Дүйнөдөгү эң жалкоо жана эң иштерман эл кайсы?

«International Journal of Epidemiology» журналы дүйнөдөгү эң жалкоо элди иликтеп чыгышкан. Атайын адистердин, эксперттердин жыйынтыгына таянсак кыймыл аракети аз, ашыкча иш кылууга моюну жар бербеген, атүгүл спорт менен машыккысы келбеген, оор жумуштан качып, тынч отуруп иштеген жумушка ыктаган, дивандын үстүндө чалкалап, сыналгыны пульт менен көрүп, көчүгүн көтөрбөгөн эл булар Португалиянын эли деген тыянакка келишти. Себеби, алардын 88%ы эч качан спорт менен машыкпайт экен. Ал эми экинчи орунга бельгиялыктар, үчүнчү орунга испаниялыктар, андан кийин немистер жана гректер турат. Италиялыктар жалкоолук боюнча 6-орунда турушат экен. Алардын жалкоолору 69%ды түзөт.

Эң эмгекчил эл кимдер?

Ал эми 32 өлкөнүн ичинен эң эмгекчил, жаны тынбаган эл Түштүк Кореянын эли болуп эсептелген. Алар жумушка бир жылда 2 миң 357 саат убактысын коротушат экен. Жумасына алты күн иштөө мыйзамдуу көрүнүш. Өздөрүнүн карьерасы үчүн түштүк кореялыктар эс алуу дегенди билбей үч жылда бир гана жолу он күнгө эс алууга чыгышат. Булардын көпчүлүгү үйүнө уктаганга гана келишет. Өтө иштерман эркектери балдарына он беш мүнөт гана көңүл бурууга үлгүрүшөт тура. Ошондо да мындай көрүнүш жумасына бир же эки жолу гана болот.

Мындай темпте иштегендерди Түштүк Кореянын эмгек кодексине киргизишип, ишти жеңилдетүү жагы каралган. 2004-жылы мектептерди, кээ бир компаниялардын иш күнүн беш күндүккө жылдырышкан. Бирок мурункудай кыбырап иштеп көнүп калган корейлер азыркы күнгө чейин деле жаны жан албайт. Эмгек кодексинде жазылган мыйзамдар кагаз түрүндө гана калган дешет. Алар жалкоолукту сүйбөйт тура. Мындай эмгекчил кореялыктардан гректер деле кем калышпайт экен. Алар жылына 2 миң 50 саатты жумушка коротушат. Ал эми 3-4-орунда Чехия, Венгрия жана Польша элинин эмгекчилдиги турат экен.

АКШ болсо эмгекчилдиги боюнча 9-орунду ээлейт. Орточо эсеп менен америкалыктар жылына он күндү эс алууга коротушат. Англиялыктар жылына 20 күн эс алууга чыгышат. Норвегия, Германия, Голландияда жылына 1 миң 390 саат иш күнү бар экен.

Кытай эли бир суткада 2 саат 55 мүнөт эс алууга мүмкүнчүлүгү бар экенине сүйүнүшүүдө
Кытайдын борбордук телевидениелердин биринде \»Кытайдын экономикалык жашоосун изилдөө\» программасы алардын эли бир күндө 2 саат 55 мүнөт гана эс ала турганын айтып элди кубандырды. Себеби, мындан үч жыл мурунку изилдөөдө алар 2 саат 16 мүнөт гана эс алышчу экен. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө мисалы Германия, АКШ, Англия сыяктуу өлкөлөрдө күнүнө адам 5 саат эс алууга мүмкүнчүлүгү бар. Кытай эли эс алуу убактысынын үчтөн бир бөлүгүн да интернетте өткөрүшөт, өзгөчө алар уюлдук телефондон киришет экен.

Ал эми 10 % кытайлыктардын эс алууга таптакыр убактысы жок
Кытайлыктардын экономикалык жашоосун иликтеген программасы тогуз жыл бою миңдеген үй-бүлөнү ,он миллиондон ашуун адамдын иштөө режимин иликтешкен. Алардын иликтөөсү боюнча эгер адамдын иш күнүн, уктаганын, түштөнүүсүнөн башка убактысын эсептегенде эс алуу үчүн бир саатка жетпеген гана убактысы калат экен. Ал эми алардын 20 %ы күнүнө 1-2 саатты гана өзүнө арнайт тура. Ал эми 10 %ы эс алууга бир да мүнөтү жок экенин айтышкан.

Кыргыздар жалкоо элге киреби же?..

Ал эми мурунку СССРдин курамындагы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кайсыл мамлекеттин эли иштерман экени тууралуу так маалымат жок. Ошентсе да Кыргызстанда жыл сайын 13 майрам эс алуу күн катары майрамдалат экен. Бул майрамдын санын 6-7ге чейин кыскартууну да эл өкүлдөрү учурунда сунушташкан. Бирок, анын пикирине каршы чыккандар майрамдардын санынын кептүгү өлкөнүн экономикасы үчүн пайдалуу экенин да айтып чыгышты. Андан тышкары бизде көпчүлүгү беш күн иштешет, эки күн эс алышат. Жылына мыйзамдуу түрдө бир ай эс алууга чыгышат. Ал эми айыл-кыштактарда кайнаган завод-фабрика жок болгондуктан жайкысын жаны тынбай талаада иштеген дыйкандар кышкысын үйдөн чыкпай чалкалап эс алышат. Балким, биздин ушундай темп менен иштөө режимибизден улам жакыр мамлекеттин катарына кошулуп жатандырбыз…

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}