Бонсай-кичинекей дарактар

Бонсай – кадимки бак-дарактын кичирейтилген үлгүсүн өстүрүү искусствосу. Бонсай бир гана декоративдик өсүмдүк эмес, жапон ландшафт багбанчылыгынын негизи да болуп эсептелет. \»Бонсай\» – япон тилинен которгондо \»карапага өстүрүлгөн дарак\» дегенди түшүндүрөт. Тагыраак айтканда, чыныгы дарактын кичирейтилген көчүрмөсүн өстүрүү.Бул болжол менен 2000-2005 жыл мурун Японияда пайда болгон, ал эми Кытайда акыркы 100 жылдан бери өтө популярдуу болуп кеткен. Бонсай дарагын тынымсыз кыркып, ага түрлүү форма берип туруу керек. Искусствонун бул түрү жыл санап дүйнө жүзү боюнча миңдеген күйөрмандарын чогултууда. Европада бонсай дарагынын баасы 2 миң евродон өйдө. Ал эми биздин калаада 50 доллардан 3-4 миң долларга чейин.

Бонсайдын түрлөрү
Бытыкый бонсай: 2,5-15 сантиметрге чейин.
Кичинекей бонсай: 15-25 сантиметрге чейин.
Орто бонсай: 25-40 сантиметрге чейин.
Чоң бонсай: 40-60 сантиметрге чейин.
Эң чоң бонсай: 60-1 метр 20 сантиметрге чейин жетет.

Аталыштары:
«Тёккан» – бутактары түз, тамыры жоон бак.
«Моёги» – бутактары кыйшык бак.
«Сокан» – эки дарактын кошулмасы. Кучакташкан бактар:
«Сякан» – бир жак тарабына ооп турат.
«Будзинги» – бутактары аз бак.
«Икадабуки» – жаткан бутактын бетинде ар кандай формадагы шактар өстүрүлөт.

Бонсай-кичинекей дарактар
Бонсай-кичинекей дарактар
Бонсай-кичинекей дарактар
Бонсай-кичинекей дарактар
Бонсай-кичинекей дарактар
Бонсай-кичинекей дарактар
Бонсай-кичинекей дарактар
Бонсай-кичинекей дарактар
Бонсай-кичинекей дарактар
Бонсай-кичинекей дарактар
Бонсай-кичинекей дарактар
Бонсай-кичинекей дарактар
Бонсай-кичинекей дарактар
Бонсай-кичинекей дарактар
Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}