Эмблемалар эмнени билдирет

Азыркы заманда унаа үйдөн кийинки эле орунда турган материалдык зарылчылыкка айланды. Кандай шартта болбосун, каалаган жериңе жеткирген унаалар чыккан тегине карата көп түрлөргө бөлүнөт. Ал эми анын тегин аныктаган логотиптер жөн гана белги эмес, анда терең сыр жатат. Эмесе, айдап жүргөн унааңыздын тарыхына кайрылып ал тууралуу билип алыңыз.

Эмблемалар эмнени билдирет

Унаа чыгаруучу япондун “Хонда” компаниясынын негиздөөчүсү — инженер Соитиро Хонда. Ал 1946-жылы Хонданы техникалык изилдөө институтун ачып, ал институттун ичинде алгач мопед жана чакан моторлорду жасап баштаган. Ал унаанын маркасында өзүнүн атынын баш тамгасы турууну каалап, “Н” деп койгон.

«Хонда» компаниясы жеңил унааларды, мотоцикл жана ар кандай техникаларды чыгарат. Аталган компаниянын башкы штабы Токиодо жайгашкан.

Эмблемалар эмнени билдирет

1913-жылы Мюнхенде Карл Рапп менен Густав Отто авиамоторлорду жасоочу чакан фирма ачышат. Бул фирмага Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда аябай көп буйрутма бериле баштайт. Мындан улам фирманын ээлери Bayerische Motoren Werke (Бавариянын мотор заводу) — BMW деген аталыштагы авиамотор чыгаруучу завод ачышып, ал 1917-жылы каттоодон өтөт. Согуш бүткөндө немистерге авиамотор чыгарганга тыюу салынып, жыйынтыгында эки дос мотоцикл чыгарууга, андан кийин автоунаа чыгарууга өтүшөт. BMWнын биринчи унаасы 1928-жылы чыккан.

Эмблемалар эмнени билдирет

Япониянын «Ниссан Мотор» компаниясынын негизделген жылы 1933-жылдын 26-декабры деп көрсөтүлгөн. Бул компания жеңил, жүк ташуучу жана автобустарды чыгарат. Мындан тышкары спорттук кайыктарды, спутник менен байланыштарды жана башка техникалар менен муктаждарды камсыз кылат. Ал эми эмблемасына токтоло турган болсок, чыгып турган күнгө фирманын аты жазылган.

Эмблемалар эмнени билдирет

Япониянын “Toyota” унааларды чыгаруучу компаниясы — дүйнөдөгү ири компаниялардын бири. Аталган компания 1935-жылы текстиль станокторун чыгаруучу заводун ишке киргизип, аны негиздөөчүнүн улуу баласы Сакичи Тойода жетектеп баштаган. Ал Америкадан чыккан унаалардын үлгүсүндө жеңил жана жүк ташуучу унааларды чыгарып баштайт. Чыгарган унаалардын атын өзүнүн фамилиясынан Тойота деп атаган. Эмблемасындагы эки сүйрү тегеректин кесилиши “айдоочу менен унаанын жүрөгү биригип бир дем менен иштейт” дегенди туюнтат. Дагы бир мааниси – чексиздикти билдирген бул белги менен негиздөөчүлөр “корпорациянын келечеги кенен” деген сөздү айткылары келген.

Эмблемалар эмнени билдирет

Япониянын жеңил унааларды чыгаруучу «Лексус» компаниясы “Toyota Motors” корпорациясынан бөлүнүп чыккан. Андагы учу кайрылып турган “L” деген белги “жасалгасы жагынан эч нерсеге муктаж эмес” дегенди түшүндүрөт. Lexus LS400 унаасы сырткы көрүнүшү боюнча эч жери Япониядан чыккан унааларга окшош эмес. Себеби бул унаа атайын АКШнын стилине ылайыкташтырылып жасалган.

Эмблемалар эмнени билдирет

Белгилүү немис конструктору Фердинанд Порше 1934-жылы дүйнөгө белгилүү “Porsche AG” компаниясын негиздеген. Ал компанияны ачкан жылы Германия өкмөтүнөн жеңил унааларды чыгаруу боюнча буйрук алып буйрутмаларды аткара баштайт. Чыккан жеңил автомобилдерге «Фольксваген» деген ат беришкен. Бул сөздү кыргызча которгондо “элдик автоунаа” дегенди түшүндүрөт. Ал “Volkswagen” жазуусунун кыска аталышын W, V тамгалары аркылуу түшүндүрүүнү туура көргөн. Учурда бул компания жеңил унаадан тарта жүк ташуучу жана чакан унааларды дагы чыгарып келет.

Эмблемалар эмнени билдирет

“Ауди” компаниясы 1909-жылы Август Хорьх тарабынан негизделген.

“Ауди” компаниясы 1934-жылы Германиядагы мотоцикл жана унаа чыгаруучу “ДКВ”, “Вандерер” жана “Хорьх” үч ири фирмалар менен биригип, “Ауто юнион” деген аталышты алат. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин “Ауто юнион” компаниясы банкротко учурап, өлкөдөгү акциянын эң көп бөлүгүн ээлеген “Мерседес Бенц” фирмасы “Ауто юнион” компаниясын 1964-жылы “Фольксвагенге” сатып жиберет. 1965-жылдан тартып “Ауто юнион” өз күчүнө кирип, “Даймлер-Бенц” көзөмөлү менен 1967-жылы “Ауди” компаниясы деп атала баштайт.
1968-жылдан тартып “ДКВ”, “Вандарер”, ”Хорьх” жана “Ауди” 4 компанияны чагылдырып, бири-бирине кийишкен 4 даана тегерекчени эмблема катары чыгарышат. Ошентип, эмблемасындагы 4 шакекче анын тарыхын чагылдырып, 4 компаниянын биригишин билдирет.

Эмблемалар эмнени билдирет

Айлананын ичинде кеткен үч сызыкча биринчи жолу 1909-жылы Даймлер фирмасы тарабынан чыгарылган кыймылдаткычтарда пайда болгон. Ошол кезде \»Даймлер Моторен Гезелльшафт\» сууда жүрүүчү, абада учуучу жана жерде кетүүчү транспорттук техникаларынын, үч стихияда тең бирдей кызматты аткарган унаалардын логотиби болуп, үч сызык үч стихияны чагылдырып турган. Эмблеманын келип чыгуу тарыхы да 1880-жылы Готлиб Даймлер тарабынан ойлонуп табылган. Бүткүл дүйнөгө таанымал болгон Мерседестин күйөрмандары жакында эле анын 125 жылдык мааракесин белгилешти.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}