Эки түрдүү аялдын айырмасы

— Биринчиси, жолдошунун кылган ишин колдоп-кубаттап, анын иш кылуусуна шарт түзүп берет жана айрым кемчиликтерин көрмөксөн болуп коёт. Экинчиси болсо, жолдошунун катасын көрөрү менен “сага айтпадым беле?!”,-деп сүйлөнө баштайт. Натыйжада ортодо келишпестик башталат.— Биринчиси туура кыла алган иштерин жасап, жашоодогу максаттарын айтуу менен жубайына туура жолду көрсөтөт. Ал эми экинчиси кайсыл ишти кантип кылышты, кантип туура жашоону үйрөтө баштайт.

— Биринчиси перзенттеринин ар бирине окуу зарыл экенин түшүндүрүп берет. Экинчиси перзенттерин окууга мажбурлайт.

— Биринчиси ишканасында баары менен тил табышууга аракет кылат. Экинчиси болсо, баарынан көбүрөөк көзгө урунуу үчүн иш кылат.

— Биринчиси перзенттери өз жашоо тажрыйбасын арттырышын каалайт. Аларды оор мезгилдерде колдоп-кубаттап турат. Экинчиси үй-бүлөсү бар балдарынын жашоосуна да аралаша берет. Аларга зарыл же зарыл эмесине карабай, балдарды кантип тарбиялоону үйрөтөт.

— Биринчиси кайын энесинин пикирин унчукпай угуп аларга кошулат. Өзү туура деп билгендерин аткарат. Ал эми экинчиси каршы пикир айтууга ашыгат. Ата-энеси насыят айтса алар менен талашып-тартышат.

— Биринчиси адамдарды тарбиялоону өз амалынан баштайт. Экинчиси адамдарды тарбиялоону каалайт бирок эмнеден баштоону билбейт.

— Биринчиси бактылуулук чындыкта деп билет. Экинчиси бай адамды бактылуу деп билет.

Талгат Мураталиев

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}