Дүйнөдөгү эң кооз акчалар

Британиянын The Telegraph басылмасы Nedbank банкы менен дүйнөдөгү кооз акчалардын топтомун түзгөн. Рейтингде биринчи орунду казак теңгеси ээлеген. Дүйнөдө андан башка да кандай кооз акчалар бар экенин билгиңиз келсе төмөндөгү сүрөттөрдөн кенен мааалымат ала аласыз. Баарынан өкүнүчтүүсү биздин сом бул тизмеге кирген эмес. Бирок, биздин валюта да биз үчүн эң кооз.

Дүйнөдөгү эң кооз акчалар

Биринчи орунда Казакстандын улуттук акчасы — теңге ээледи
Дүйнөдөгү эң кооз акчалар

Экинчи орунда Түштүк Африканын валютасы-рэнд турат
Дүйнөдөгү эң кооз акчалар

Үчүнчү орунда — Жаңы Зеландиянын доллары
Дүйнөдөгү эң кооз акчалар

Төртүнчү орун — франциялык тынч океан франкы
Дүйнөдөгү эң кооз акчалар

Бешинчи орунда Коста-Риканын акчасы — колон турат
Дүйнөдөгү эң кооз акчалар

Алтынчы орун — малайзиялык ринггит
Дүйнөдөгү эң кооз акчалар

Жетинчи орун — танзаниялык шиллинг
Дүйнөдөгү эң кооз акчалар

Сегизинчи орун — индиялык рупий
Дүйнөдөгү эң кооз акчалар

Тогузунчу орун — канадалык доллар
Дүйнөдөгү эң кооз акчалар

Онунчу орун — катардык риал
Кыргыз сому тууралуу

Кыргыз Республикасынын улуттук акча бирдиги сом өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин, 1993-жылы 10-майда жүгүртүүгө чыгарылган.

1993-жылы эң алгачкы жаңы акчаны эл 1, 5, 20 сом жана 1, 10, 50 тыйын менен кармаган.

Улуттук Банк кыргыз валютасынын төртүнчү чыгарылышында, 2010-жылы эң ири көлөмдөгү банкнот — 5000 сом жүгүртүүгө киргизилген.

Биринчи чыгарылыштагы банкнотторго кыргыздын элдик баатыры Манастын сүрөтү тартылган. Кийинки акчаларга өлкөнүн белгилүү инсандары композитор Абдылас Малдыбаевдин, бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын, окумуштуу Касым Тыныстановдун, акын Тоголок Молдонун, Токтогулдун, Алыкул Осмоновдун, Алай ханышасы Курман Датканын, манасчы Саякбай Каралаевдин, Жусуп Баласагындын жана актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөрү түшүрүлгөн.

Дүйнөдөгү эң кооз акчалар

Белгилүү актер Сүймөнкул Чокморовдун элеси түшүрүлгөн 5000 сомдук акча бирдиги
Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}