Эң биринчи

Төмөндө жалаң эң биринчи ачылыштар, эң биринчи ойлоп табуулар, биз колдонуп жүргөн айрым буюмдардын жаралуу тарыхы тууралуу сөз болмокчу. Мисалы: эң биринчи топ кайда пайда болгон билесизби? А эң биринчи жолу үтүктү ким ойлоп тапкан, аны алгач кантип колдонушкан? Мунун баарын бул макаладан таба аласыз.Топту эң биринчи ким ойлоп тапкан жана ким ойноп баштаганы белгисиз. Анткени байыркы общиналык коомдон баштап эле топ жасап алып ойноп келишкен. Түндүк америкалык индеецтер топту жаныбарлардын терисинен жасашса, япониялыктар катуу материалдан тоголоктоп кылышкан.

***

Шоколад 1819-жылы даярдалган. Бирок, бул дата шоколаддын туулган күнү катары эсептелинбейт. Анткени буга чейин эле шоколадды суусундук катары суюк түрүндө даярдашчу. Анан да кызыгы эркектердин ичимдиги катары эсептелинчү. Алгачкы учурларда шоколад “Kakawa” деп аталган. 1700-жылы Англияда биринчи жолу шоколадка сүт кошуп даярдалган. Бул болсо анын ачуу даамын бир аз жумшарткан. 18-кылымда шоколадды даярдоо боюнча Англия, Франция жана Испания алдына эч кимди чыгарчу эмес.

***
Учурда кагаз салфеткалардын түрлөрү бар жана маанилүү нерсе катары жашообуздан орун алды. Бир гана жолу колдонууга арналганы менен абдан керектүү буюмдун катарын толуктайт.
Көрсө салфетка байыркы Грецияда эле колдонулчу экен. Бирок албетте азыркы көрүп жүргөн салфеткалардай эмес. Ал учурда жалбырактар бул кызматты аткарышкан. Кийинчирээк Римде материалдан майлыктар чыгарылган. Ал эми жанатан бери сөз болуп жаткан кагаздан жасалган салфеткалар Японияда 20-кылымда гана жасалып баштаган.

***

Адамзаттын нанга болгон муктаждыгы 15 миӊ жыл мурда эле пайда болгон. Таш доорунда данды эки таштын ортосуна жанчып алып жешсе, кийинчирээк сууга аралаштырып жеп башташкан. Археологиялык казуулар биринчи нан ботко түрүндө болгонун тастыктайт. Камырды ачытып нан жасоо алгач байыркы гректерде, римдиктерде жана египеттиктерде башталган.

***

Баарынан кызыгы үтүк пайда болгонго чейин көмөч казанга окшош идишке көмүрдүн чогун салып алып үтүктөшкөн. Көмүр менен иштеген үтүк болсо 18-кылымдын ортосунда пайда болгон. Бирок, бул үтүктөр абдан оор болуп кээ бирлеринин салмагы 10кг га чейин жеткен. 19-кылымда көмүрдүн ордуна спирт же керосин күйгүзүп пайдаланышкан. Атайын темир идишке спиртти же керосинди куюп аны күйгүзүп ысып чыккандан киийн үтүктөп башташкан. 1903-жылы Эрл Ричардсон электр менен иштеген үтүктү ойлоп тапкан. Бул ойлоп табуусу көптөгөн кожойкелер тарабынан бааланган.

***

Биринчи троллейбус пайда болгон өлкө — Германия. Троллейбустун “атасы” инженер Вернер фон Сименс. Бирок ага бул идеяны агасы Вильгелм Сименс берген. Ал эми биринчи троллейбустук линияны Берлинде 1882-жылы июнь айында экперимент кылып көрүшкөн. Ал кездеги троллейбусту сегиз дөӊгөлөктүү арабадай элестетсеӊиз болот.

***

Скрипка заманбап көрүнүшкө жеткиче бир топ жолду басып өтөт. Анын тарыхы Индиядан башталат. Ал эми скрипка ким тарабынан ойлоп чыгарылганы так белгисиз. Скрипка азыркы биз көрүп жүргөндөгүдөй формага 1550-1600-жж аралыгында ээ болгон. Эӊ мыкты жана сапаттуу деп эсептелген скрипкалар 16-17-кк да жасалган. Италияда бул музыкалык аспапты жасоо жагынан алдына эч кимди чыгарбаган усталар болгон. Алардын бири Николо Амати. Ошондой эле анын шакирти Антонио Страдивари да мыкты скрипкаларды жасаган.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}