Дүйнөдөгү эң кубаттуу насос кайда жайгашкан?

Дүйнөдөгү эң кубаттуу, эң күчтүү, ошол эле учурда эң кичинекей насос биздин көкүрөгүбүздүн сол тарабында орун алган. Эч бир эс алууну билбеген бул насос – биздин жүрөгүбүз.Жүрөктүн булчуңдары эң күчтүү булчуңдардан турат. Болжол менен алганда, мүнөтүнө 70 жолу соккон жүрөк ар бир согушта 59 см/ куб канды түртүп чыгарат. Адамдагы бардык кан тамырлардын жалпы узундугун ала турган болсок, 100 000 километрге чейин барат да, жүрөк канды денебизде ушул жол аркылуу бир күндө 1000 жолу айлантат. Ошентип, 70 жыл жашаган адамдын жүрөгү, орто эсеп менен алганда, 2 500 000 жолу согуп, 152 000 000 литр канды өзү аркылуу өткөрөт. Бул ар жылы 10 даана «Боинг 747» учагынын күйүүчү май куйган багын толтурганга барабар болот. Ал эми «Боинг 747» учагынын багы 217 000 литрге барабар. Ошентип, технология канчалык өнүгүүнүн туу чокусуна чыкпасын, Жараткандын бизге берген кереметтерин туурай ала турган техника азырынча ойлонуп табыла да элек. Болбосо, дүйнөдөгү эң чоң шаардын суу жана башка азыктар менен бир гана жерден тынбай камсыз болуп турганын элестетүү мүмкүнбү?…

Кан тамырдын узундугу канча?

Кан айлануу системасы адамдын жана бардык жан-жаныбарлардын жашоосун нормага салып турат. Окумуштуулар изилдеп көрүшкөндө, салмагы 5 килограмм келген жаныбардын кан айлануу системасындагы капиллярдык (эң майда кан тамыр) тордун жазылыгы 630 кв/метрди түзгөн. Адамдын денесиндеги капиллярдык тордун жазылыгы болсо 6000 кв/метрге чейин болот. Ал эми капиллярлар менен кан тамырлардын жалпы узундугу 100 миң километрге чейин жетет. Бул болсо жердин экваторунан эки эсе чоңдук кылат. Денедеги кан мына ушул жол менен азыктарды жана кычкылтекти дененин бардык органдарынын учуна чейин ташыйт. Кан күн сайын өз жолу аркылуу 100 триллион клетканы бардык керектүү заттар менен камсыз кылып турат. Салыштыруу иретинде ала турган болсок, 100 триллион квартиралуу эбегейсиз чоң шаарды өз убагында тынымсыз ысык жана муздак суу менен камсыз кылып турган туюк система болушу мүмкүнбү? Бул да болсо Жараткандын чексиз улуулугунан кабар берип турбайбы…

Табигат сырлары

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}