Дасторкон адеби

\»Киши жаманы кирип-чыкканча\» дейт кыргызда. Адамдын кандай экенин анын тамак иченинен, керек болсо бут кийимне карап эле баамдап койсоң болот. Көп учурда бул нерселерге анчейин маани бере бербейбиз. Бирок ар бир нерсенин адеби, тартиби бар. Маселен, дасторкон адеби…• Тамактанарда колуңду жууганды унутпа.

• Дасторкон четине улуу кишилер жайланышкандан кийин гана орун ал. Отурганда ар жакты кылчактап карай бербе.

• Таянып отурба.

• Жей турган тамагыңды тарелкага чактап салып ал. Баарын салып алба, анткени сенден башкалар да андан ооз тийиши керек.

• «Мага бул бөлүгү жакты, чоң экен, ошону алам» деп тандаба. Кайсы бөлүк сага жакын болсо, ошонусун ал.

• Тамакты шашылбай же.

• Чайнап жатканда сүйлөбө.

• Оозуңдагыны жутуп, анан сүйлө.

• Тамактанып жатып, тамактын кемчилигин: \»тузу кем экен\» же \»жакшы бышпай калыптыр\» деген сыяктуу сындарды айтпа. Антип айтуу менен кожойкени ыңгайсыз абалга калтырасың. \»Тамак аябай даамдуу болуптур\» деп унчукпай тамактана бер.

• Чайды, суусундуктарды шорулдатып ичпе.

• Эгер колуңдагы кашык, айрыны жерге түшүрүп алсаң кечирим сурап, тазасын сура. Анан да эмнеге түшүрүп алганыңды айтып актанба.

• Тамакты жеп болгон соң оозуңду колуң же жеңиңдин учу менен аарчыбай, кол аарчыны пайдалан.

• Дасторкондон турарда бата кылып, үй ээсине рахмат айтууну унутпа.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}