Дүйнөгө сулуулук берген мечиттер

Мечиттер мусулмандар сыйынуучу ибадат жай болуу менен бирге, дүйнө элине архитектуралык кооздукту тартуулап турат. Сөз, дүйнөнүн эң кооз жана эң чоң делген мечиттери жөнүндө болмокчу.

Аль-масджид аль-харам мечити

Дүйнөдөгү эң чоң “Аль-масджид аль-харам” деп аталган бул мечиттин алгачкы курулушу 638-жылга туура келет. Бирок жылдар бою оңдолуп, түзөлүп отуруп, эски мечиттен эч нерсе деле калган эмес. Заманбап мечиттин азыркы аянты 400 миң чарчы метрден ашып, 4 миллиондон ашуун ажыга келгендерди батырат. Кирүү эшиктерин көргөзүп турган 9 мунаранын ар биринин бийиктиги 89 метрге жетет. Заманга ылайык бул ыйык жай желдеткичтер жана эскалаторлор менен жабдылган.

Дүйнөгө сулуулук берген мечиттер

 

Масджид ан-Набави мечити

Ал эми Мадина шаарындагы “Масджид ан-Набави” же “Пайгамбардын мечити” мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген, чоңдугу боюнча 2-орунда турган мечит болуп саналат. Аталган мечитти Мухаммед (с.а.в.) пайгамбар көзү тирүүсүндө, б.з. 622-жылы салдырган. Ошондуктан ал байыркы мечиттердин катарына кирет. Мечиттин борборунда Пайгамбардын (с.а.в.) сөөгү коюлуп, кийин 1279-жылы көрүстөндүн үстүнө жарым шарга окшош купол салынган. Ал бир канча жолу оңдолуп, кийин 1837-жылы жашыл түскө боёлгон. Ошондой эле алгачкы халифалар: Абу Бакир менен Умардын сөөктөрү ушул жерге коюлган. Мечитке 600 миңден ашуун мусулман батат, ажы убагында бул көрсөткүч 1 миллионго чейин жетет. 105 метр бийиктикке жеткен 10 мунарадан турат. Сырдуу түрдө салынган аба муздаткычтар тутумунан сырткары 27 аянтчада үнсүз ачылып, жабылган чатырчалар конокторду кайдыгер калтырбайт.

Дүйнөгө сулуулук берген мечиттер

 

Шейх Зайед мечити

Кийинки сөз боло турган мечит бир канча “рекордду” багындыра алган. Абу-Даби шаарында жайгашкан “Шейх Зайед” мечитин салуу үчүн 12 жыл жана болжол менен 545 миллион доллар сарпталган, мечитти 38 компания жана 3500 адам курган. 41 000 адамды батыра алат. 82 куполдон жана 107 метр бийиктикке жеткен 4 мунарадан турат. Дүйнөдөгү эң чоң килем ушул мечитте төшөлгөн. Анын аянты 5627 чарчы метр, салмагы 47 тоннага жетет. Мечитте алтын жана кристаллдар менен кооздолгон 7 шам чырак асылган. Негизги шам чырагы 2010-жылга чейин (кийин кошуна Катарда илинген) дүйнөдөгү эң чоң шам чырак деп эсептелип келген. Анын диаметри 10 метр, бийиктиги 15 метр, салмагы 12 тоннаны түзөт. Мечит мрамордон жана алтындан салынгандыктан, өзгөчө жаркырап турат, кечкисин атайын жасалма жарыктандырылат.

Дүйнөгө сулуулук берген мечиттер

 

Zentral Мoschee Köln мечити

Германиянын Кёльн шаарында курулуп жаткан Борбордук “Zentral moschee Köln” мечити өзүнүн архитектуралык көрүнүшү менен башка мечиттерден айырмаланып турат. Дубалынын көпчүлүк бөлүгү айнектен салынган жана формасы өзгөчөлөнүп турган бул мечит билбеген адамга кандайдыр бир музейди же илимий обсерваторияны элестетет. Архитектору Пауль Бёмдун айтымында, осмон стилинде салынган. 2-4 миңдей адам баткан намазканасынан тышкары тамактануучу жай, китепкана жана ислам маданият борбору орун алган. Куруучуларынын айтымында, анын айнектен жасалган куполу конокторуна меймандостукту жана ачыктыкты, тунуктукту тартууламакчы. Мунараларынын узундугу 55 метрге жетет. Бүтүшү белгисиз мөөнөткө узартылган бул мечит ачыла турган болсо, Германияда эле эмес, Европа боюнча эң чоң мечит болуп калмакчы.

Женне улуу мечити

1988-жылдан бери ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий эстеликтер тизмесине кирген “Женне улуу мечити” Мали өлкөсүндө, Бани дарыясынын жээгинде, орун алган. Кум аралаш чоподон жасалган дүйнөдөгү эң чоң имарат 1907-жылы (айрым маалыматтар боюнча 1909-жылы) XIII-XIV кылымдардагы эски мечиттин ордуна курулса да, азыркыга чейин өз улуулугун жоготкон эмес. Мечиттин аянты 75х75 метр, ал эми мунараларынын бийиктиги 50 метрди түзөт. Жергиликтүү калк пальманын сөңгөктөрү аркылуу мечиттин дубалдарына чыгып, эркектери мечиттин дубалдарын оңдоп, шыбашса, аялдары суу ташып беришет. Себеби тропикалык аба кескин болгондуктан, жаан-чачын тез-тез жаап турат. Жергиликтүү тургундар ошондон кийин гана өз үйлөрүн оңдоого киришет.

Дүйнөгө сулуулук берген мечиттер

 

Шах Файсал мечити

Жашыл талаа менен токой арасында тигилген чатырды элестеткен “Шах Файсал мечити” Пакистандын борбору Исламабаддын четинде жайгашкан. Жанында үйлөр жок болуп, Гималай тоосунун башталышында салынган мечит дайымкы биз көнгөн салттуу мечиттерден айырмаланып турат. Дүйнөдөгү эң чоң мечиттердин катарына кирет, жалпы аянты 5 миң чарчы/метрге жетип, 300 миңден ашуун адамды кабыл ала алат. Төрт бурчунда орун алган 90 метр бийиктиктеги мунаралары кечкисин айланасына шам сымал жарык берип турат. Ал эми негизги намазкана залынын так ортосундагы заманбап асма шам өзгөчө көрк берип турат. Шах Файсал деп аталып калганын себеби, 1966-жылы Сауд Арабиясынын шахы Файсал ибн Абдул-Азиз Аль Сауд Исламабадга болгон сапарындагы сунушунун негизинде 1969-жылы эл аралык конкурс өтүп, түрк архитектору Ведат Далокайдын долбоору жактырылып, 1976-жылы Сауд Арабиясынын өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен курула баштаган. 1986-жылы ачылыш аземи болуп, курулушуна чоң салымын кошкон Файсал ибн Абдул-Азиз Аль Сауддун ысымы ыйгарылган. Эл аралык ислам университети да мечиттин аймагында орун алган.

Дүйнөгө сулуулук берген мечиттер

 

Хасан II Улуу мечити

Ал эми мунарасынын бийиктиги (210 метр) боюнча азырынча эң алдыңкы орунда турган “Хасан II Улуу мечити” Марокконун Касабланка шаарында жайгашкан. Бул мечит жалгыз мунарасы менен гана өзгөчөлөнбөстөн, ички көркөмдүгү менен да көз жоосун алат. Мечиттин ичиндеги чоң айнек залынан кооз көрүнүш – Атлантика океаны ачылат. Анткени мечиттин жарымы океандын үстүнө салынып, жалпысынан 9 гектар жерге жайгашкан. Мечит Марокконун падышасы Хасан IIнин убагында, 1986-жылы, башталып, 1989-жылы бүткөнү менен, ачылышы 1993-жылы гана болгон. Намазкананын ичинде 78 колонна бар. Курулуш иштеринде жаңы технологиялар да колдонулган: полдорунда жылыткыч коюлган, ал эми чатыры ачылып, жабылат, мунарасында 30 чакырым узундуктагы жашыл түстүү лазердик жарык бергич орнотулган. Архитектору француз Мишель Пинсонун айтымында, эргүүнү Ыйык Курандан алган. Мечиттин имаратынын жарымы суу үстүндө жайгашкандыктан, толкун учурунда кеме сымал сүзүп бараткандай таасир калтырат.

Дүйнөгө сулуулук берген мечиттер

 

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}