Чет тилди тез үйрөнөм десеңиз…

«Канча тил билсең, ошончо дил билесиң», деген  жакшы кеп бар. Канча тил билсең, ошончо өлкөнүн салт-санаасын, үрп-адатын жакындан тааный аласың жана маданиятын үйрөнөсүң. Тил үйрөнүү учурдун талабы, андыктан биз сизге оңой жана тез чет тилин үйрөнүүнүн бир канча ыкмаларын айтып беребиз:1.Тил үйрөнүүдөгү максатыңызды, багытыңызды так аныктап, план түзүп алыңыз. Алгач өзүңүз каалаган тармакка тиешелүү сөздөрдү, терминдерди үйрөнгөнүңүз туура. Анткени киши өзү каалаган нерсени бат үйрөнөт.

2.Тил үйрөнүүгө аптасына бир эле жолу 2-3 саат убакыт бөлүп, мээни маалыматтарга толтуруп салуу туура эмес. Анткени мээ да чыңалат, чарчайт. Эң натыйжалуу жолу – күнүнө 15-20 мүнөт убакыт бөлүү маанилүү.

3.Күн сайын жаңы теманы өздөштүрүүгө ашыкпай, эскини кайталай жүрүңүз. Америкалык окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, мындай ыкма жаңы үйрөнгөн сөздөрдү жакшы эске тутууга жана түшүнүүгө жардам берет.

4.Окуу, окуу жана окуу. Үйрөнүп жаткан тилиңизде гезит-журналдарды көп окуңуз. Биринчиден, сөздөрдүн кандай жазылышын көрүп эсиңизге сактасаңыз, экинчиден окуган нерсени өзүңүз которуп түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

5.Күнүнө 20-30 сөз жаттап, сөз байлыгыңызды байытыңыз. Алардын бешөөсү сөзсүз этиш сөз болушу шарт. Жарыялардан сизге тааныш эмес сөздү окусаңыз дароо жазып алып, маанисин түшүнүүгө аракет кылыңыз.

6.Сөздөрдү жаттап гана тим болбостон, маектеш таап, көбүрөөк сүйлөшүңүз. Анын дикциясына көңүл буруңуз. Мындан сырткары чет тилдеги тасмаларды көрүңүз, ыр угуңуз. Бул ыкмада андагы сөздөр жадыңызга сактала берет.

7.Ката кетирбей туруп, ал катаны сезбей, түшүнбөй туруп тилди үйрөнүү мүмкүн эмес. Ал тилде туура сүйлөөгө мажбур эмессиз, андыктан ката кетирүүдөн коркпоңуз. Эң негизгиси кайсы жерден, кандай ката кетиргениңизди эстеп калуу, аны кайталабоо сиз үчүн маанилүү.

8.Интернеттеги мүмкүнчүлүктөрдү, мобилдик программаларды колдонуңуз. Учурда чет тилдерди үйрөнүү боюнча атайын бир нече программалар иштелип чыккан. Өзүңүзгө ыңгайлуусун тандап иштеңиз.

Ата-энелердин эсине!

•Балдарга маалыматты сиңирүүнүн эң натыйжалуу жолу – бул оюн. Андыктан тил үйрөтүүнү кызыктуу оюн менен айкалыштырыңыз, сүрөттүү карточкаларды, кроссворддорду пайдаланыңыз.

•Жакшы көргөн мультфильмин үйрөнүп жаткан тилинде көрсөтүңүз. Бала ал мультфильмди жакшы билгендиктен андагы үндөр, интонациялар, эмоциялар кайдигер калтырбайт.

•Балаңызды жаңы нерсени үйрөнүп кете албагандыгы үчүн кагып-силкпеңиз. Андан көрө жакшы сапатын, ийгилигин таап, мактап туруңуз.

•Тил үйрөнөсүң деп мажбурлабаңыз. Баланын каалоосун угуу да туура. Эгер балам сөзсүз чет тилин билиши керек десеңиз, анда балаңызды ага алгач кызыктырып, сүйлөшүү иштерин жүргүзүңүз.

•Чет тилдердин пайдасы тууралуу айтып берүүдөн тажабаңыз. Көп тил билсе көп дос табарын айтып, шартыңыз болсо атайын тил үйрөнүү боюнча уюшулган лагерлерге жөнөтүңүз.

Чет тилдерди үйрөнүүнүн пайдасы

Чет өлкөгө саякатка чыгуудагы эң негизги курал – бул тил. Эгер ал элдин тилин билсеңиз көздөгөнүңүзгө бат жетесиз.

Жакынкы же алыскы чет өлкөлөрдө билим алууга, жумушка орношууга, соода кылууга жол ачылат.

Чет тилин үйрөнүү аркылуу ал тилди билгендер менен сүйлөшө алуу, пикир алмашууга, дос күтүүгө болот.

Тил үйрөнүү менен бирге башка элдин маданиятын, каада-салтын, жашоо шартын билип, дүйнө таанымыңыз кеңейет.

Чет элдик каалаган тасманы көрүп, чыгарманы, макаланы окуй аласыз.

Биринчилерден болуп маалымат алууга жетишесиз.

Чет тилди бир жолу үйрөнүп, өмүр бою колдоноруңузду эсиңизге алыңыз!

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}