“Дүйнө кезип алган билимимди жаштарга үйрөтүүдөмүн”

Саясатты бетине кармап өнүккөн чет өлкөлөргө кире качкан айрым мекендештерибизди байкап, көрүп эле жүрөбүз. Бирок мындайлардан айырмаланып, ошол өнүккөн өлкөлөрдө билим алып, маданиятын өздөштүрүп, бардык шарты түзүлгөн чет жерде калып калууга ыңгайы келип турса да, келечегин мекенине байлап, кайтып келип эл ичинде эмгектенип жаткан эр-азаматтарыбыз да бар. Ушундай мекендешибиздин бири Эмил Өмүрзак уулу. Ал күн чыгыш өлкөсү атыккан Жапонияда билим алып, болгондо да замандын талабына ылайык келген нанотехнология боюнча илим жактап, 26 илимий макаласын эл аралык абройлуу журналдарга жарыялаганга жетишкен. Мекендешибиз азыркы күндө мекенине кайтып келип, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде келечектин туткасы болгон жаш муунга илим үйрөтүп, эл кызматында.

Ааламга жол айылдан…

Мен өзүм Ош облусунун Ноокат районунун Шаңк-Кол айылынын кулуну болом. Балалыгым да ошол айылда өттү. Мектепке да ошол өзүм туулуп өскөн айылымдагы Шаңк-Кол орто мектебине бардым, 7-класска чейин ошол мектепте билим алып, андан соң ошол эле Ноокат районундагы Кара-Таш айылында лицей ачылып калып, андан аркы билимимди ошол лицейде улантуу бактысына туш болдум. Менин бактыма ал лицей физика-математика багытында тереңдетип билим берген, ошол учурдагы Кыргызстандагы алдыңкы лицей болчу десем жаңылбайм. Илимге болгон кызыгуум, ынтызарлыгым да дал ошол окуучулук күндөрүмдө башталды, ал учурдагы агай-эжейлердин окуучуга болгон мамилеси такыр башка эле. Менин минтип илимдин аркасынан түшүп, илимде аздыр-көптүр ийгиликке жетип жатканыма ата-энемдин, агайларымдын, эжейлеримдин эмгеги чоң. Атам ѳзү да мектепте (физика сабагынан) мугалим болгондуктан бизди окууга шыктандырып, терең билим алуубузга дайыма далалат кылчу. Лицейге да ѳзү жетелеп барып киргизген. Илимге болгон изги жолго из салып, башатын баштап берген устаттарыма чексиз рахмат. Окумуштуу Өмүрзак Мамаюсупов жетекчилик кылып уюштурган “Ноокат Билимканасын” бүтүргөн” деген атты алып жүрүү мен үчүн ары сыймык, ары бакыт.

“Ноокат билимканасынын” окуучулары райондук, кийин областтык жана республикалык олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарга ээ болдук. Мисалы, областтан физика жана математика боюнча биздин мектеп байгелүү орундарды берчү эмес. 1993 жана 1994-жылдары мен физика боюнча областтык олимпиададан 1 орунду алгам. Ал эми 1994-жылы республикалык физика боюнча олимпиадада 2-орунга ээ болдум. Бул ийгиликтеримде, албетте, менин мугалимдеримдин эмгегин айтпай коюуга болбойт.

Лицейди аяктаган соң, 1994-жылы КУУнун Физика жана электроника факультетине тапшырдым. Университетте окуп жүргөндө курстук иштерим, андан кийинки дипломдук ишим “Тышкы факторлордун электроникалык компоненттерге тийгизген таасири” деген темада болду. Андан кийинки изилдөөлөрүм да ушуга окшош эле темалардын айланасында жүрдү. Университетти ийгиликтүү аяктаган соң, Илимдер Академиясынын, Физика институтунун, Плазма технологиясы лабораториясына жумушка кирдим. Андан кийин, Илимдер Академиясынын Президиумунда эл аралык илимий кызматташууну күчѳтүү боюнча иштеп калдым. Ошол эле учурда, Химия жана химия технологиясы институтунун Нанотехнология лабораториясына (хим.илим.доктор) Саадат Сулайманкулованын жетекчилиги астында “суяютук ичиндеги плазма процесси менен наноматериалдарды синтездѳѳ жана аларды изилдѳѳ” темасында аспирантуралык ишимди жактадым. Ушул лаборатория менин илимге андан ары сүңгүп кирүүмө себепчи болду. Ошентип, тагдыр буюруп 2004-жылы, күн чыгыш өлкөсү аталган Жапонияда окуп калдым. Жапонияда Кумамото университетинде плазма технологиясы боюнча изилдөөлөрүмдү уланттым. Ал жерде менин илимий жетекчим жапон улутундагы проф. Цитому Машимо болду. Ал агайга менин терең ыраазычылыгымды билдирем. Азыр да тыгыз байланышыбызды улантып, жаштарды Кумамото Университетине окууга жѳнѳтүү боюнча аракеттенип жатабыз.

“Дүйнө кезип алган билимимди жаштарга үйрөтүүдөмүн”

Плазма, нанотехнология деген эмне?

Плазма бул заттын төртүнчү абалы (суюк, газ, катуу, плазма). Мисалы, кадимки эле от, чагылган, керек болсо, күн да плазма абалында. Менин изилдөөлөрүм, лабораториялык шартта “миниатурдук чагылганды” колдонуу менен кызыктуу наноматериалдарды алууга арналган. “Миниатурдук чагылган” деп диэлектрикалык чѳйрѳдѳгү эки электроддун ортосунда пайда болгон электр разрядын элестетсеңиз болот. Көздөгөн максатыма жетип, кѳптѳгѳн кызыктуу жана башка методдор менен алуу ѳтѳ кыйын болгон наноматериалдарды оңой, эффективдүү жана экологиялык жактан таза жол менен ала алдым. Албетте, табиятта кездешкен чагылгандын өзүндөй кубаттуулукка ээ эмес. Табиятта, чагылган жүз миллиондогон Вольт кубаттуулукта кездешет. Ал эми лабораторияда алынган “чагылган” 50 же 100 В чыңалуудан пайда болот. Кубаттуулугу төмөн болгону менен температурасы өтө жогору, 10 миң Кельвинге чейин жетет. Айтканга оңой сезилгени менен бул өтө оор процесс. Лабораториялык шартта эки металлдын ортосунда разряд жүргүзсөк, разряд жүргүзгөн учурда пайда болгон нерсе же ошол разряддын өзү плазма. Мисалы: титан менен суунун ичинде разряд жүргүзсөк, титандын оксиди пайда болот. Окурмандарда бул изилдөөлөрдүн күнүмдүк турмушка тийгизген пайдасы эмне деген суроо пайда болушу мүмкүн. Жалпак тилге салып түшүндүргөндө, ушул эле титандын оксиди фото каталиттик касиетке ээ болгондугу үчүн, абаны тазалоодо колдонулат. Кадимки эле заманбап кондиционерлердин аба тазалаган жеринде, сырттан келген же бѳлмѳнүн ичиндеги абаны тазалап, бизге таза аба берүүчү кызматты аткарат. Бул бир жагы, экинчи бир артыкчылыгы — асман тиреген имараттардын айнектерин тазалап, жуу өтө кыйын. А бирок биз ошол айнекке титанды оксидин жука өлчөмдө каптап коё турган болсок, ал айнек өзүнөн өзү тазаланып туруучу касиетке ээ болуп калат.

Эл аралык илимий басылмаларда

Менин макалаларым эл аралык журналдарга жарыяланып жүрөт. Бул мен үчүн сыймык. Себеби, андай эл аралык журналдарды дүйнөдөгү мен-мен деген илимпоздор, академик, профессорлор окуйт. Ошол эле учурда андай журналдардын бетинен өз макалаңды көрүү оңой эмес. Эл аралык деңгээлдеги илимий журналдар илимдин ар кыл тармагын бөлүп алышкан, айрымдары химия, биология багытындагы макалаларды жарыяласа, кээ бири физика тармагында. Менин эмгектерим ушул физика тармагын, анын ичинде нанотехнология жана плазма технологиясы багытындагы илимий макалаларды жарыялаган, эл аралык аброю бийик деп саналган бир канча журналдарда жарык көрдү. Андан тышкары да Орто Азияда мыкты деп бааланган журналдарга жарыяланып жүрөт. Жалпысынан, эл аралык мартабасы бийик журналдарга 26 эмгегим жарык көрдү. Маселен, “Journal of Physical Chemistry C, “Carbon”, “Nanaotechnology”, “Journal of Nanosciense and Nanaotechnology”, “Journal of Applied Physics” , сындуу журналдарда бир канча жолу жарыяланды. Мындай журналдарды дүйнөнүн төрт бурчундагы илимпоздордун баары окуйт. Албетте, бул мен укмушмун дегендикти билдирбейт деңизчи, ошентсе да изилдөөлөрүм, аз да болсо илимге кошкон салымым эл аралык журналдарда орун алууга татыктуу дегенди билдирсе керек. Андан тышкары түрк боордоштордун “TÜBİTAK” (Түркия-илим жана технологиялык изилдөө бирлиги) уюму чыгарган “Turkish Journal of Physics” журналынын редакциялык коллегиясынын мүчөсүмүн.

“Дүйнө кезип алган билимимди жаштарга үйрөтүүдөмүн”

Азаматтын бактысы Ата-журтунда

Чет жерде 10 жылдан ашык жашаган адамга ал жерде калып калуу оңой эле. Мен да Жапонияда 10 жылга чукул билим алдым, ал жерге калып калсам да болмок. Нары, Жапонияда 10 жыл жашаган адамга атуулдукту алуу кеп деле эмес. Анын үстүнө ал жерде баардык шарттар каралган. Бирок, туулуп өсүп, абасынан дем алып, суусун ичкен мекениңе эч нерсе жетпейт экен. Мени да мекендин алтын топурагы өзүнө тартып туруп алды. Өзгөчө апам жапкан нандын даамы коё бербеди окшойт. Акчаны дүйнөнүн каалаган бурчунан тапсаң болот. Ал эми мекенди эч жерден таппайсың, мекен бирөө эле. Ал-сенин туулуп өскөн жериң. Балалыгымда жылаңайлак чуркаган топуракты кантип, океандын ары жагына алмаштырам? Мен мекеним үчүн, мекенимдин жаркын келечеги үчүн билим алдым. Эми ошол дүйнө кезип алган билимимди өз өлкөмдө жаштарга үйрөтүп жатам. Бул өлкөмдүн өнүгүшү үчүн кошкон азын-оолак салымым деп ойлойм. Анын үстүнө башка жерден тапкан табылгаң бакыт да, байлык да болуп бербейт. Азаматтын бакыты ата-журтунда.

“Дүйнө кезип алган билимимди жаштарга үйрөтүүдөмүн”

Атаандаштык той өткөрүүдө эмес, илимде болсо

Чет жерде жүрүп келген кишиге Кыргызстандагы айрым көрүнүштөр, кээ бир салттарыбыз көзгө өөн учурап калат экен. Маселен, кыргыздар болгон дүнүйөбүздү чачып той берет экенбиз. Аныбыз ас келгенсип, бири-бирибизге атаандашып, андан да мыкты той берем деп куру намыска жетелене берет экенбиз. Мунун кереги деле жок. Ѳлкѳбүз экономикалык катаалчылыктан чыга албай турса, биздин дүркүрөтүп той берип, акчабызды асманга чачканыбыз акылга сыярлык иш болбойт. Андай тойду өнүккөн Америкада да бербейт. Ѳтѳ байып кеткен учурда да биз үнѳмдѳшүбүз керек. Тескерисинче, ошол атаандашууну илимге, билимге бурсак, өлкөбүз тез эле өнүкмөк. Кыргызстандык жаштарыбыз чет өлкөлөрдө билим алып жүрөт, ошолорду өз мекенине чакырып, алган билимин пайдаланышыбыз керек эле. Чет жерде билим алган жаштар өлкө үчүн эң кымбат инвестиция, тирүү ресурс. Ошол жаштарга шарт түзүп берип, илимди өнүктүрүшүбүз керек. Өлкө жаштарга кудум Америкадагыдай айлык төлөп, Европадагыдай үй берип шарт түзбөй эле койсун. Түзгөн күндө деле биздин өлкөнүн чама-чаркы ага чак келбейт. Бирок, ошол чет жерде каралган шарттын ондон бирин гана карап берсе, анда жаштар кубанып келип иштеп бермек. Биз аны да кылбай жатпайбызбы. Атүгүл бут тоскондой мамиле болуп жатат. Бир эле мисал, эл аралык деп саналган PhD илимий даража биздин өлкөдө таанылбайт. А бирок, бардык ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдѳ бул илимий даража колдонулуп жүрөт жана эч кыйынчылыксыз таанылат. Биздин өлкө да PhD илимий даражысын автоматтык түрдѳ таанып койсо, биздин чет өлкөдө окуп, чет жерде илим жактаган жаштарыбызга чоң жардам болмок. PhD даражаңды колго алып Америкага, Европага же башка ѳнүккѳн ѳлкѳгѳ барсаң аттестациядан же нострификациядан ѳт деп кыйнабайт. Дипломуңдүн копиясын алат да, автоматтык түрдѳ тааныйт, тиешелүү жумуш берет. Таланттуу илимпоз жаштарыбыз Кыргызстанга кайтып келип алган илимий даражасы менен ишке орношуп, илимий ишин улантып кетүүсү үчүн эң алгач ушул маселени оң жолго чечип алуубуз зарыл.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}