Дос

Чеченстандагы согуштун эң кандуу күндөрүндө досума ок тийгенин көрдүм. Душмандын огу жамгырдай жаап жаткан эле. Аскер жетекчисине чуркап барып:

— Kомандир, жүгүрүп барып досумду алып келейинчи?,- деди.— Жинди болдуңбу? Көп ок жептир, эмдигиче өлүп деле калды. Өзүңдүн өмүрүңдү да коркунучка салба, сени да жоготууну каалабайм,- деп жооп берди. Аскер айтканынан кайтпай туруп алат. Командири акыры макул болуп, анда биз сени коруйбуз, жөнө дейт. Аскер жамгырдай жааган октун каршысында, досуна жетип барат. Аны жонуна көтөрүп, кайтып келет. Командир кан ичинде жаткан аскерди көрүп, досуна кайрылат:

— Көп ок жептир… Сага өмүрүңдү коркунучка салууга татыксыз иш дедим эле.

— Татыктуу иш болду, анткени жанына барганымда көз жума элек болчу жана досумдун акыркы сөзүн угуу мен үчүн бул дүйнөдөн артык. Ал акыркы сөзүн “келээриңди билгем досум, келээриңди билгем деп бүтүрдү”,- деп көз жашын агызды…

Сүйүү менен эмгек бирге жүргөн иш эч качан татыксыз натыйжага алып барбайт

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}