Эне курсагындагы бөбөк

Наристе: Оо жараткан , эртең мени дүйнөгө жиберериңди уктум, бирок мен ал нерсеге даяр эмесмин, алсызмын, ал жерде
кантип жашаймын?

Жараткан: Сен эч кабатыр болбо. Периште сыяктуу бирөө сени ал жакта күтүп турат. Ал сени бардык кырсыктардан коргойт. Кечкисин ыр ырдап, күндүз болсо мээримин төгүп көздүн карегиндей сактайт. Ошентип, сага деген мээримин байкап бактылуу болосуң.

Наристе: Ал эми мен, мага сүйлөп жаткан адамдардын тилин кантип түшүнөм?

Жараткан: Ал периште сага дүйнө жүзүндөгү эң сүйкүмдүү, кулакка уккулуктуу сөздөрдү сүйлөп, сага сүйлөшүүнү жана пикир алышуу-ну сүйүү аркылуу үйрөтөт.

Наристе: Оо, кудуреттүү Жараткан, сени менен сүйлөшкүм келген учурда эмне кылам?

Жараткан: Периштең колуңду ачып дуба кылууну да үйрөтөт.

Наристе: Жер жүзүндө жаман адамдар болгонун да уктум. Ал адамдардан мени ким коргойт?

Жараткан: Албетте, периштең коргойт. Ал өз турмушу канчалык кыйынчылыкта болбосун, өз жанын кыйып, сени коргоого ар дай-ым даяр.

Эне курсагындагы бөбөк, Жараткандан акыркы суроосун суроону чечет.

Наристе: Оо Жараткан, эгерде мен азыр кете турган болсом ал периштенин аты ким, айтчы?

Жараткан: Ага сен “АПА” деп кайрыласың.

Бейиш эненин таман аcтында. Хадис

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}