Дүнүйө

Бир күнү жаш жигит чырайлуу кызды көрүп калып, издеп жүргөн ашыгын тапканына ынанып, ага үйлөнүүгө бүтүм чыгарат. Үйүнө келип, атасына ал тууралуу айтат.Атасы: “Албетте уулум, анын колун сурап баралы. Макул болсо ага үйлөнөсүң”-деп жооп бериптир.

Жолукчу күндү болжоп, жуучулукка барган ата-бала кыз менен, кыздын үй бүлөсү, ата-энеси менен жолугушат. Уулун ээрчитип жуучулукка келген атасы, улунун бул кызга татыксыз экенин айтып, ал кызга өзүм үйлөнөм деп чечип: “Бул кыз көптү көргөн, кадырына жете ала турган инсанга ылайык\»,-дейт.
Атасынын бул сөзүнө таңыркаган уулу кызды талашып, акыры казыга келишет.

Маселени тыңдаган казы, сөз болуп жаткан кызды, казы мекемесине чакыртат. Анын сулуулугун көргөндө акылын жоготуп, тигил экөөнү мекемеден айдап чыгат. \»Бул кыз силерге окшогон акмактар үчүн эмес, мага окшогон этибарлуу адам үчүн жаратылган\»-дейт. Тиги экөө да жөн калбай, вазирге жардам сурап кайрылышат.

Вазир да кызды бир көргөндө ашык болуп, тигил үчөөнү бирдей жазага тартып, сулууну өзү алмай болот. \»Бул, ай чырайлуу аял заты бир гана вазир менен жашоого татыктуу\»-деп айтат. Бирок, бул кабарды падышанын уулу угуп калып, вазирди кошуп жазага тартат. \»Мындай кыздар бир гана ханзаада үчүн жаралган Кудайдын белеги\»-дейт. Талаш-тартыштарды карап турган тиги кыз буларды шылдыңдап күлөт. \»Кимге турмушка чыгууга өзүм чечим чыгарам. Менин шартым бирөө гана: “Менин артымдан ким кубалап жетсе, ошого турмушка чыгам”-дейт.

Баарына бул сунуш жагып, бешөө ач карышкырдай кыздын артынан түшөт. Көп өтпөй бирин-бири тебелеп-тепсеп бараткандар ороого түшүп кетет. Ошондо тиги кыз ороонун үстүнө келип аларга карап: \»Менин ким экенимди сурабай артымдан жүгүрдүңөр. Менин атым дүнүйө! Мага жетүү үчүн атасы уулун, уулу атасын өлтүрүүгө, деги эле адамдар мага жетүү үчүн бардык нерсеге даяр экен. Бирок, акыбети силердин абалыңардан ары өтпөйт. Мен болсо адамдарды сыноону уланта берем деп кете берген экен.

Талгат Мураталиев

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}