Чыныгы энелик мээрим наристе тандабайт

-Алло, саламатсызбы, бул издөө бюросубу?- деген наристенин үнү угулду.

-Ооба, балакай. Бир нерсе жоготтуңбу?

-Мен апамды жоготтум.

-Апаң кандай эле?-Ал татынакай жана ак көңүл, боорукер болчу. Анан дагы ал таттууларды жасаганды жакшы көрчү, — деп наристенин үнү каргылданып, буулугуп ыйлап жиберди.

-Ыйлаба, балам, кечээ эле биз сенин апаңды тапканбыз. Сен кайдан чалып жатасың? -деди жооп берип жаткан аял.

-№3 балдар үйүнөн.

-Мына азыр, бир аздан соң апаң барат. Күт, -деди.

Бир аздан соң апасы Акылдын бөлмөсүнө таттууларын көтөрүп апасы кирип келди.
Баланын кубанычында чек жок эле, “АПА!”-деп кыйкырып кучагына асылды. Апасын болгон бар күчү менен бооруна кысып, ыйлап, апакелеп буйдалап сүйлөп жатты. «Апакем менин…!»

Акыл өзүнүн кыйкырыгынан өзү чочуп ойгонуп кетти. Мындай түштөр Акылга акыркы күндөрү көп кирчү болду. Жаздыгынын астына колун созуп, ал жактан бир кыздын сүрөтүн алып чыкты. Бул сүрөттү ал бир жыл мурун сейилдеп жүргөндө таап алган. Ошондон кийин ал сүрөттү такай жаздыгынын астына бастырып, сүрөттөгү кыздын өзүнүн апасы экенине бөркүндөй ишенип алган. Жан дүйнөсү аруу наристенин кыялындагы апасы ушул сүрөттөгү кыз. Уктаар маалда, ойгонсо да, балдар менен ойноп жүрүп оюна кылт этсе да чуркап келип, сүрөттү көрүп кайра кетет. Кээде сүрөт менен сүйлөшүп, ага болгон сагынычтуу сырын айтат.

Караңгы бөлмөдө Акылдын жүзүнө терезенин тушундагы айдын нуру чагылышып, жүзү нурданып, көзү илинип уйкуга кетти.

Таң аткан маалда балдар үйүнүн башчысы Жаңыл Исаева күнүгө балдар үйүндөгү тарбиялануучулардын ар биринин бөлмөсүнө кирет. Мээримге суусаган ар бир бала үчүн өзүн жоопкер сезип, энелик чыныгы мээримди бере албаса да алардын башынан сылап “Кутман таң!” деп айтуу балдар үчүн эң чоң кубаныч экенин ал жакшы билет. Акылдын бөлмөсүнө киргенде анын колунан жерге түшүп калган сүрөттү көрөт.

-Акылтай бул сүрөтттү кайдан алдың?

-Жолдон таап алдым.

-Бул ким?

-Менин апам, -деп бала жылмаят. Анан да ал сулуу жана ак көңүл. Таттууларды жасаганды жакшы көрөт, -деп кошумчалайт.

Балдар үйүнүн башчысы сүрөттөгү кызды дароо тааныды. Бул кыз биринчи жолу балдар үйүнө ыктыярчылар менен келген. Балким ошондо өзүнүн сүрөтүн түшүрүп алган. Ошондон бери ал кыз бала багып алуу үмүтү менен ар кандай уюмдарга, балдар үйүнө кайрылып жүрөт. Ал эми тааныштардын айтымы боюнча, ал кыздын бир кемчилиги турмушка чыкпаганында эле.

Өзүнүн бөлмөсүнө барып, жумуш менен алектенип жаткан учурда эшик кагылат. Ал эми келген кыз сүрөттөгү кыздын өзү эле. Кыздын аты Айдай экен. Бөлмөгө кирип бир топ документтерди үстөлдүн үстүнө коёт.

-Мына эми бардык документтерди чогулттум, -деп жаш кыздын көздөрү күлмүңдөп турду.

-Түшүнүктүү. Айдай, сиз кандай жоопкерчиликти алганы турганыңызды билесизби? Бала деген бул эки сааттык ойной турчу оюнчук эмес. Аны тарбиялоо, өзгөчө кам көрүү керек. Түшүнөсүзбү?

-Мен жоопкерчиликти билем, –деп терең дем алды. Мен бирөөгө абдан керек экенимди билип туруп тынч жашай албайм. Жаңыл Исаева көпкө ойлонуп:

-Макул, качан балдарды көргөндү каалайсыз?

-Мен аларды көрбөйм. Сиз каалаган кайсы гана бала болбосун алып кетем, -деди жүзүнө тик карап. Билесиз, чыныгы ата-эне баласын тандабайт. Алар алдын-ала балдарынын сулуу же түрү суук, ден-соолугу чың же оорулуу болуп төрөлөөрүн алдын-ала билишпейт. Алар балдарын кандай болсо, ошондой абалда сүйүшөт. Мен дагы чыныгы эне болгум келет, -дейт.

Мындай адамды биринчи жолу кезиктирген Жаңыл айым жылмайып, “Негизинен мен билем сиздин кимдин апасы болооруңузду. Анын аты Акыл, 5 жашта. Өзүнүн апасы төрөт үйүндө өз баласынан баш тарткан. Даяр болсоңуз мен баланы алып келем.

-Ооба, даярмын. Баламды көргөзүңүзчү.

Баланы алып келгенде “ Апа!” –деп кыйкырды Акыл. Кудум эле түшүндөгүдөй, апасынын моюнуна асылып эне баланын ортосунда бактылуу көз ирмемдер сүрүп жатты. Көптөн бери көрүшпөгөн эне-бала өңдүү жүз көрүшүп, кучакташып ыйлап жатышты. «Ыйлаба, балапаным, эми экөөбүз дайым биргебиз. Эми эч качан айрылбайбыз.»

Аялзаты үчүн эң баалуу нерсенин бири- бул наристе жытын жыттоо. Балага татыктуу тарбия берүү менен аны мээримге, боорукердикке бөлөө. Тилекке каршы коомубузда бирөөлөр балага зар болсо, дагы бирөөлөр бала баркын кор кылууда. Оюбуз далилдүү болушу үчүн баланы өстүрүүдөгү, багып алуудагы жоопкерчиликтен дагы баланы бул дүйнөгө алып келүү жоопкерчилиги миң эсе өйдө турарын ар бир адам эстен чыгарбаса.

Даярдаган: Жанара Каденова

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}