Биз билбеген кызыктар

• 1998-жылы Ларри Пейдж менен Сергей Брин 1 миллиард доллар акчага Google-ды Yahoo компаниясына сатмак болушкан. Бирок, Yahoo компаниясы бул сунуштан баш тарткан. Ушул окуядан кийин 7 жыл өткөн соң Googleдын баасы 80 миллиард долларга чейин көтөрүлгөн. Ал эми жылдык кирешеси 1,5 миллиард болгон.• Статистикалык- маалыматтарга таянсак жаңы ачылган ресторандардын 90 пайызы ачылганына 1 жыл боло электе кайра жабылат.

• Жумуштун өнүмдүүлүгү шейшемби күнү артат.

• Күн сайын дүйнө жүзүндө 33 жаңы товар жасалат. Анын 13ү оюнчук.

• Ар бир күнү болжолдуу түрдө 65 адам миллионер аталат.

• Жер бетинде бензинден кийинки эң өтүмдүү товар-кофе.

• Ааламдагы оюнчуктардын 80 пайызы Кытайда жасалган.

• Миллионерлердин 20 пайызы ЖОЖдо билим алган эмес.

• «American Airlines» компаниясы бизнес класстагы жүргүнчүлөрдүн тамагынан Зайтунду алып салуу менен 40 000 доллар үнөмдөгөн.

• Чоң-чоң соода үйлөрүдүн ичиндеги аңкып турган атыр жыттар жасалма. Аларды атайын аба ароматизаторлорунун жардамы менен жасашат. Ал жыттар кардарларды соода кылууга чакыруучу касиетке ээ.

• Адатта тез тамактануучу жайларда жай, классикалык музыкаларды коюп коюшат. Адамдар мындай обонду уккан кезде тамагын бат түгөтөт экен. Ушундайча тамактануучу жайдын ичи бат бошойт.

• Бөбөктөр сүйгөн Микки жана Минни Маус мультфильминде Микки жана Минни Маустун үнүн коштогон Уэйн Элвайн менен Расси Тейлор үй-бүлө болушкан.

• Чолпон планетасында биздеги 1 күн биздеги 1 жылдан узагыраак.

• Тыйын чычкандар жаңгакты жер астына катып коюп унутуп калгандыктан, жыл сайын жүздөгөн жаңы көчөттөр өсүп чыгат.

• Биздин азыркы учурда ар бир эки мүнөттө түшкөн сүрөттөрүбүздүн саны, 19-кылымдагы баардык сүрөттөрдүн санынан көп.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}