Даанышман ойлор

\»Жаштардан көп угасың: бирөөлөрдүн акылы менен жашагым келбейт, өзүмчө акыл ойлошум керек. Мен аларга айтаар элем: даяр акыл турса, аны ойлоп табам деп азап тартуунун кажети канча? Даяр нерсени ал да, сапарыңды ула. Адамзаттын күчү ушунда\» дейт орустун улуу жазуучусу Лев Толстой. Анын сыңары сиздин күнүмдүк көйгөйлөр менен алпурушкан күндөрүңүздүн биринде дал ушундай ойлор канат берип, жол көрсөтөт чыгар. Сизге аз да болсо багыт берсин, шыктандырсын деген үмүттө төмөндөгү кеменгер ойлорду жыйнадык.

Адамды жалаң гана аткарган ишинен эмес, умтулуусунан да баалаш керек.

ДЕМОКРИТ.
Айкөл жүрөк мухит сыңары. Ал эч качан тоңбойт.

Карл БЁРНЕ.
Акылдуу адам — кечиримдүү.

Адам МИЦКЕВИЧ.
Ар адамдын жүрөгүндө өз элинин кичинекей сүрөтү жүрөт.

Густав ФРЕЙТАГ.
Ата болуш — оңой. Атанын милдетин аткарыш кыйын.

Вильгельм БУШ.
Байлыгың — досуң эмес, досуң — байлыгың.

Иоанн СТОБЕЙ.
Балдарыңдан күткөн мамилени ата-энеңе өзүң жаса.

Джакомо ЛЕОПАРДИ.
Бийликке жеткен досуңдан ажырадым дей бер.

Генри АДАМС.
Билимдүүлүк — көп билгенде эмес, колдоно билгенде.

Адольф ДИСТЕРВЕТ.
Бирөөнүн сырын айтыш — чыккынчылык, өз сырыңды айтыш — макоолук.

ВОЛЬТЕР.
Гений — бир процент шык жана токсон тогуз процент аракет.

Томас ЭДИСОН.
Душмандан арылыш үчүн — аларды дос кылып тын.

ГЕНРИХ IV
Жакшы нерсе — дайыма сейрек.

Марк ЦИЦЕРОН.
Жаман дос — душмандын мыктысы.

Жан Батист МОЛЬЕР.
Жек көрүүнү жашырса болот, сүйүүнү жашырса болот, асты көңүл коштукту жашырыш кыйын.

Карл БЁРНЕ.
Жүздүн кызарганы — адам баласындагы касиеттердин эң мыктысы.

Чальз ДАРВИН.
Ичи жарык адамдын — жүзү да жарык.

Иоганн ШИЛЛЕР.
Карт дарак жакшы күйөт, картаң аттын жүрүшү тынч, эски китепти окуган кызык, эски шарапты ичсең — жагымдуу, эски досторуң — ишенимдүү.

Леонард РАЙТ.
Качкан душманга алтын көпүрө сал.

Публий СЦИПИОН.
Ким аз ойлонсо — көп жаңылат.

Леонардо да ВИНЧИ

.

Ким убада берсе — ал карыздар.

Фридрих ГАГЕДОРН.
Көп адамга бакыт тартуулаган адам — бактылуу.

Дени ДИДРО.
Курман болгондорго эңкейген адам — бардыгынан бийик.

Роберт ИНГЕРСОЛЛ.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Коом турмушундагы кескин өзгөрүүлөр жан дүйнөбүздү сандаган суроолорго кабылтып турган азыркы чакта кылымдардын кыйырын баскан акылман кептерден жооп издөөгө ар кимибиз аргасызбыз. Төмөндө тарых барактарында аты калган улуу инсандардын таамай айткан тассирдүү сөздөрү топтолду. (далее…)

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}