Дүйнөнүн эң кооз шаарлары

Дүйнөнү кыдырып саякаттоону ким гана каалабасын. Кыялыңызда дүйнө кыдырууну пландап жүргөн болсоңуз төмөндөгү \»Дүйнөнүн эң кооз шаарлары\» деп табылган 10 шаарда болууну да пландай жүрүңүз.

Франциянын баш калаасы-Париж

Париж шаары өзүнүн кучагына көптөгөн атактуу инсандарды камтыган жана башка чет өлкөнүн актёрлордун да кызуусун арттырган шаар. Бул шаар жөнүндө көптөгөн кинолор тартылган. Чындыгында Париж аябай кооз шаарлардын бири жана кооз шаарлардын алдыңкы сабында туруп келет. Бул кереметтүү романтикалык шаар, бүткүл дүйнөлүк коомчулук тарабынан “дүйнөдөгү эң кооз шаарлардын бири деп табылган. Париждин атагын чыгарган бир гана Эйфел мунарасы менен Лувр музейи гана эмес. Бул кереметтүү шаардын көптөгөн тарыхый имараттары, парктар, дүкөндөр жана башкалары менен сыймыкта алышат. Ал эми, Парижге барган ар бир турист, сөзсүз түрдө Мона Лизаны көрүү үчүн Лувр музейине баш бакпаса болбос.

Дүйнөнүн эң кооз шаарлары
Англиянын баш калаасы-Лондон

Лондон, бул шаарды кимдер гана билбейт жана бул шаар тууралу уккан адам, дароо эле Лондонго байланыштуу ар кандай нерселерди элестетет. Кимдир Биг-Бен жана Тауэр жөнүндө, кимдир бирөө эки кабаттуу автобустар жөнүндө, кимдир Лондондогу тумандар жана жамгырларды элестетет. Ал эми кино сүйүүчүлөрү алгач эле Шерлок Холмсду элестетсе керек. Лондондун абасы таң калтыраарлык таптаза аба, бул албетте Улуу Британиянын борборуна биринчи жолу келип жаткандарды таң калтырбай койбойт. Ошондой эле, Лондондо Европадагы эң бийик имарат, Лондон Көзү имараты жайгашкан.

Дүйнөнүн эң кооз шаарлары
Бразилиянын баш калаасы-Рио-Де-Жанейро

Футболдун дүйнөлүк борбору жана карнавалдын мекени деп да саналган жана 2014-жылы дүйнөлүк футбол боюнча чемпионаттыкты өз кучагына алып жакшы маанайды тартуулаган Бразилиянын борбор шаары Рио-Де-Жанейро 3 орунду ээлейт. Шаар Бразилиянын маданий, экономикалык борборлорунун бири. Айрыкча Рио де Жанейрого көпчүлүк туристтер, белгилүү Бразилия карнавалын өткөрүү убагында келип көрүп кетүүнү самашат…

Дүйнөнүн эң кооз шаарлары
Күн чыгыш мамлекетинин баш калаасы-Токио

Азыркы учурда Кытайдын Шанхай шаары, калкынын саны боюнча дүйнөнүн эң чоң шаары болсо, ал эми Токио жеринин аянты боюнча дүйнөдөгү эң чоң шаар болуп саналат. Токио шаары өзүнүн заманбап Токио дүйнөлүк экономикалык, финансылык борборлордун бири. Заманбап шаарлардын сап башында турат.

Дүйнөнүн эң кооз шаарлары
Асман тиреген имараттардын шаары-Дубай

Дубай жаңыдан гана өнүгүп келе жаткан шаарлардын бири. Ошентсе да Дубай азыркы учурда ири соода экономикалык борборго айланды. 1996-жылы Дубайда нефть табылгандан баштап өтө тез темп менен өнүгө баштады. Дубайда көптөгөн фирмалардын офистери, магазиндер, асман тиреген курулуштар, отельдер жана башкалар жайгашкан. Дубайда ошондой эле дүйнөдөгү эң чоң ырдоочу музыкалык фонтан оорун алган жана ошону менен бирге дүйнөдөгү эң бийик имаратты менен мактаныша алышат…

Дүйнөнүн эң кооз шаарлары
Нью-Йорк

Бул шаарды “Дүйнөнүн борбору” деп аташат. Нью-Йорк Америка Кошмо Штаттарынын эң чоң жана саясий, маданий, экономикалык мааниси бар шаарларынын бири. Борбордук парк, эркиндик статуясы, Манхеттен сыяктуу аталыштарды укканда, көптөгөн туристтерди кызыктырат.

Дүйнөнүн эң кооз шаарлары
Кейптаун

Кейптаун Туштук Африка республикасынын ири шаары. Спорттун “серфинг” (суу лыжасы) түрү боюнча, дүйнөлүк борбор деп да аташат. Кейптаунда жагымдуу аба ырайы, экзотикалык климат, пляждар жана башка ушундай жерлерине туристтер агылып келчүү жерлери көп.

Дүйнөнүн эң кооз шаарлары
Мысырдын баш калаасы-Каир

Каир Египет араб республикасынын (Мисир) борбор шаары. Көптөгөн кылымдык тарыхка ээ болгон байыркы шаар. Мечиттер, Пирамидалар оорун алган. Пирамидалардын ичинен Хеопс пирамидасы дүйнөнүн жети кереметинин бири болуп саналат. Көптөгөн ири базарлар, тарыхый эски имараттар, жана заманбап көк мелжиген үйлөр жайгашып, Каир кайталангыс кооз шаарлардын катарында 8 орунда турат.

Дүйнөнүн эң кооз шаарлары
Тарыхий шаар-Стамбул

Стамбул Европанын жана Турциянын эң ири шаары болуп эсептелет. Европа жана Азияны ажыратып турган Босфор кысыгынан оорун алган шаар. Байыркы шаарлардын бири, мурдакы аталышы Константинопол. Азыркы учурда Стамбул чыгыш менен батыштын маданиятын айкалыштырган, заманбап шаарлардын бири.

Дүйнөнүн эң кооз шаарлары
Сидней

Австралиянын эң ири шаары болгон Сидней дүйнөнүн эң кооз шаарларынын 10 орунун камсыз кылып турат. Сидней шаарында көзгө толумдуу кооз жерлери, кооз имараттар, кызыктуу эстеликтер көптөгөн туристтердин кызыгуусун арттырып келет.

Дүйнөнүн эң кооз шаарлары

Айбат

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}