Элесепет тууралуу кызыктар

Элесепеттин популярдуулугу автомобилдердин пайда болуусу менен басаңдай баштаган. Анткени алар элесепеттер жолдо жүрүүгө тоскоолдук жаратышат деп эсептеген. 40-жылдын аяктарында АКШда элесепетти жаш балдардын оюнчугу иретинде көрүп калышкан. 60-жылдардан кийин кайрадан элесепетге суроо-талап өсө баштагандыгын Амстердамда атайын элесепеттер үчүн 3 кабаттуу токтоочу жай курулгандыгынан байкасак болот. Элесепет тууралуу эмне билесиз? Элесепет тууралуу кызыктар:1.Азыркы күндө элесепетнын 15ке чукул түрү бар.

2. Элесепет эң көп колдонулган өлкө болуп Дания саналат. Бир адам орто эсеп менен 1 жылда 900 км аралыкты элесепет менен басып өтөт.

3. Европанын көпчүлүк шаарларында элесепетти көчөдөн эле ижарага алып кетүүгө болот. Копенгаген шаарында каалаган убакытка чейин бекер эле алып колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

4. Амстердамда атайын элесепетчендаер үчүн мейманкана бар. Ал жерде оңдоо кызматы, элесепет менен экскурсия программасы камтылган.

5. Дүйнөдөгү 95% элесепет Кытайдан жасалат. Себеби, бул өлкөдө жумуш күчү арзан болгондугуна байланыштуу бардык элесепет өндүрүүчү фирмалар өндүрүштү бул жакка көчүрүшкөн.

6. Дүйнөдөгү эң чоң элесепет «Франкенсайкл» деп аталат. Анын бийиктиги 4,40 метрди, диаметри 3,5 метрди түзүп, 1989-жылы Калифорниялык Дейв Мур тарабынан жасалган.

7. Эң узун элесепет 1988-жылы жасалып, ал 22,24 метрди түзгөн. Анда 4 кишилик орун болуп, салмагы 340 килограммды түзгөн. Бул элесепеттти ойлоп тапкан Жаңы Зеландиялык Терри Тесман болуп саналат.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}