Дүйнөнү дүңгүрөткөн Нобель сыйлыгы

Жер шарындагы бүткүл адамзаты таанып-билген дүйнөлүк сыйлыктар саналуу гана. Атагы таш жарган сыйлыкка жетүүгө умтулган, кыялданган окумуштуулар, жаратмандар, саясатчылар, искусство өкүлдөрү миллиондоп саналат. Бул жолу окурмандарга дүйнө дүңгүрөткөн сыйлыктын түзүлүү тарыхы тууралуу азыноолок маалымат бере кетүүнү туура таптык. Нобель сыйлыгы – эл аралык эң абройлуу сыйлыктардын бири. Ал илимий ачылыш жасаган, маданиятка жана коомго ири салым кошкон адамдарга ыйгарылат. Жыл сайын октябрь айында тандоо жүргүзүлүп, 10-декабрь күнү сыйлыкты тапшыруу аземи өтөт. Сыйлыкка ээ болгон адамдар Нобель Альфреддин сүрөтү түшүрүлгөн алтын медаль, диплом жана акчалай сыйлык алышат. Нобель сыйлыгынын бүгүнкү күндөгү бюджети 10 миллион швед кронунан турат. Башкача айтканда, 1,05 евро же 1,5 миллион долларга барабар.

Орто билими жок Альфред Нобель

Нобель сыйлыгын швейцариялык инженер-химик Альфред Бернхард Нобель негиздеп, аны өзүнүн атынан атаган. Альфреддин атасы Крым согушунун учурунда Орусияга курал-жарактарын сатып байыган. Альфред Нобель өтө таланттуу экендигине карабай орто билимге дагы ээ болгон эмес. 1849-жылы Альфредди атасы Европа жана Америкага эки жылдык саякатка жиберет. Көбүнесе Парижде жашап, курал-жарак өндүрүү технологиясы менен жакындан таанышып келип атасынын ишин улантат. Бир тууган иниси бомбаны жардырып сынап көрүү маалында көз жумат, атасы ошондон кийин узакка созулган оорунун айынан көз жумат да, бардык мүлкү Альфредге калат.

Бирок Альфред пессимисттик ойлорду таануучу жана жаратуучу болгон. Ал дарыканада иштеген сулууга ашык болуп жүргөндө сүйгөн бийкечи көз жумат. Ошондон кийин эч бир айымга назары түшпөй, балалуу дагы болгон эмес экен.

“Өлүм сатуучулар” аталган Альфреддин керээзи

1889-жылы Альфредди бир журналист көз жумган инисине алмаштырып «өлүм сатуучулар» деп атаган. Бул сөз ага катуу тийип өзүнүн артында эл баалай турган бир нерсе калтырууну ойлонот. 1895-жылы: «Мен көз жумгандан кийин менин болгон акчалай мүлкүм адамзат жашоосуна пайда алып келүүчү фонд түзүлүп, ошол жакка которулсун. Менин негизги каалоом — сыйлыкты алуучулар улутуна, мамлекетине карабай тандалуусу шарт», — деген. Бул билдирүүдөн кийин опол тоодой чыр-чатак чыгат. Германия, Орусия, Франция, Финляндия, Италия жана Англиядагы заводдору үчүн сот иштери уланат. Бардык чыр-чатакка карабай Нобель каза болгондон кийин төрт жылдан соң жазып, тапшырып кеткен фонд түзүлөт. 1901-жылдын 10-декабрында Нобель сыйлыгынын биринчи сыйлык ээлери аныкталат. Сыйлыктын биринчи лауреаты швейцариялык “Кызыл Ай” коомунун негиздөөчүсү Анри Дюнан жана франциялык Фредерик Пасси Франциянын тынчтыгы үчүн күрөшүү кыймылын түзгөндүгү үчүн алган.

2013-жылга чейин дүйнө сыйлыгы боюнча Нобель сыйлыгын алгандар

Эркектер 85%
Аялдар 15%
Уюмдар 22%

Математиктер эмнеге бул сыйлыкты алышпайт?

Альфреддин керээзи боюнча, физика, химия, физиология жана медицина, адабият, экономика, дүйнөнү сактоо тармактары боюнча мыкты делген адистер бул сыйлыкка ээ боло алышмак. Бирок эмнегедир “илимдердин төрөсү” делген математика илиминин адистери бул сыйлыкты алууга мүмкүндүк алган эмес. Алгач Нобель тизмеге математиктерди киргизген, бирок кийинчерээк чийип таштаган. Анын себеби эч кимге белгилүү эмес. Айрым булактарга таянсак, ошол доордун мыкты математиги Миттаг-Леффлерди сурана бергендиги үчүн жаман көргөн дешет. Ал эми кээ бир булактарда Альфред Софья Ковалевская деген сулууга ашык болуп, бирок анын жүрөгүн Миттаг багынтып кеткен дешет. Бир гана Миттаг-Леффлерге болгон жек көрүүсү Нобель сыйлыгын алуучу башка математиктердин тагдырына балта чапкан.

Нобель сыйлыгы тууралуу кызыктуу фактылар:
1. Альфред өзүнүн керээзинде экономика илимине кошкон зор салымы үчүн алгачкылардан болуп швециялык банкты сыйлоо көрсөтүлгөн. Бирок ал 1969-жылы гана ишке ашкан.
2. Англиялык Поль Дирак 1933-жылы Нобель сыйлыгына көрсөтүлсө, ал жарнама болууну жаман көргөндүктөн баш тарткан. Бирок ал чечими сенсация жаратып ого бетер жарнама болуп кеткен.
3. Нобель сыйлыгын алуучулардын арасында аялдар өтө эле аз. Бул сыйлыкка эки жолу татыктуу болгон Мария Кюри болгон. 1903-жылы физика илими боюнча алса, 1911-жылы химиялык элементтердин ачылышы үчүн алган. Болгону 44 жолу гана аялдар сыйлыкка көрсөтүлгөн.
4. Илимдеги жетишкендиги үчүн АКШ ар дайым биринчи орунда болуп келет. Экинчи орунда немистер, үчүнчү орунда англичандар, төртүнчү кезекте француздар келе жатат.
5. Айтылуу Сталин, Гитлер, Тереза эне, Рузвельттер бул сыйлыктын ээлери аталышкан.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}