Бул адаттардан арылыңыз

Кээде, өзүбүз байкабаган адаттар биздин ойлор менен кылган иштерибизге чоң таасир тийгизет. Көбү толук кандуу жашоого тоскоол болот. Алар кайсы адаттар? Билгиңиз келеби?

1. Сөзгө турбаган адат

Көпчүлүгүбүз, башка бирөөгө берген сөзүбүзгө туруп, айтканды аткарабыз. Бирок эмнегедир өзүбүз жөнүндө такыр эле унутуп коебуз. Өзүбүзго чуркап баштоого, туура тамактанууга, ден соолукту карап жүрүүгө, жана башка көптөгөн убадаларды беребиз деле, аны аткарбайбыз. Буга көнүп деле калабыз. Бул адаттан кутулуу үчүн, ар бир максатка жеткен сайын өзүңө белек тартуулап тур, ар бир өзүңө берген сөздү аткарган сайын.

2. Будильникти жылдыруучу адат

Будильникти алдыга жылдырып, дагы 10 мүнөттөй уктап алам деп, сен күндүн биринчи салгылашын уттурасыз. Байкасаңыз деле керек, канчалык кеч турсаң, өзүңдү ошончолук чарчаңкы сезсиң. Болгон энергияңды уйкуга коротосуң. Күндүн эң продуктивдүү убагы – таңкы убакыт. Ал убакты колдон келишинче пайдалуу өткөр.

3. Уйку алдында телефон колдонгон адат

Бул адат ден соолукка өтө терс таасирин тийгизет. Телефондун экранынан чыккан көгүш жарык уйку гормону – мелатониндин иштелип чыгышына тоскоол болот. Бул уйкусуздукка гана алып келбестен, көрүу сезиминде да көйгөй жаратып, ал эле эмес, семирүүгө жана онкологиялык ооруларга алып келет.
Уктаарга чейин 1-2 саат телефонду кармай койгон туура. Жакшы вариант – китеп оку: биринчиден – бул ден соолугуңа пайда, экинчиден – өзүңдүн өнүгүүңө пайда.

4. Өткөнгө өзүн күнөөлөгөн адат

Кээде биз өткөнгө кайгырабыз. Өзүбүздүн кылган иштерибизди талдаганыбыз биздин болочокко таасирин тийгизет.
“Мындай кылбасам болмок…” деп, ишке ашпай калган пландарыңа, “Мен мындай кыла алмакмын…” деп, кое берип жиберген мүмкүнчүлүктөргө, “Мындай кылышым керек болчу деп…” деп, билимиң менен тажрыйбаң аздыгыңа өзүңдү күнөөлөйсүң. Эгер ошол убак азыр болгондо чечип жиберчүдөй сезесиң.
Мындай ойлор таттуу, бирок ишке ашпачу кыялдарды тартат. Андай ойлордун ордуна азыркы кылып жаткан ишиңе көбүрөөк көңүл бөл, ойлонуп көр, азыркы кезде эмнеге ыраазысың. “Мындай кылсам болмок…” дегендин ордуна, өзүңө: “Кийинки жолу мындай кылам…” деп айт.

5. Баарына макул болуу адаты

Биз дайым бир нерсени кое берип, бир нерсеге жетишпей калгандан коркобуз. Ошондуктан пайда болгон мүмкүнчүлүктүн баарына “ооба” дей беребиз. Бирок бул чечимдин тууралыгына көзүбүз жетпесе дагы.
Чынында, ордуңан шарт туруп кызыктуу окуяларга катышкан – жакшы дечи. Болгону артыкчылыкты ордуна коюп, өзүңө манилүү болгон нерсени танда.
Жашоо узун, эгер аны туура колдонгонду билсең.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}