Чиймелөө мүнөз жана ички туюмдан кабар берет

Көпчүлүк адамдар телефон менен сүйлөшүп жатканда же жөн эле ойлонуп отурганда колунда кагаз менен ручка болуп калса, бир нерселерди чиймелеп отуруп калышат. Ошол сүрөттөр адамдын ички дүйнөсүндө жаткан мүнөзүн билдиришин адам өзү да сезбеши мүмкүн. Мындай сүрөттөр жана чиймелөөлөр инсандын абалы менен түздөн-түз байланышы бар экенин психологдор далилдеп келишет. Анда эмесе байкап көрөлү:

Цифралар парады

Ар кандай сандарды жаза калган адамдар бир гана материалдык баалуулукту ойлошот. Биринчи тарабы-кантип акча табуу керек деген ой жүрөт, экинчиси-карызы бар адамдын кантип кутулам деген көйгөйүн билдирет.

Жаратылыш сүрөттөрү (гүл, күн, өсүмдүктөр)

Мындай адамдар оң эмоционалдуу болушат. Ички энергиясы ашып, позитивдүү болгону аны дайыма алга карай сүйрөп турат. Ошондой эле сулуулукка, кубанычка талаптары жогору. Эгерде жумуш учурунда, чогулушта күн же гүл тартып отурган адам болсо, ал ушул ишин тезирээк бүтүрүп, жакшы аякташын каалайт. Бул кызматкерлер бир жерде туруп калууну жактырбайт, узак сүйлөшүүлөрдү жаман көрүшөт. Бирок, белгилей кетчү нерсе, парадокстук абалда да адамдар күндү тартышат. Бул адамдардын маанайы сүрөттөгүдөй кубанычтуу эмес. Аларга жылуулук, камкордук, көңүл буруу жетишпейт.Алар бекем достукту каалашат. Кеңеш катары айта кетчү жагдай: жакындарыңыздар менен бирге көбүрөөк убакыт болууга аракет кылыңыз. Досторуңуз менен кабарлашыңыз, киного же сейилдеп, кафеде отуруп келиңиздер. Ошондо күн сиздин баракта эле эмес, жан дүйнөңүздө да жарык болуп тийип турат.

Ар түрдүү геометриялык фигуралар

Квадрат, ромб, үч бурчтуктар максаты бекем, чечкиндүү адамдардын мүнөзү. Мындай фигураларды адатта өзүнүн оюн ачык билдирген адамдар тартышат. Алар акылдуу, логикалык ой-жүгүртүүсү өнүккөн, жетекчилик кызматтарды ээлей алышат. Душманынын алдында өзүнүн акылдуулугу менен абалдан чыгышат. Симметриялык фигураларды тарткандар тыкан, эсепчил, план менен гана иштешет. Ал эми фигуралардын бурчтарын курч кылып тарткан адамдар-агрессияга жакын. Булардын ашыкча тактыгы өзүн алсыздандырып коюшат.

Спираль, тегерек, толкундуу сызыктар

Башкалардын көйгөйү сизди көп ойлондурбайт, кызык деле эмес. Сиз аябай жабык жана сырдуу адамсыз. Башкалар сиздин ишиңизге киришүүсүн жаман көрөсүз. Мүмкүн сиз жеңил кризисте жүрөсүз. Азыр сиз ачык калган электр зымы сыяктуусуз. Ошондуктан, өзүңүздү колго алууга аракет кылыңыз, болбосо башкаларга зыяныңыз, ачуу сөзүңүз тийип калат.

Жылдыз

Жылдыз тарткан адамдардын натурасы оптимисттик. Кыйынчылыкка кабылса, колун түшүрбөй чечимди табуу жолун издейт жана табат. Ошондой эле алар башкалардын көңүлүн өздөрүнө бурулусуунун каалашат.

Адам фигурасы

Таякча башында тегерекче болуп тартылган адам фигураларды тарткан адам алсыздыкты, мазасыздыкты сезип, кандайдыр бир милдеттери аткарууну каалабайт. Эмоционалдык абалы туруксуз, баарын өзүнүн ичине катып эч кимге ачылгысы келбейт.

Жеке кол тамгалар

Эмнени тапса эле чекелерине кол тамгасын же жеке өзүн билдирген жазууларды чиймелеген адам натурасында менменсинген, даңкка умтулган, эгоист болушат. Алар дайыма айланасындагылардан өзүн жогору сезишет жана өзүмчүл болушат.

Жебе

Бул жашоодогу ориентациянын векторунун белгиси. Эгерде жебе жогору карап тартылса-башка адамдарга карата болгон ой, төмөнгө карай-өзүнө, солго-өткөндү эстөө, оңго карай тартылган жебе келечекке умтулууну билдирет.

Жаңыл Султанова, Эркиндик

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}