Бир саатта канча акча табасыз?

Бир күнү жумуштан чаалыгып-чарчап үйгө келсем, беш жаштагы балам эшикте күтүп туруптур. Ал менден бир саатта канча акча табаарымды сурады. Ансыз да чарчап турган жаным, \»Бул сенин ишиң эмес\» деп кагып койдум.Балам кайрадан жалбарыңкы көздөрү менен сурады. Андай эле билгиң келип жатса, саатына 20 доллар табам деп корс жооп бердим. Анда мага 10 доллар карызга бериңизчи деп ого бетер таң калычтуу суроо узатты. Муну укканда ого бетер ачууланып, менин сага бере турган акчам жок, айрыкча сенин баш айланткан оюнчуктарыңа! Бар бөлмөңө деп эшикти жаптым. Уулум унчукпай бөлмөсүнө барды. Арадан бир саат өтүп, ачуум тараганда, уулумдун акчаны эмнеге сураганын да укпай урушканыма кейип, жогору чыктым. Бөлмөсүнө барып, уктадыңбы уулум деп сурадым. Ал таарынган абалда ойго экенин билдирди. Жанына барып кечирим сурап, колуна 10 долларын карматтым. Кубанганынан рахмат атаке деп, жаздыгынын алдында катылган акчаларына кошуп санай баштады. Муну көрүп, кайрадан ачуулана, акчаң бар болуп туруп, неге менден акча сурап жатасың деп кыйкырдым. Бирок, уулум акырын гана жетиштүү эмес болчу, эми гана толукталды деп колундагы акчаларын мага берди. Мынакей сизге 20 доллар атаке, эми бир саатыңызды ала берейинби?

Уулумдун бул сөзүн укканда жүрөгүм титиреп, көзүмдүн жашын тыя албадым. Ошондо гана жашоонун чыныгы ырахаты кара жанды карч уруп тапкан акчада эмес экенин түшүндүм.

Балдарыбызга кандай мамиле кылсак, улгайганда ошол мамиле күтүп турат.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}