Дүлөй кошуна

Кулагы өтө начар уккан адам бир күнү коңшусунун ооруп калганын билип калат. Анын акыбалын суроого камынып, бул кулак менен коңшумдун сөзүн уга албайм. Андыктан өзүмчө дайынданып алайын деп ойлойт:

\»Менин сүйүктүү досум кандайсың?\» дейм, ал да албетте жакшы дейт. Мен Кудайга шүгүр абдан жакшы дегенден соң, эмне ичтиң деп сурайм, коңшум кайнатма деп жооп берсе керек. Аш болсун дейм. Анан кайсы дарыгер келип атат деп сурайм. Ал дагы бирин айтат, мен абдан жакшы, колу жеңил, адистигин жакшы билет. Кимди дарыласа да ишин так аткарат дейм. Ушул суроо-жоопторду жаттап алып коңшусуна жөнөйт. Коңшусуна барып:— Сүйүктүү досум кандай болуп калдың? деп сурайт.
Коңшусу араң жаны менен:

— Өлүп баратам дейт.

Эч нерседен кабары жок дүлөй коңшу абдан жакшы дейт. Муну уккан коңшусу жинденип, эмне деген кошунам бар, адамдын жамандыгын ойлогон деп ичинен сүйлөнөт. Аңгыча, дүлөй коңшу: “эмне ичтиң” деп сурайт.

Оорулуу жини келип: Уу ичтим! дейт.

Баары жайында кетип атат деген ой менен дүлөй коңшу:

\»Aш болсун\» деп айтат. Муну уккан коңшусу ачууланат. Бирок, көп сүйлөй албайт.
Унчукпай калганын байкаган коңшу, кайсыл дарыгер келип атат? дейт.

Aчуусу мурдуна келип калган коңшусу: Ары барчы эми, ким келмек эле Азраил келип атат! дейт. Дүлөй коңшу жай баракат: \»Аа, ал абдан жакшы дарыгер, демек капаланганды коюп сүйүнө бер, жакында ишин ийгиликтүү бүтүрөт\» дейт.

Оорулуу коңшусунун үмүтү үзүлүп, бул адам менин душманым экенин эмдигиче билбепмин деп кала берет. Дүлөй коңшу болсо, милдетимден кутулдум деп сүйүнө артка кайтат.

Туура деп билген амалыбыздын акыйкатын үйрөнгөнчө кылууга шашылбайлы.
Досторубузду душманга айлантып алышыбыз мүмкүн.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}