Чексиз билимди ичине каткан ажайып китепканалар

Рухий тарбиянын башаты болгон китеп менен окурмандын алакасы үчүн, албетте, китепкананын мааниси зор. Китепкана – маданияттын эң негизги тармагы эле болуп эсептелбестен, билим берүү тармагынын өсүп чыккан тамыры жана ар бир билим берүү мекемесинин күзгүсү болуп келет. Мына ошол дүйнөдөгү эң кооз жана эң чоң, көптөгөн кызыктуу жана баалуу тарыхый материалдар сакталган, имараттарынын архитектурасы да адамды аң-таң кылган китепканалар тууралуу кеп салмакчыбыз.

Конгресcтин китепканасы

Дүйнөдөгү эң чоң китепканалардын алды болгон АКШнын улуттук китепканасы Вашингтондо жайгашкан. Китепкана 1800-жылы курулган. АКШнын Президенти Джон Адамстын буйругу менен АКШнын борбор шаарын Филадельфиядан Вашингтонго которуу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын 5-беренесинде АКШ Конгрессинин китепканасына 5000 АКШ долларын бөлүп берүү, көбүрөөк суроо-талап жараткан китептерди алуу жана сактоо жөнүндө айтылган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эң чоң эл аралык маалымат булагы, ошол эле кезде китепкана, илимий борбор катары да кызмат кылган. Учурда АКШ Конгрессинин китепканасы мыкты библиографиялык борбор жана автордук укук боюнча америкалык агенттик катары кардарларын тейлеп келет.

Чексиз билимди ичине каткан ажайып китепканалар

 

Беларусь улуттук китепканасы

Дүйнө жүзүндө чоңдугу боюнча 3-орунда турган китептердин топтому так ушул жерде. Китепкана 1922-жылы курулуп, 2006-жылы кайрадан 22 кабат болуп жаңыланган. Китепканада 14 миллион китеп жана 500 кишилик жыйындар залы бар. Китепкананын архитектуралык курулушу өзгөчө стилге ээ, тигинен турган көп бурчтуу икосаэдр формасындагы кутуну элестетет. Китепкананын кечиндеги көрүнүшү абдан кооз жана көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп турат.

Чексиз билимди ичине каткан ажайып китепканалар

 

Монастр Санкт Гален китепканасы

Швейцариянын чыгышында жайгашкан, VII кылымга таандык деп айтылып келген, дүйнө жүзүндө көпчүлүк зыяратчылардын кызыгуусун жараткан эң эски, ошол эле кезде өтө маанилүү китепкананын тарыхы ирландиялык монах жөнүндөгү уламыш менен тыгыз байланыштуу. Китепканада 2000ден ашуун сейрек кездешкен, VII кылымга таандык, эски кол жазмалар, 150 миңден ашуун чыгарма сакталган.

Чексиз билимди ичине каткан ажайып китепканалар

 

Стокгольм элдик китепканасы

Швецияда жайгашкан. Швециялык архитектор Гуннар Асплунт тарабынан 1918-жылы архитектурасы иштелип чыккан. 1924-жылы курулуш иштери башталып, 1928-жылы курулуп бүткөн. Элди өзүнө тарткан Стокгольм шаарынын кооз имараттарынын биринде 2 миллиондон ашуун китеп, 2,5 миллиондон ашуун кассета, дисктер сакталган.

Чексиз билимди ичине каткан ажайып китепканалар

 

Искендер китепканасы

Египеттин Искендер шаарында жайгашкан. Адам тарыхында пайда болгон ажайып имараттардын бири. Мында эски булактар, 150 миң кол жазма сакталган. Б. з. ч. 332-жылы македониялык Искендер тарабынан курулган. Китепкана Искендер музейи катары да таанылган.

Чексиз билимди ичине каткан ажайып китепканалар

 

Чексиз билимди ичине каткан ажайып китепканалар

 

Британиянын музей-китепканасы

Китепкана Лондондо жайгашкан. 1753-жылы Сир Ханс Слоан (1660-1753) топтогон белгилүү китептер жана кол жазмалар, тарыхый буюмдар чогултулуп, Өкмөт тарабынан курулган. XIX кылымда археологиянын өнүгүшү менен музейге байыркы доордогу буюмдар топтолгон. 1823-жылы Жордж III нүн китепканасындагы коллекциялар сатылып алынып кошулган.

Чексиз билимди ичине каткан ажайып китепканалар

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}