Чылымда катылган чындык

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча жыл сайын тамекинин кесепетинен 5,4 миллион киши көз жумат. Атың өчкөн бул көк түтүндүн ден соолукка болгон зыяны тууралуу, түтүн менен кошо кирген илдет тууралуу кеңири окуп билиңиз.

Тарыхы

Тамеки алгач дарылык каражат катары колдонулганы менен ал кийинчерээк ырахат алуу үчүн колдонулуп калды. Биринчи жапайы индей уруулары аң улоо үчүн колдонушкан. Анын жардамы менен жаныбарларды өлтүрүшкөн. Анткени бир куту тамеки- тамеки чекпеген кишини өлтүрө тургандай күчкө ээ. Ал эми тамеки тарткан кишини 2 куту уулап кое алат. 1 даана тамекиде 2,5 миллиграмм никотин бар.

Тамеки тартуу адат эмес, өнөкөт оору

Дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгү чылым тартат. Ал эми Кыргызстандын көрсөткүчүндө жумушка жарамдуу катмардын 40%, жаш өспүрүмдөрдүн 20% тамеки тартат. Бул көрсөткүч Кыргызстанда тамеки тарткандар көп дегенди түшүндүрөт. Анын кесепетинен пайда болгон оорулардын көрсөткүчү да көбөйүүдө. Алар өпкө, жүрөк-кан тамыр жана рак ооруларына чалдыгат. Такай тамеки тарткан киши 15-20 жыл өмүрүн кыскартат. Тамекинин курамында никотин болгондугу үчүн кишини көз карандылыкка алып келет. Анын негизинде ал адат эмес, өнөкөт оору болуп калат. Окумуштуулар далилдешкендей, тамекинин курамында 7 миңден ашык зыяндуу зат бар. Анын жыйырмасы уулуу заттар. Булар рак ооруларын алып келээри талашсыз.

1 даана тамеки да көз каранды кылат

Негизи тамекиге болгон көз карандуулук 1 даана чылымдан башталат. Эгер киши күн сайын бирден тамеки тартса, организми ага көнөт. Анткени андагы аммиак, ацетон, формальдегид, мышьяк тамакта өзгөртүүлөрдү пайда кылат. Андан өтүп дофамин деген рахат алуу гармонун козгоп, ал өзгөртүүлөр дофамин гармонун алуу үчүн тамекиге муктаждык жаратат. Бул көз карандылык кишинин организмине да жараша өзгөрөт. Айрымдар 1 жылда, айрымдар жарым жылда байланып калат.

Тамекини кантип таштоого болот?

Тамекини таштоонун эки жолу бар. Психологиялык жактан жардам берүү же медициналык жардам. Биринчиден тамекини таштоо үчүн кишиге эрк керек. Буга чейин жүргүзүлгөн иликтөөлөргө ылайык, чылым чеккендердин көбү анын зыяндуулугун этибарга ала беришпейт. Алар көбүнчө бир эле рак оорусуна алып келет дешет жана ал дарт алардан алыс деп ойлоп кайдыгерлик кылышат.

Тамекини өз эрки менен таштагандар 2% эле түзөт. Ал эми бир күндө 10 тамекиге чейин тарткан киши психологиялык жактан гана көз каранды болгондуктан, аны психологдун жардамы менен гана таштатууга болот. Бирок ондон ашкан учурда атайын дары-дармектердин (курамында никотин болгон) жардамы менен организмди тарбиялайт.

Тамекиге болгон көз карандылыкты жоюунун ыкмасы катары мыйзам менен бөгөт коюу жолу да колдонулуп келет. Маселен, коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салуу, акциз салыктарын көтөрүү, рекламага тыюу салуу.

Тамеки сизге эле эмес, жаныңыздагы кишиге да терс таасирин тийгизет

Активдүү тамеки тарткан киши тамекинин түтүнүнүн 20% тартса, пассивдүү тамеки тарткан киши 80% өпкөсүнө тартат. Ошондуктан, пассивдүү тамеки тарткан киши да өпкө ооруларына чалдыгып калышы толук ыктымал.

Маселен бир үй-бүлөдө ата-эне тамеки тартса биринчиден жаман үлгү болот, экинчиден пассивдүү тамеки тарткан киши катары түтүндүн 80% тартып алып, жаш өсүп келе жаткан баланын акыл эс тутумуна, өсүшүнө терс таасирин тийгизет.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}