Дүйнөдөгү эң таза суу-жамгыр суусу

Биз билгендей, суу күн ысыганда гана эмес, шамал жүрүп турганда да бууланат. Бууланган суу тамчылары өтө жеңил салмакта жана чакан көлөмдө болгондуктан (0.01 – 0.02 мм.), абага оңой көтөрүлөт. Жердин 5/6 бөлүгүн деңиз жана океан суулары курчап тургандыктан, күнүнө 27 миллион тонна суу буусу асманга көтөлүп турат. Ошентип, жер бетинен бир нече километр бийиктикте алар булуттарды пайда кылат.Мына ошол туз кристаллдарынын жана чаң бүртүкчөлөрүнүн айланасына биригүүнүн натыйжасында суу буусунан жамгырдын тамчылары пайда болот. Ал эми абадан кыйла оор абалга келген суу тамчылары жерди көздөй жамгыр болуп жаай баштайт.

Дүйнөдөгү эң таза суу-жамгыр суусу

Ушул эле биз билген жамгыр суусунун биз билбеген көптөгөн сырлары бар экен. Мисалы, жамгырдын тамчылары тууралуу сөз кыла турган болсок, алар өзгөчө бир формага ээ. Мисалы, булуттардын эң төмөнкү чеги 1200 метр деп алып, жаандын тамчысындай нерсени ал жерден таштасак, ал жерге жеткенде 558 км/саат ылдамдыкка ээ болмок да, 1 кг нерсени 15 см бийиктиктен таштагандай күч менен түшмөк. Ал эми ошол эле нерсе 10 000 метр бийиктиктен түшсө, 1 кг салмактагы нерсени 110 см бийиктиктен таштагандай күчкө ээ болмок. Бактыга жараша, абанын сүрүлүү жана каршылык күчүн арттырган өзгөчө формасынын натыйжасында жаандын тамчысы жерге, болгону, 8-10 км/саат ылдамдык менен түшөт. Ошентип, жамгырдын жаашы биз үчүн кубаныч гана алып келет.

Дүйнөдөгү эң таза суу-жамгыр суусу

Экинчиден, деңиз деңгээлинен кыйла жогору турган, суу жетпеген адырлар, тоолор да деңиз суусунун даамын тата алышат. Себеби, булуттардын дээрлик 97 пайызы деңиз, океандардын бууланышынан пайда болот. Бирок, жамгырдын суусу деңиз сууларындай туздуу эмес. Анткени, деңиз суусубу, көлчүктүн суусубу, же минералдык сууларбы, баардыгы бууланганда эч кандай кошулмасыз таза абалында бууланат.

Дүйнөдөгү эң таза суу-жамгыр суусу

Үчүнчүдөн, суунун 0 градус температурада муз болуп тоңо баштаганын баарыбыз эле билсек керек. А бирок, кышта болсун, жайда болсун, жерден бир нече километр бийиктикте, абанын температурасы 40 градуска жеткен жерде, эмне үчүн суу буусу музга айланбайт деген суроо туулат. Мунун сыры да, жогоруда айтылгандай, буунун эч кандай кошулмасыз таза болушунда жатат.

Дүйнөдөгү эң таза суу-жамгыр суусу

Ал эми дүйнөдөгү суу буусунун көлөмү да өзүнчө сөз кылууга татыктуу. Дүйнө жүзү боюнча секундасына 16 миллион тонна суу бууланып турат да, ошол эле өлчөмдөгү суу жамгыр абалында жерге түшөт. Бир жылда анын өлчөмү 505 триллион тоннага жетет. Ошентип, суунун экосистемадагы айлануусу табигаттын тең салмактуулук законунун негизинде таң каларлык тактык менен тынымсыз жүрүп турат.

Дүйнөдөгү эң таза суу-жамгыр суусу

Пара шаарында эл сааттарын жамгырдын жаашына карап тууралайт. Себеби, ал жерде жамгыр күндө бир эле убакта жаайт. Ал эми Угандада эл чагылгандуу катуу жамгырдан коркпойт. Ал жакта күн күркүрөп чагылган менен коштолгон жамгыр жылына 250 жолу жаайт. Американын Огайо штатындагы Уайнсберг шаарында болсо жыл сайын 29-июлда жамгыр жаайт. Кызыгы, бул жүз жылдан бери кайталанып келе жатат.

Дүйнөдөгү эң таза суу-жамгыр суусу

\»Табигат сырлары\» китебинен

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}