Дүйнөдөгү эң кичинекей өлкөлөр

Дүйнөлүк саясий картаны карасак, расмий түрдө 250 жакын көз карандысыз өлкөлөр бар. Алардын арасында эл аралык салмакка ээ болгон ири державалар, чоң аймактары же калкынын саны менен айырмалангандар турат. Дөө-шаа өлкөлөрдүн жанында сөзсүз түрдө кичине өлкөлөр толтура. Алар бир шаардын аймагындай болгону менен маанилүү роль ойношот. Эмесе алардын кээ бирлерин санап өтөлү:1. Ватикан
Негизги тили: Италиянча
Башкаруу формасы: Толук теократиялык монархия
Рим Папасы: Франциск
Калктын саны: 930 киши
Жер өлчөмү: 0,44 кв. км
Ватикан – дүйнөнүн эң кичинекей өлкөсү. Бул шаар тибиндеги мамлекет Римдин ичинде жайгашкан. Ал Рим-католик чиркөөсүнүн жогорку резиденциясы катарында саналат. Ватикан коммерциялык эмес экономикага ээ. Ватиканда мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги кардиналдардын кеңеши тарабынан түбөлүк шайланган Рим папасына таандык. Дүйнөдөгү тынчтыкты сактоодо бул өлкө өтө чоң ролду ойноп келет.

2. Монако
Негизги тили: Французча
Борбор шаары: Монако
Калктын саны: 36 000 киши.
Жер өлчөмү: 2 кв.км
Тизменин экинчи кезегинде эң кичинекей саналган Монако хандыгы турат. Бул өлкөнү баардыгы Монте-Карло шаары жана атактуу кумарканалары менен билишет. Францияга жакын жайланышкан. Мындан тышкары спорт күйөрмандары Формула-1 автожарышын уюштуруучусу катары дагы таанышат. Мамлекеттик кирешенин булагы туризм менен кошо курулуш жана кыймылсыз мүлк сатуу аркылуу толуп турат. Айрыкча эң төмөнкү салык төлөмдөрү,банк сырларын сактоо кепилдиги менен дагы белгилүү. Монако дүйнөдөгү аскери эң аз өлкө саналат.

3. Науру
Негизги тили: Англисче
Борбор шаары: Жок
Калктын саны: 310 000 киши.
Жер өлчөмү: 21 кв.км
Науру Мамлекети Европадагы эң кичине жана дүйнөдөгү үчүнчү кезектеги майда өлкө саналат. Бул өлкөнүн борбор шаары жок ушунусу менен уникалдуу саналат. Аралдын аба-ырайы өтө ысык бирок нымдуу. Айрыкча өлкөдө таза суу таңкыстыгы бар. Казынаны толтурууда негизги булак фосфорит өндүрүү болуп эсептелет. Кээ бир маалыматтарга караганда бул баалуу минерал 2010-жылга чейин жетишээри айтылган. Бир жагынан фосфоритти иштетүү менен геология жана аралдын экосистемасына чоң зыян келтирилген. Анын натыйжасында туризм дагы өнүкпөй калган.

4.Тувалу
Негизги тили: Англисче
Борбор шаары: Фунафути
Калктын саны: 11,2 000 киши.
Жер өлчөмү: 26 кв.км
Тувалу мамлекети алкакка окшош жалпак коралл аралдары топтолгон тынч океанда жайгашкан. Бул тропикалык өлкөнүн климаты жамгырдуу. Аралда ар кандай табигый апааттар болуп турат. Ошондуктан өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү жарды келет. Негизги жаныбарлар чочко,камань,мышык,иттер ал эми өсүмдүктөрдөн кокос пальмасы,банан жана нан дарактары көбүрөөк өсөт. Тувалунун экономикасын океан жээгиндеги башка өлкөлөр сыяктуу айыл-чарбасы жана балыкчылык сектору көтөруп турат. Мындан тышкары Тувалу өлкөсү дүйнөдөгү эң кедей өлкөлөрдүн катарына кирет.

5. Сан-Марино
Негизги тили: Италиянча
Борбор шаары: Сан-Марино
Калктын саны: 32 000 киши.
Жер өлчөмү: 61 кв. км
Сан-Марино мамлекети Европанын түштүк бөлүгүндө Италия менен чектешип жайгашкан. Сан-Марино дүйнөнүн кичине өлкөсү гана эмес Европанын эң байыркы өлкөсү катары саналат.(б.з.ч 3 кылымда түзүлгөн) Бул өлкө тоолуу аймакта жайгашкан, 80% Монте-Титано тоолорунун батыш тарабында орун алган. Байыркы имараттар жана Монте-Титано бийик тоосу баш болуп ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Экономиканын негизин туризм жана тейлөө тармагы ээлеп, ички дүң өнүмдүн 34 % түзөт.

6. Лихтенштейн
Негизги тили: Немисче
Борбор шаары: Вадуц
Калктын саны: 36,8 000 киши.
Жер өлчөмү: 160 кв. км
Бул мамлекет чаккан аймакты ээлегени менен өтө кооз. Бийик тоолуу көркөм пейзажы бар. Альпы тоолорунда жайгашкан өлкөдө Европанын эң чоң дарыясы – Рейн агып өтөт. Лихтенштейн падышалыгы – технологиялык жактан өтө өнүккөн өлкө. Мындан тышкары жогору деңгээлдеги банк кызматтары менен дүйнөнүн финансылык борбору болуп саналат. Ички дүң өнүмү киши башына салыштырмалуу дүйнөдө Катардан кийин гана экинчи орунга туура келип 141 000 миң долларды түзөт. Бул өлкө кичине болсо дагы дүйнөлүк саясат жана экономикада маанилүү рол ойной тургандыгын тастыктады.

7.Сент-Китс жана Невис
Негизги тили: Англисче
Борбор шаары: Бастер
Калктын саны: 49,8 000 киши.
Жер өлчөмү: 261 кв. км
Сент-Китс жана Невис – Федерациясы Кариб деңизинин чыгышындагы окшош аталыштагы аралда жайгашкан. Аймактын өлчөмү жана калктын санына караганда – бул мамлекет батыш жарым шаарындагы эң кичинекей өлкө болуп саналат. Климаты болсо тропиктик. Ошого жараша аралда өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлар дүйнөсү бай. Казынага негизги төлөмдөрдүн көпчүлүгү туризмден түшөт. Айыл-чарбасы начар өнүккөн.Негизинен шекер тросниги өстүрүлөт. Айыл чарбасын модернизация кылуу үчүн өлкөдө \»Инвестиция үчүн жарандык\» программасы ишке ашырылууда. Ал үчүн 250ден 450 чейинки АКШ долларын төлөө керек.

8. Мальдив аралдары
Негизги тили: Мальдивче
Борбор шаары: Мале
Калктын саны: 393 000 киши.
Жер өлчөмү: 298 кв. км
Мальдив мамлекети Индия океанынын жээгиндеги майда-майда 1000 жакын аралдардан турган өлкө. Бул жер дүйнөнүн эң кооз курорттук аймагы болуп саналат. Негизги киреше балыкчылык чарбасынан башка тейлөө тармагынан түшүп турат. Ажайып кооз жерлердин баардыгы эс алуу үчүн даярдалган. Миң түркүн жаныбарлар арасында кооптуулары дагы жолугат.

9. Маршал аралдары
Негизги тили: Англисче
Борбор шаары: Маджуро
Калктын саны: 53,1 000 киши.
Жер өлчөмү: 181 кв. км
Тынч океандын жээгиндеги дагы бир эң кичинекей мамлекет Маршал аралдары болуп саналат.Өлкөдө 5 арал кирет. Аба-ырайы ар түрдүү. Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү адамдар тарабынан өзгөртүлгөн. Экономика секторунун негизги багыты тейлөө тармагы камсыздайт. Ал эми айыл-чарбасы өндүргөн азыктар өлкө ичине гана жетет. Өтө начар инфраструктуранын натыйжасында транспорт жана туризм тармагы жаңыдан өнүгүү баскычында турат.

10. Гренада
Негизги тили: Англисче
Борбор шаары: Сент-Джорджес
Калктын саны: 89,502 киши.
Жер өлчөмү: 344 кв. км
Бул мамлекет Кариб денизинде жайгашкан конституциялык монархиядагы өлкө. Алгачкы жолу 14 кылымда Колумбо тарабынан ачылган. Айыл-чарба секторунда чет өлкөлөргө экспорт жасашкан банан,цитрус,мускат жаңкагы өстүрүлгөн. Гренада оффшордук аймак болуп саналат. Мындай финансылык жол менен казынага жылына 7,4 миллион доллар киреше кирип турат.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}