Бул кандай иш?..

Түркиянын эң эски жана тарыхый мааниге ээ Селимийе мечитинин курулушу жүрүп жаткан. Ал жердеги эң оор таштарды бөлүп тегиздеген жумушчулардын оюн билүү максатында, курулуштун архитектору Мимар Синан алардын жанына барат. Алгач кезиккен жумушчудан: «Эмне кылып жатасың?» — деп сурайт. Тигил жумушчу ошол эле замат: «Сен эмне көрсүңбү?! — деп кыйкырып жиберет.-Мынабу кесүүгө мүмкүн болбогон таштарды кесип, уста башчысынын кайдагы бир буйругу менен мээ кайнаткан ысыкта тозоктун ишин кылып жатамын.

Мимар Синан ал жерден тез узап кетет. «Кайрымдуу иш кылып жаткан менен, элдин баары ушундай ойлойбу?» — деп, анан санааркай баштайт. Ошол эле ишти кылып жаткан экинчи кишинин жанына барат да, ага баягы эле суроосун узатат: «Эмне кылып жатасың бул жерде?» Тиги:

-Бул аска таштарын биздин уста башчысынын айтуусу боюнча планга ылайык жайгаштыруу үчүн формасына тууралап кесип жатам. Иш оор, кызыксыз, бирок, үй-бүлөм үчүн акча керек. Эмнеси болсо да, бир ишим бар, бош жүргөн жокмун. Ак эмгегим менен адал нан таап жатам. Ошого да кудайга шүгүр деп иштеп жатам. Мындан да жаман болушу мүмкүн эле да.
Бир аз өзүнө келген Мимар Синан үчүнчү жумушчуга барат да, ошол эле суроону берет. Анда ал: «Көргөн жоксуңбу? — деп колун көккө жаят.

— Чоң мечит салынып жатат бул жерге, а мен ошол мечитти салууга өз салымымды кошуп жатам. Урпактарга мураска кала турган улуу мечитти салууга ак эмгегимди жумшап жатам. Балдарыбыз, неберелерибиз бизди кийин ушул эмгегибизден эскерип турушат. Бул улуу иштин кыйынчылыгын биз тартсак дагы, жыргалчылыгын балдарыбыз көрөт эмеспи. Демек, бул — жакшы иш.

Албетте, бул дүйнөдө бардык нерсе өз баасына ээ. Ошол эле учурда, адам алгач белгилүү бир ишке (буюмга же башка адам менен болгон мамилеге) жакшы же жаман баа берет да, ошол баага жараша мамиле кылат. Ал иштин келечеги да дал ошол баага жараша болот. Ошондуктан, иштин келечегин ойлогон адам ар бир ишке позитивдүү көз карашта болуп, жакшы баасын бериши зарыл…

Бакыт Жунусалиев

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}