Дүйнөнү шайтан араба менен айлангандар

Каармандарыбыз шайтан араба менен дүйнө кыдырууну максат кылган жаш кыялкечтер. Арасында бир дөңгөлөктүү велосипеди менен жер шарын багындыргысы келген эр жүрөктүүсү да бар. Дээрлик үч жылды саякатка арнаган түрк жана америка атуулдары. Төмөндө сиздерге бул саякатчылар менен болгон эксклюзивдүү маекти сунуштамакчыбыз.Кыргызстанга кош келипсиздер! Алгачкы эле суроом төмөнкүдөй болсун. Эмне максат менен мындай чечимди кабыл алдыңыздар?

-Мелих: Дүйнө өтө кеңири, анан биз колубуздан келишинче саякаттоону каалайбыз. Бул жашоону ар түрдүү мүмкүнчүлүктөр менен да жашаса болорун далилдегибиз келет. Негизи жолдо өзүбүздү дагы да тынч, бейкапар сезебиз. Эң маанилүүсү башка да жашоо бар экенин көрүп-билип, үйрөнгүбүз келет. Жолдо катар жаңы нерселерди үйрөнгөн сайын, сапарыбыз максатына жетип жаткандай туюлат.

Үч жыл деген оңой убакыт эмес да, бардыгын таштап жалаң саякаттоого, болгондо да шайтан араба менен, кантип бел байладыңыздар, ата-энеңер каршы болгон жокпу?

-Захиде: Студент кезде Эдирне шаарында (Түркия) сабактан кийин кафеде официант болуп иштечүмүн. Жашоом жалаң окуу, анан жумуш эле болуп калган. Коёндой окшош күндөр чындыгында тажатып жиберди. Анан “Work and Travel” программасы менен англис тилин үйрөнө баштадым. Тилди үйрөнүп Пуэрто Рико шаарына иштегени кетип калдым. Жашоо образымды өзгөртүүгө бул аймактын эли абдан таасир калтырды десем болот. Дегеним, алар эртең менен саат ондон кечки төрткө чейин гана иштешет экен. Ага жараша акчаны да жакшы төлөп беришет. Калган убактыларынын баарын эс алууга, саякаттоого жумшашат. Аларды көрүп бизде (Түркияда) жашоо жок экендигине көзүм жетти. Мына ошентип мен да иштеп тапкан акчамды чогултуп чекесинен шаарларды кыдырууга бел байладым.
Пуэрто Рикодо велосипед менен саякаттагандарды көрүп таң калар элем, ушундай да болобу деп. Көрсө чыныгы ырахат ушунда экен да. Өзүмдүн эң алгачкы велосипед турум Эдирнеден Текирдаг шаарына, анан Кападокияга (Түркия) болду. Ал эми эл аралык биринчи велосипед турум Иран өлкөсүнөн башталды.
-Мелих: “Башка кылар ишиңер жокпу?”, “Акыл-эсиңерден айнып калгансыңарбы?” — дегендер болбой койгон жок. Дүйнөнү шайтан араба менен кыдырып чыгарыбызга ишенбей мыйыгынан жылмайгандар да кездешти. Ата-энебиз башында каршы болгону менен, биздин бактылуу экенибизди жөнөткөн сүрөттөрүбүздөн, видеолордон көрүп, жоошуп калышты.

Эмне үчүн шайтан арабаны тандап алдыңыздар, мотоцикл же болбосо жеңил автоунаа менен жүрсөңүздөр болбойт беле?

-Мелих: Бизге жолуккандардын баары эле ушинтип сурай беришет (күлүп). Жообу эң жөнөкөй. Бензин коротпойсуң, чыгымы аз, майда-чүйдөнү көрө билүүгө мүмкүн боло тургандай жай жүрсөң да болот, бузулуп калса оңдоп алуу оңой. Эң негизгиси буюм-тайымыбызды ташып жүрө ала тургандай күчтүү. Бизди жер кыдыртуудан бөлөк зыяны жок чынында.

Жолдон кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатасыздар, тамак-аш, баш паанек, коопсуздук дегендей?

-Захиде: Жолго чыкканыбызга төрт ай болду. Кыргызстан алтынчы өлкөбүз. Чынын айтсам, кыйынчылыктар, коркунуч туудурган учурлар деле болгон жок, болбой эле койсун. Өзүбүздүн чатырыбыз бар, кийим-кечебиз кенен. Көбүнчө айылдарда жолдон жолуккандар тамактанып алгыла деп үйлөрүнө чакырышат, анан сүйлөшүп отуруп эле бүгүн мында калгыла деп алып калышат. Кээде милициялар токтотушат, бирок, алардын биздин документтерге кызыккан түрү деле жоктой, “Эмне кылып жатасыңар?”, “Кайдан келатасыңар?” деген суроолоруна гана жооп алууга ашыгышат.

Жуунуп-тазалануу маселеси кандай болуп жатат?

-Захиде: Деңизге, көлгө түшүп алууга аракет кылабыз. Көбүнчө жуунууга шарт болбой калат. Бир окуя эсиме түшүп кетти. Күн жылуу болгондуктан, деңизге түшүп чыктык. Жуунуп алалы десек душ жок. Денебиздин баары туз, эмне кыларыбызды билбей, бир дааратканага бешөөбүз кирдик. Колду самындоочу суюк самындар бар го, ошолорду куюп алып денебизди ошол эле жерден жууп кирдик. Бизди көргөн америкалыктар таң калып да, күлүп да жатышты. Ага карабай жуунуп алып чыгып кеттик, тыюу салгандарына карабай, башка айлабыз жок эле, жаман да жыттана баштаганбыз.

Эдуард мырза айтсаңыз эмне үчүн бир дөңгөлөктүү шайтан араба менен дүйнө кыдырууну чечтиңиз?

-Эдуард: Мен 2015-жылдын 14-мартында дүйнөнүн 18 миң миль аралыктагы бөлүгүн бир дөңгөлөктүү шайтан араба менен кыдырып чыгууга сапар алдым. Болгон себеби, башкалардан өзгөчөлөнүүнү кааладым. Жалгыз дөңгөлөк болгону оорчулук жаратпай койбойт, бирок ага карабай эле тээп келатам. Бул велосипеддин дизайнын атам өзү иштеп чыккан, мен аны бир фирмага жасатып алып айдап жүрөм. Дүйнөнү кыдыруума ата-энем каршы эмес, тескерисинче колдоп турушат. Негизги максатым дүйнөнү официалдуу түрдө бир дөңгөлөктүү шайтан араба менен кыдырып чыккан эң биринчи киши болуу.

Саякатка чейин жана саякаттан кийинки өзүңүздөр тууралуу айтсаңыздар?

Мелих: Башында эмне максатта саякатка чыгасыңар дешсе, жер көргүбүз келет, эс алгыбыз келет деп жооп берчү элек. Эми бул суроого болгон да жообубуз өзгөрдү. Тагыраагы, биринчи максатыбыз жер көрүү эмес, башка жашоолор да бар экенин, анда адамдар ар кандай кыйынчылыкта же жыргалчылыкта күн көрүп жатышканын, дегеле жашоону аңдап-билүү болуп калды. Бир китеп окуган адам дүйнөнүн жүздө он пайызын түшүнсө, дүйнө кезген киши токсон пайызын түшүнө аларына көзүм жетти. Көрсө, китептен окуп, медиадан көрүп-билгениң дүйнөнү түшүнүүгө аздык кылат экен.
Эдуард: Абдан философ болуп кетет экенсиң. Анткени, жолдо кенен-кесир ойлоно аласың, чектөө жок. Мурда-кийин кетирген каталарыңа өкүнөсүң, экинчи кайталанбайт деп өзүңө убада бересиң. Жакындарыңдын, дегеле адамдардын кадырын билесиң, айтор, жеке адамдык сапаттарың бир тепкич болсо да жогорулайт экен.

Кыргызстан кандай таасир калтырды сиздерге?

-Мелих: Мен “Манас” эпосу тууралуу айткым келип жатат. Кыргыз элинин калмктарга каршы күрөшүн сүрөттөгөн “Манас” дастаны 500 миңден ашык саптан турат экен. Бул эпос ошол эле учурда кыргыздардын маданиятын, башка элдер менен болгон алакасын жана да тарыхын кучагына алат. Көпчүлүгү дастанды жатка билишет . Айрым манасчылар эң көлөмдүү (500553) версияны күндөп-түндөп уктабастан жатка айтышат экен. Керек болсо азыр да “Манас” эпосуна дагы кошумчалар киргизилип жатыптыр. Угуп жатканда айрым сөздөрдү гана кармап калбаса, бардыгын түшүнө берүү чоң күчтү талап кылат. Сиздердин улуулугуңуздар маданиятыңыздарда, сөз байлыгыңыздарда экен. Мен эми мындай баалуу маалыматтарды бардык досторум, тааныштарым менен бөлүшөм деп турам.
-Захиде: Кыргызстанга келгени кыска убакыттын ичинде эле өтө көп досторду таап алдым (күлүп). Мен үчүн бул нерсе абдан жагымдуу болду. Кыргыз эли бөтөнчө калк экен. Тааныбаган адам болсо да, колунан келген жардамын берүүгө ашыгышат экен. Мындай сапатты бул убакка чейин башка маданияттардан кезиктирген эмесмин. Негизи Кыргызстан тууралуу буга чейин Түркиядагы досторубуздан көп укканбыз. Абдан кооз өлкө деп айтып калышар эле. Анан өзүмө сөзсүз барып кетем деп убада берген элем. Тилегибиз орундалып, минтип бул жакка дагы келдик. Жаратылышынын кооздугун сөз менен жеткире албайм. Эми дагы бир кыялым Ысык-Көлдү көрүү. Ал жакка бармайын кетпейбиз го ээ Милах (жанындагы досуна кайрылды)? Милахты билбейм, бирок, мен бармайын кете албайм, көрүп атасыздар го аябай ээленип алганымды.
-Эдуард: 40 сааттык жол жүрүүдөн кийин (автобус, такси) акыры чарчаган, жүдөгөн анан да уйку менен жуунуга зар болгон абалда Кыргызстанга келип түштүм. Саат таңкы үчтөр чамасында Бишкек шаарына келдим. Келип эле бул түнү кайда уктайм деп ойлонуп баштаган элем. Буюмдарымды ирээттеп жатсам, бир бала келип калды. Көрсө ал баланын аты Даниел экен. Өтө таң калычтуусу ал жигит тааныбаган эле мени үйүнө чакырды. Апасы менен ошол аралыктарда чогуу турушат экен. Даниел менен апасы Гүлия эженин меймандосугуна аябай ыраазы болдум. Себеби, ал түнү мага жаш баладай эле көңүл бөлүштү, курсагым ток, жылуу-жумшак жыргап эс алдым (толкунданып турду). Эртеси күнү алар менен коштошуп, Түркиядан келген велосипедчилер Милах менен Захидени издеп жөнөдүм. Алар менен байланышып, Бишкекте жайгашкан Кыргыз-Түрк ”Манас” университетине бардык. Ал жакта бизди Бүлент аттуу ошол окуу жайдын окутуучусу тосуп алып, бизди атайын үн жазуучу студияга алып киришти. Наушниктерди берип, микрофондорду тагып киришти, көрсө биз телевизиондук көрсөтүүгө үн жаздырып атыптырбыз. Бул биз үчүн абдан жагымдуу болду. Эми бул интервью Кыргызстандын жарымынан көбүнө жетет. Кандай кубаныч! Мен негизи дайыма эле мындай учурларга көп кабыла бербейм, а бул көз ирмемдер абдан толкундатуучу болду.

Эми алдыдагы саякат планыңыздар менен бөлүшө кетпейсиздерби?

-Захиде:Кыргызстандан чыккандан кийин Кытайга жол алабыз. Ал эми карталык планыбызда негизинен беш материк бар: Азия, Австралия, Америка, Африка, Европа. Мунун ичинен 40 тан ашык өлкөгө баралы деп турабыз. Жалпысынан 40 миң километр жолду басып өтөбүз. Буга орточо эсеп менен үч жыл керектелет. Кышкы суукка да даяр экенибизди айта кетпесем болбос.
Дүйнөнү кыдырыш үчүн дүйнөдөй акча керек го? Байкашымча каржы булактарыңыздар жаман эмес көрүнөт?
-Мелих: Биз катардагы эле карапайым үй-бүлөнүн балдарыбыз. Албетте, көп каражат талап кылынат экен. Анын баарын табыш үчүн биз бир жыл бою спонсор издедик. Бай киши тапсак эле ага кат жөнөтүүнү адатка айландырып алган элек. 500 дөй колунда барлардын почтасына кат жөнөттүк. Анын төртөөнөн жооп келди. Аларга рахмат айтабыз. Жакындарыбыз, досторубуз, иштеген жерибиздеги жетекчилер болгон жардамын көрсөтүштү. Кудайга шүгүр, үч жылдык саякатыбызга жете тургандай каржы топтоп беришти. Айына 200-300 АКШ доллардан сарптап жатабыз.

Саякаттан кайткандан кийин эмне кылалы деген ойлор бар, кесибиңиздер менен иштейсиздерби?

-Мелих: Жоок, Захиде экөөбүздүн банк кызматкери бололу деген бир да оюбуз жок. Болгону бир уюм ачып, биз сыяктуу дүйнөнү шайтан араба менен кыдырам дегендерге моралдык, материалдык колдоо көрсөтөлү деп жатабыз.

Жыпара Дөөтказы кызы

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}