Дүйнөдөгү эң жаш баш мыйзам кайсы өлкөгө таандык?

Ар бир мамлекетти мамлекет катары таанытып турган бир нече белигилер бар. Алар: аймак, калкы жана албетте баш мыйызамы. Баш мыйзам мамлекетте мыйзамдуулукту сактоо жана баш аламандыкты болтурбай кармап туруучу негизги курал, башкы документ. Бул ирет баш мыйзам тууралуу кызыктуу маалыматтарды суналы депе чечтик:1. Конституция деген эмне?

Латынчадан келген бул сөз «конституция» эреже деген маанини берет.
2. Кыргыз Республикасынын 2010-жылы кабыл алынган акыркы Конституциясы 10070 сөздөн турат. Эгер 1929-жылкы баш мыйзамды кошуп санасак, Кыргызстандын Конституциясы 87 жылда алты жолу өзгөртүлүп, алты жолу алмаштырылды.

3. Дүйнөнүн эң узун жана эң кыска конституциясы:
Дүйнөнүн эң узун конституциясы да АКШга таандык. Анын 50 штатынын бири болгон Алабама штатынын конституциясы 340 136 сөздөн турат. Ал АКШнын конституциясынан 40, Орусияныкынан төрт эсе узун;
Мамлекеттердикин алсак, эң узуну — Индиянын конституциясы. Бул мамлекеттин этникалык өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Мисалы, анда уйду союуга болбойт деген да берене бар. 117 000 сөздөн турат.
Эң кыска конституция да АКШныкы. Ал 8 гана беренеден куралган;

4. Эң туруксуз конституция:
Эң туруксуз конституция кайра эле АКШнын Алабама штатына таандык. Анын текстинин 90%ы өзгөртүүлөр. Алабаманын конституциясы дайыма шылдыңга кабылып келет;
Мамлекеттердин арасынан Перу 18 жолу конституциясын алмаштырып, биринчиликти бербей келет. Бирок аны Конго жакында басып өтүшү мүмкүн деген божомолдор бар. Анткени жарандык согуштан жабыркап келе жаткан бул өлкөдө 30 жылда беш конституция кабыл алынган.

5. XX кылымдагы эки дүйнөлүк согушта жетекчилеринин баскынчылык жана шовинист улутчулдугунан катуу запкы чеккен жапон эли саясат катары согуштан баш тартканын конституциясына киргизип алган.

6. Эң туруктуу конституция:
Индиянын конституциясы эң туруктуу баш мыйзам. 1950-жылы кабыл алынгандан бери ага бир да өзгөтүү киргизилген эмес;
АКШнын конституциясынын негизги нускасы да өзгөрүлгөн эмес. Аны өзгөртүүгө 10 миңден ашык аракет кылынганы менен 227 жылдан бери 27 тактама гана кирген. Алар констиутциянын текстине эмес, ага тиркеме катары киргизилген. Мыйзам боюнча ар бир тактаманы 50 штаттын 4/3ү колдошу шарт. Тактаманын бири 203 жылдан кийин кабыл алынган;

7. Дүйнөнүн эң жаңы конституциясы:
Египеттин 2012-жылдын 22-декабрында кабыл алынган конституциясы азырынча дүйнөнүн эң жаңы баш мыйзамы болуп турат. Эгер быйыл өзгөрсө, акыркы конституция биздики болот.

8. Кыргыз Республикасынын Конституциясы
Советер Союзунун курамына киргендиктен Кыргыз автономдук Советтик социалисттик республикасынын биринчи Конституциясы Россия федеративдүү советтик социалисттик республикасынын конституциясынын негизинде 1929-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган. Андан соң 2 жолу өзгөртүлгөн. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан кийин 1993-жылдын 5-майында өз Конституциясын кабыл алган.

9. Эң биринчи коддолгон конституциялар:
Дүйнөдө эң биринчи конституция Америка Кошмо Штаттарына таандык. Ал 1787-жылы иштелип чыгып, 1789-жылы кабыл алынган;
Европанын эң эски конституциясы Польшаныкы. Ал француздардыкынан жарым жыл эртерээк – 1791-жылдын 3-майында кабыл алынган. Бул өлкөнүн конституциясы дүйнөдө эң биринчи болмок, бирок, алгачкы нускасын эл өкүлдөрү талкуулабай, падыша тарабынан таңуулангандыктан толук кандуу конституция болуп эсептелбей калган.

10. Коддолбогон конституциялар:
Мухаммад Пайгамбардын 622-жылы Мадина шаарынын эли менен бирге түзгөн «Мадина келишими» номур коюлбагандыктан, эң биринчи «коддолбогон» конституция болуп эсептелиши керек. Өкүнүчтүүсү — мусулмандар аны колдонбогондуктан, башка конституциялар биринчи болуп эсептелип келет. Мадина конституциясына дин эркиндиги, бардык адамдардын мыйзам алдында бирдей жоопкерчилиги жана сырткы душмандарга каршы биримдик сыяктуу учурдагы демократиялык принциптерден кем калбаган заманбап эрежелер жарыяланган.
1215-жылкы Британиянын Эркиндиктердин улуу хартиясы жана 1689-жылкы Укуктар тууралуу билль да коддолбогон конституция болуп саналат.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}