Биринчи байлык-ден соолук

Адамдын дени сак, сырткы келбети жакшы көрүнүш үчүн күн сайын билген аракетин жасап келет. Эгерде ден-соолугуңузга, өзүңүзгө күч келтирбей жашагыңыз келсе медицинада далилденген төмөнкү фактыларга көз жүгүртүңүз.
Адам үчүн эң пайдалуу азыктарАкыл –эсти жакшыртууга — Деңиз азыктары, жаңгак, уруктун түрлөрү пайдалуу. Бул азыктар энергияны көбөйтүп, нервди көп иштетпей, агрессияны басаңдатат. Бир жумада эки-үч жолу жеп туруу керек.

Көздүн көрүүсүнө- карагат, сабиз. Сабизди каймакка аралаштырып жегенде көздүн көрүүсү жакшырат. Ал эми карагат А витаминине бай. Аталган азыктарды бир жумада үч-төрт жолу жегенге болот.

Көпкө картайбаганга— Күн караманын майы, грек жаңгагы, балык. Бул азыктарда Е витамини көп, ал эми Е витамин организимдеги картаюу процесин жайлатып, кандагы холестеринди азайтат. Азыктарды колдон келсе күнүгө жеп турган жакшы, ал эми балыкты бир күндө 50-100 грамдан колдонуңуз.

Чач менен теринин жакшырышына— Сыр, койдун бөйрөгү, боору, мээси, тооктун жумурткасы. Булардын курамында биотин көп. Ал эми биотин организимдеги майдын алмашышына, чачтын, тырмактын өсүшүнө жакшы шарттарды түзөт. Тизмедеги азыктардын жок дегенде бирөөсүн бир күндө бир үлүштөн жеп туруу зарыл.

Жүрөккө, иммунитетке— Ашкабак, помидор, апельсин, укроп. Иммунитеттин жогорулашына ашкабактан жазалган азык менен апельсин түрткү болот. Эгер жашылчалардын ар кандай кайнатмасын көп ичсеңиз жүрөктүн кагышы жакшырат. Тамактанарда аталган азыктардан бирөөсүн тамагыңызга аралаштырып жегенге умтулуңуз. Бир күндө 2-3 жолу жегенде гана жыйынтык болот.

Адамдын организми 24 саат бою…

Түнкү саат бирде: Өзгөчө ушул убакта адам таттуу уйкуда уктап жатса да организми ар кандай ооруларга сезимтал болушат. Болоор-болбос дабышка да ойгонушу мүмкүн.

Түнкү экиде: Боордон башка дененин калган бөлүктөрү пассивдүү абалда болушат. Боор болсо так ушул маалда оргаизмдеги ууларды өлтүрөт. Эгерде ушул учурда сизден уйку качып жаткан болсо эч убакта кофе же чай ичпеңиз. Андан көрө бир стакан сүт ичсеңиз магдырап, уйкуңуз бат келет.

Түнкү үчтө: Дене толугу менен жай иштеп баштайт. Бул учурда адамдын канынын басымы эң төмөнкү этапта болот. Дем алуу жана кан тамырлар аябай эле жай иштейт.

Түнкү төрттө: Кулактын угуусу жакшы иштеп, кичинекей дабыш угулса да адам уйкудан дароо ойгонот. Мээнин кан тамырлары «эс алууда» болушат. Статистикага боюнча орулуулардын көбү дал ушул сааттарда көз жумушат экен.

Таңкы саат беште: Бөйрөктөр бир калыпта иштеп, ушул маалда тургандар бир күн бою сергек жүрө алышат. Адамдардын көпчүлүгү таңкы беште такыр түш көрүшпөйт.

Таңкы алтыда: Кан басым көтөрүлүп, жүрөктүн кагышы ылдамдайт. Эгерде адам өзү уктагысы келип жатса да анын денеси ойгонуп алат.

Таңкы жетиде: Саат жетиде организмди вирустар менен бактериялардан тазаланат.

Таңкы сегизде: Дене эс алып, боор ар кандай уулу заттардан бошоп эс алат. Бул учурда спирт ичимдигин колдонгондо башка мезгилдерге салыштырмалуу боорго өтө чоң зыян алып келет.

Таңкы тогузда: Адам психикалык жактан активдүү болуп, ооруну көп сезбей калат. Жүрөк ушул мүнөттөрдө жакшы иштейт.

Саат ондо: Адам саат ондон баштап түшкө чейин кандай оор жумуш болсо да аткара алат. Себеби, организим күчтөнүп баштайт. Достор менен жөнү жок ушакташып же уктап убакытты текке кетирүү туура эмес. Анткени организм мындан башка убактарда мынчалык күчтүү боло албайт.

Саат он бирде: Жүрөктүн согушу жайлап бир калыпка түшө баштайт. Оор жумушту аткарууда баарынан да булчуңдарга, мээге көп күч келет.

Саат он экиде: Курсакты катуу тойгузуп алган болбойт. Себеби, бул маалда баардык организм кыймылда болуп, ашказанга катуу күч келет.

Саат бирде: Боор «эс алууга чыгып», кандын айланышы күчөйт. Канчалык аракет кылсаңыз да организм эс алууну каалап, сиздин эркиңизди жеңет.

Саат экиде: Көркөмдөп айтканда бул саатта адамдын организми толугу менен эс алып, сизге такыр моюн бербейт. Жүрөктүн кагышы башка сааттарга караганда жайлайт.

Саат үчтө: Болгон органдар ойгонуп, тамакка болгон табит пайда болот. Гурмандар ушул саатта тамактанууну башташат экен. Себеби, кандай тамак жебеңиз ашказан жакшы сиңирип, семирүүгө алып келбейт.

Саат төрттө: Кандагы канттын деңгээли көбөйөт. Бул саата таттуу азыктарды жебей эле койгонуңуз оң. Ансыз да канттын курамы көбөйүп турганда таттуу азык жесеңиз организмге өтө эле күч келет.

Саат беште: Энергияңыз ашып-ташпаса да организм өзү кара жумушка жарактуу. Спортчулардын көбү саат бештен жетиге чейин машыгышат.

Саат алты: Эч кандай жумуш жасабай эле организм кыймылда болууну каалайт. Психикалык активдүүлүк ушул мүнөттөрдөн баштап пассивдүү болот.

Саат жетиде: Кандын басымы көтөрүлүп, адамдын психологиясы туруктуу абалда болгону менен нерви иштеп сөзгө көтөрүмү жок болуп, болоор-болбос жерден уруш чыгарышы мүмкүн. Баш оорулары барлар үчүн кыйын убакыт.

Саат сегизде: Сегиздерде баардык нерсе кыймылда болот. Өзгөчө айдоочулар үчүн эң соонун мезгил. Адамдын организими ылдамдыкды эңсеп калат.

Саат тогузда: Адамдын психикалык абалы жайына келет. Ушул учур студенттерге же актерлорго текст жаттаганга ылайык. Күндүз жасап жетишпей калган иштерди бүтүрүүгө мүкүнчүлүк түзүлөт.

Саат ондо: Денин температурасы ылдыйлайт да, жүрөктүн кагышы жайлап организим тынчтыкты каалап калат.

Саат он бирде: Дене эс алууга камданып, кыймылды сүйбөйт. Мээ маалыматты начар кабыл алгандыктан китеп же гезит окуган сунушталбайт.

Саат он экиде: Күндүн акыркы саатында түш көрүүгө ылайыктуу мезгил. Бир гана дене эмес адамдын мээси да бир күндүк жыйынтыктыкты чыгарып, өзүнө эмнелер керек болсо ылгап алат.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}