Дүйнөдөгү эң жөнөкөй президент

Хосе Мухико Уругвай өлкөсүн, 2010-2015-жылдар аралыгында башкарган президент. Ал өзүнүн, “альтруистиги” жана радикалдуу реформалары менен дүйнөгө таанылган.“The Economist” деген абройлуу журнал 2013-жылы “жылдын мамлекети” деген наамды Уругвайга тапшырган. Мурда журнал мындай сыйлык берген эмес. Уругвай мамлекети консервативдүү-католик өлкөсүнөн, тез аранын ичинде эле социалдык-либерализмдин үлгүсүнө айлангандыктан улам, редакция ушул сыйлыкты ыйгарганын айтышты.

Дүйнөдөгү эң жөнөкөй президент

Британиянын “The Daily Mail” деген аталыштагы оңчулдардын гезити Хосе Мухиконун турмуш шартына суктануу менен “Өзүнүн мүлкүн жашырбаган саясатчы” деген темада макала жазышкан. Чынында эле Мухиконун жашыра турган мал-мүлкү жок. Президент болгондон кийин, мурдагы президенттер жашаган ак сарайдан баш тартып, борбор калаанын чекесиндеги Монтевидео деген жердеги жубайынын фермасына жайгашкан. Кичинекей кепе үйдө президент жашарын билүү оңой эле. Анткени үйдүн алдында президенттин 1987-жылкы Фольксваген Жук автоунаасы токтоп турат. Кароол катары эки полиция кызматкери бөлүнгөн. Аларды фермага кеткен жолдо зеригип отурган жеринен жолуктурса болот.

Дүйнөдөгү эң жөнөкөй президент

78-жаштагы президент, бош убагында бакча иштери менен алектенет. Ооруп калса кадимки айылдагы бейтапканага барып, карапайым калктын арасында өз кезегин күтөт. Тамак-ашты, айылдын жөнөкөй дүкөнүнө өзүнүн машинасы менен барып сатып алат. Айлык акысынын 90 пайызын кайрымдуулука жумшайт. Өзү айына миң долларга жакын акча сарптайт.

Дүйнөдөгү эң жөнөкөй президент

Мухико өзүн “эң кедей президент” дегендерди жактыра бербейт. Анын айтымында: “Башка ажолор ак сарайдын ичинде алтынга оронуп алышкан, бирок алар жан дүйнөсү бош, эң кедей президенттер. Ал эми мен моралдык жактан каалаганымдай жашап жатам. Көп жылдар бою мен жөнөкөй эле жер төшөк тууралуу кыялданып келгем. Ошондуктан азыркы жашоо шартыма ыраазымын”-дейт ал.

Дүйнөдөгү эң жөнөкөй президент

Мухико жер төшөк тууралуу айтканда көпчүлүк анын башынан өткөн кыйынчылыктарды эстешет. Саясий карьерасын марксисттик идеяны туу туткан партизандык уюмдан баштаган. Тумапарос деп аталган партизандык кыймыл байларды тоноп, кедейлерге таратып бергендикттен Робин Гуд аталышкан. Бирок көп учурда алар кандуу кагылышууларга туш болушкан. Мисалы: Мухико алты жолу ок жеп, жарадар болгон. Уругвайдын бийлигине аскер кызматкерлери келгенде Тумапарос кыймылынын көпчүлүк мүчөсү камакка алынган. Алардын арасында келечектеги президент дагы бар болчу. 15 жылдан ашык убакыт түрмөдө отурган Хосе Мухико эки жыл жөнөкөй жер төшөккө зар болуп, зынданда жалгыз отурган. Ошондуктан Мухико азыркы жашоосуна толук ыраазы, үстүндө үйү, астында жылуу төшөгү бар. Дүйнөнун эң жөнөкөй президенти болуп тарыхта калган Мухико, 2015-жылы өз кызматын тапшырып, эс алууга кеткен.

Дүйнөдөгү эң жөнөкөй президент

Калемпир

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}