлөбөстөн, ырдап да чыга баштаган. Ошол эле учурда Микки-Маус менен катар \»Глупые симфонии\» аттуу мультфильми да чыгат. Анын өзгөчөлүгү улам жаңы сериясында башка каармандардын пайда болуп турушу эле. Уолт так ушул мультфильм үчүн 1932-жылы биринчи \»Оскарды\» жеңип алат. Ошентип согуш мезгилине чейинки он жыл ичинде Уолттун мультфильмдери ар жыл сайын бирден \»Оскар\» менен сыйланып олтуруп, 29-сыйлык алууга үлгүрөт.

Бөбөктөр сүйгөн Wаlt Disney
Атактуу жомок каармандары жөнүндө…

Дисней өз каармандарынын атагын чыгаруу үчүн көп капитал коротчу. Экранга чыккандан кийин бул каармандар комикстердин беттеринде, миңдеген ар кандай предметтерде пайда боло баштайт. 1930-жылы “Диснейдин” каармандарына окшош оюнчуктар чыгарыла баштаган. Микки Маустун жана Дональд Дактын образдарын сааттарды, кийимдерди жана башка нерселерди жасалгалоодо колдонушкан. Алардын жардамы менен канча деген товарларды жарнама кылышты. Дисней чет жерлерге анын мультфильмдерин жана андагы каармандарды коммерциялык максатта колдонууга уруксат берген лицензия сатчу. Ушинтип, ал өз фильмдерине каражат табар эле.

Бөбөктөр сүйгөн Wаlt Disney
Өнүккөн бизнес, мыкты компания

1950-жылы “Дисней” студиясы “Диснейленд” телепрограммаларын даярдай баштаган. 1955-жылы Калифорниянын Анахейм шаарында “Диснейленд-парк” деген аталыштагы көңүл ачуучу комплекс ачылган. Бул жерде балдар “Дисней” мульт­фильмдериндеги сүйүктүү каармандары менен бирге унутулгус сезимдерде көңүл ачышат. Бул аракеттер улантылып, “Дисней” өз чөйрөсүн дагы да кеңейте берген. Азыркы учурда 11 тематикалык парк, 2 аквапарк, бир канча телерадиоберүү түйүнү иштейт. Телевидение, туризм, кийим жана оюнчук чыгаруучу бизнеси жылына 22 миллиард доллар киреше алып келет. Компанияда 100 миңден ашык адам иштейт. “Форчун” журналы жарыялагандай, АКШдагы 100 чоң компаниялардын ичинен 53-орунда.

Бөбөктөр сүйгөн Wаlt Disney
Балалык кыял

Уолт чыгармачылыгына кандайдыр бир өзгөртүү киргизсем деп ойлонот. Ошондой күндөрдүн биринде ал кыздарын паркка сейилдикке алып чыгат. Ал жерден Америкада чоңдор үчүн да, балдар үчүн да убакытты кызыктуу өткөрө турган жер жок экенин сезет. Ошентип ал бала чагындагы кыялын иш жүзүнө ашырууну чечип, биринчи \»Диснейлендди\» курат. Ал 1955-жылы 17-июлда Калифорния шаарында ачылат. Ага 17 млн доллар жумшалган. Бул паркка алгачкы 25 жыл аралыгында 200 млн киши барган. Уолт Дисней 1966-жылы 15-декабрда дүйнөдөн кайткан. Анын ордун иниси Рой ээлеп, \»Wait Dishey Companyни\» 1971-жылга чейин башкарган. Анын көзү өткөндөн кийин компанияны үч киши Кард Уокер, Донн Тэйтум жана Рон Миллерлер жетектешет. Уолт Дисней өзүнөн кийин көптөгөн идеяларды, долбоорлорду иш жүзүнө ашырбаган бойдон калтырган. Мына ошол идеялар менен анын компаниясы дагы он жыл бою эч кандай баш оорусу жок иштеген. Диснейдин көзү өткөндөн кийин Манхэттен шаарында 1971-жылы \»The Walt Disney World\» деген парк ачылат. Кийин 1983-жылы Токиодо, 1992-жылы Парижде \»Диснейленддер\» пайда болот. Азыркы учурда бул компаниянын байлыгы 23.4 млрд долларды түзөт. Дисней империясында 120 миңден ашык адам эмгектенет

Бөбөктөр сүйгөн Wаlt Disney
«Мен акча табыш үчүн фильм тартпайм»

Уолтер Элайс Дисней 1901-жылы 5-декабрда Чикагодо кедей үй-бүлөдө туулган. 4 бир туугандын кичүүсү Уолтер атасына кичине кезинен эле жардам бере баштаган. Алгач ферма иштерине жардам берсе, кийин гезиттерди таратууда, соода иштеринде кол кабыш кылган.
Оюнчуктарды кыялында гана көргөн Уолтер сүрөт тартууну жакшы көрчү. Алгачкы ирет өз эмгеги менен 7 жашында акча тапкан. Анда ал кошунасынын атын сүрөткө тартып, 5 цент алган.
Уолт режиссёр катары 111 фильм тарткан, 576 тасманын продюсери болгон. Эмгектери 26 жолу «Оскар» жана башка көптөгөн сыйлыктарга татыган. Ал 1966-жылы 15-декабрда тамеки чегүүнүн айынан өпкөсүнөн рак болуп каза тапкан. “Мен акча табыш үчүн фильм тартпайм. Фильм тартыш үчүн акча табам” дечү ал.

Бөбөктөр сүйгөн Wаlt Disney

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}