Бир чыны сүт

Ховвард аттуу баланын үй-бүлөсү өтө жакыр жашачу. Ал мектептеги чыгымдарын жабуу үчүн, үймө-үй кыдырып ар нерсе сатып иштечү. Бир күнү кечке чейин жүрүп эч нерсе сата албай коёт. Кечкисин курсагы ачып, жолдогу алгачкы эле кирген эшиктен жегенге бир нерсе суроого чечим чыгарат. Биринчи эле эшикти такылдатат. Үй ээси сүйкүмдүү аял болгондуктан, уялып кеткен бала, жей турган нерсенин ордуна бир чыны суу сурайт. Жароокер аял баланын курсагы ачканын байкап, чоң чыныга сүт алып келет. Ховвард сүттү ичип бүтүп, чоң рахмат, канча карыз болдум деп сурайт. Ал карызыңыз жок, деп жылмаю менен узатат. Жаш бала, апам бизди карызыңардын каршылыгын ар дайым бергиле деп үйрөткөн. Мен сөзсүз түрдө карызымды кайтарам дейт. Эшикке чыккан соң Ховварддын курсагы эле эмес, көңүлү да абдан ток эле.Арадан жылдар өтүп, сүт берген аял катуу ооруга чалдыгат. Жергиликтүү дарыгерлер чарасыз калып, бейтапты шаарга жөнөтүшөт. Шаардын башкы дарыгери доктор Ховвард, бейтапты көрүп, аябай толкунданат. Мурункудан бир топ улгайып калса да, жакшылык кылган жароокер аялды бир көргөндө эле тааныды. Ховвард көп күттүрбөй оорулууну операцияга киргизип, аны куткарып калуу үчүн колунан келишинче аракет кылат. Көп өтпөй, аялдын ден-соолугу жакшырып, акыры толугу менен сакайып кетет. Доктор конверттин ичине кат жазып, бейтаптын бөлмөсүнө берип жиберет. Аял конвертти ачууга дити барбай, корко баштайт. Себеби, карызымды өмүр бою иштесем да төлөй албайм деп ойлоп жаткан эле. Акыры конвертти ачып, ичиндеги катка үңүлө карайт:

— \»Ооруканадагы бардык чыгымыңыз бир чоң чыны сүттүн каршылыгында төлөндү”,-деп жазылып турган эле…

Көңүлдүн даарысы баарынан кымбат!
Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}