Эне сүтүнөн кечүү

Бир оорукчан кемпирдин жалгыз баласы бар экен. Кемпир абалынын начардыгына карабай жалгыз эркек баласын багып, өстүрүп чоңойтуптур. Баласы да энесин тартып оорукчан экен, элдин балдарындай отун алып, от жагып, мал бага албайт. Ошонусуна аябай кейип, энесин аяп, эмне кыларын билбейт.-Энемди карыганда кантип багам? Элдин балдарындай күчүм жок, — деп өзүн өзгөдөн кемсинтип, намыстанат. Энеси да, жалгыз баласынын ушинтип калганына жүрөгү зилдеп жүрөт.

Ошентип, уулу көп нерсени кыялданып, оорумдан айыксам, энемди көкөлөтө көтөрүп багам, жүрөгүн оорутпайм, эмген эмчек сүтүн актайм, — деп кыялданчу. Ошол сөздөрүн эргип отуруп айтчу.

Бирок бечара уулу бул тилектерине жетпей, оорусунун айынан көз жума турган болот. Төшөктө жатып:

-Энеке мен сенин ак сүтүңдү актай албай кеткени жатам… Кечир… — дейт да, ээгин араң кыбыратып барып, тилден калат. Эки көзү гана калат жалдырап.

Жанында отургандар жаны үзүлө албай жаткан баланы карап туруп:

-Ак сүтүмдү кечтим – деп айт – дешет энесине.

Эне да. Эне кантип өз чүрпөсүн өлүмгө кыйсын. Айта албайт. Жан дегендин чыгышы кыйын болот. Бала түпкүчтөй түйүлүп, чыдабайт.

Акыры баласын оор кыйноого салып кудай алдында күнөлүү болуудан сактанып, энелик соңку бир сөзүн айтып:

-Ак сүтүмдү кечтим, айланайын жалгызым…-деп эчкирип кучактап жыгылат. Уулун төрөгөндө эң биринчи ирет кучактагандай, акыркы ирет кучактайт.

Ошондо ушуну гана күтүп турган наристе бала көшүлө түшүп денеси суналып жатып калат.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}