Дүйнөнү таң калтырган 6 мейманкана

Жыл бою иштеп, эми эс алууга убакыт келди. Бул жылкы эс алууңузда кайсы өлкөгө саякат жасап, кантип эс алууну, жыл бою чогулган стресстен кантип арылууну билбей жатсаңыз, анда сизди ар бир адам кыялында эс алууну кыялданган, ааламды таң калтырган дүйнөнүн эң мыкты делген 14 мейманкансы менен тааныштырмакчыбыз.

ICEHOTEL мейманканасы

Шведция өлкөсүндө жайгашкан бул “муз”мейманканасы 1989-жылы курулган. Баарынан кызыгы бул мейманкана курулган жылдан бери канча жыл өтсө ошончо жолу жаңырган. Себеби аты айтып тургандай эле мейманкананын имараты чын эле муздан курулуп, ар жылы жаз келгенде ээрип кетип, кайра кыш келип, суу тоңгон убактан баштап бир айдын ичинде муздан жаңы мейманкана курулат. “Муз” мейманканасынын дүйнө элин таң калтырган ажайып керемети да ушунда. Ар жылы жаңы мейманкана, жаңы архитектура.

Бул мейманкананы көбүнчө аптаптуу ысык өлкөдө жашагандар эс алса жарашчудай. Ал эми биздин өлкөнүн жарандарын бул мейманкананын архитектуралык курулушу эле кызыктырбаса, музу менен суугу таң калтырбайт деле. Ошентсе да бир жолку эс алууңузду ушул мейманканада өткөзүп, муздан имарат куруунун сырын үйрөнүп келип, Кыргызстандын 6 ай бою кыш болгон айрым аймактарына дал ушундай мейманкана куруп бизнес баштоону сунуштамакчымын.

Whitepod Hotel мейманканасы
Дүйнөнү таң калтырган 6 мейманкана

Деңиз деңгээлинен 1400 м бийиктекте жайгашкан бул мейманкана Швейцария өлкөсүнүн Ле-Сернье кыштагында орун алган. Ажайып табияттын коюнунан орун алган мейманкананын өзгөчөлүгү эс алуучулар жаткан бөлмөлөр, ар бири өз-өзүнчө жайгашкан жыгач алачыктардан турат. Бир карасаң кадимки кыргыздын боз үйүнө да түспөлдөшүп кетет. Жыгач алачыктардын ар биринин ичинде биздин жайлоодогу мештерге окшогон меш, жуунучу бөлмөсү, дааратканасы бар. Бөлмөнүн ичин жылытуу үчүн мешке кадимкидей эле жыгач отун жагылат.

Мейманканада эс алуучулар үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Өзгөчө табият койнунда эс алууну сүйгөндөр үчүн баардык мүмкүнчүлүктөр каралган. Мейманкана тоо койнунда жайгашкандыктан тоо аралап жөө жүрүшкө чыгып, токой арсында жапайы жаратылыш менен бирге эс алса болот.

Attrap Reves мейманканасы
Дүйнөнү таң калтырган 6 мейманкана

Шаардын түтүн жыттанган абасынан, мээ кайнаткан ысыгынан, баш айланткан ызы-чуусунан чарчагандар үчүн Франция өлкөсүндө Attrap Reves мейманканасы курулган. Жогоруда айтылгандай бул мейманкананын да ар бир бөлмөсү өз-өзүнчө жайгашкан. Бөлмөлөр самын көбүкчөсүнө окшошуп, шар формасында. Өңү жок,кадимки айнек сымал пластик менен капталган. Ар шардын ичинде жатуучу орундуктар жана башка буюм-тайымдарды коюуга керектүү эмеректер бар. Эс алуучу түнү бою асманды карап жатып жылдыздар менен сырдашса да болот. Дегеним, ар бир эс алуучуга жылдыздар картасы жана телескоп белекке берилет.

Жуунучу жай, даараткана ар бир шардын өзүнчө кошумча бөлүгүндө жайгашкан.Тамак ичүүчү жер сыртта башка бөлмөдө орун алган. Шар айрылып кетет же шамалда учуп кетет деп кабатырланбай эле койсоңуз болот. Себеби шарды атайылап бычак менен гана айрып же жыртууга мүмкүн. Мейманкана токой арасында жайгашкандыктан айрым учурда аюунун тырмагы да бычактын ролун аткарып калуусу ыктымал. Эмнеси болсо сактыкта кордук жок.

The Mirrorcube мейманканасы
Дүйнөнү таң калтырган 6 мейманкана

The Mirrorcube мейманканасы да Шведция өлкөсүндө жайгашкан. Бир нече карагайдын ортосунда асылып, сырты күзгү менен капталган бөлмөлөр ар бир туристти өзүнө тартып турат. Карагайларга арта салынган ар бир бөлмө экологиялык жактан таза, бөлмөлөрдүн негизги сөлөкөтү алюминий устундардан турат анын сыртынан жыгач тактайлар менен капталган.

Жогоруда айтылгандай мейманкананын сырты күзгү менен капталып, айланадагы көрүнүш бөлмөнүн дубалына чагылып турат. Ар бир бөлмөнүн архитектурасы өзгөчөлүккө ээ. Жеке эле архитектурасы эмес, андагы ар бир эмерек, буюмдар да өзгөчө стилде жасалгаланган. Бөлмөлөр адам сыйымдуулугуна жараша айырмаланат, ар биринде экологияга зыян келтирбеген дааратканалар, суу үнөмдөгүчтөр орнотулган.

Not Hotel мейманканасы
Дүйнөнү таң калтырган 6 мейманкана

Амстердам калаасынын чок ортосунаг орун алган Not Hotel мейманкасы Амстердамдагы кыйма-чийме жайгашкан дүкөндөрү, ресторандары менен белгилүү болгон Кинкерстрит көчөсүнөн 300 метр аралыкта жайгашкан. Мейманкананын эс алуучуларды өзүнө тартып турган өзгөчөлүгү дизайнында. Сиз өзүңүздү меманканада эмес маданий жайда же китепканада, кадимки искусство көргөзмөсүндө жүргөндөй сезесиз.

Мейманкананын ар бир бөлмөсү да кайсы бир адабий чыгарманын тематикасына окшош стилде жасалгаланган. Д емек, сиз дүйнөлүк классиктердин кайсы бир чыгармасын жакшы көрүп, кайра-кайра окуп жүргөн болсоңуз, анда бул мейманканада сиз жактырган чыгарманын тематикасына үндөшүп жасалгаланган бөлмөдө эс алсаңыз жарашат.

Poseidon Undersea Resort мейманканасы
Дүйнөнү таң калтырган 6 мейманкана

Poseidon Undersea Resort мейманканасы Фиджи Республикасынын Посейдон аралында жайгашкан. Океан алдында 15 метр тереңдикте орун алган бул мейманкананын ар бир бөлмөсү айнектен жасалган. Эс алуучулар океан алдындагы жашоо менен жакындан таанышып, эс алуусун эсте каларлык кылып өткөзө алат.Баарыңыздар билгендей аквариумдагы балыктарды карап отуруу сресстен арылуунун эң мыкты жолу.Ал эми сиз бул мейманканада бүтүндөй океан алдындагы жашоону карап отурасыз, карап жатып уктасаңыз да болот.

Бөлмөлөр ар бири өз-өзүнчө айнек капсулалардан турат,ичинде сизге керек болгон баардык шарты бар.Кааласаңыз суу астында саякаттай аласыз, океан астында отуруп китеп окусаңыз да болот.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}