Эне жана гений

Күндөрдүн биринде Томас Эдисон мектептен үйгө келип, эжейи берген катты апасына карматты. Апасы көзүнөн жашы тамчылаган калыбында үнүн чыгарып катты окуду: “Сиздин уулуңуз-гений. Мектепте алып жаткан билим уулуңуз үчүн жетишсиз, сиздин уулуңузга керектүү билимди бере турган мугалим да жок. Өтүнүч, уулуңуздун билим алуусуна шарт түзүңүз.”Арадан бир нече жылдар өтүп, апасынын көз жумганына да бир топ жыл толот. Бул учурда Эдисон кылымдын улуу ойлоп табуучуларынын бири эле. Күндөрдүн биринде эски сүрөттөрдү барактап отуруп, баягы бир мезгилде апасына алып келген, эжейи берген катка көзү урунат. Катты колуна алып, ачып окуй баштайт: “Сиздин уулуңуздун акыл-эси кем. Биз мындан ары уулуңузду башка окуучулар менен бирге окута албайбыз. Ошондуктан, аны өз алдыңарча үйдө окутууну сунуштайбыз.”

Катты окуган Эдисон бир нече саатка көзүнүн жашын токтото албады. Анан өзүнүн күндөлүгүнө төмөндөгү эскермени жазып койду:\»Томас Алва Эдисон акыл-эси жетишпеген бала болчу. Бирок, алкышка арзыган апасынын көмөгү менен өзү жашаган кылымдын генийи боло алды.”

Тарыхка кайрыла турган болсок, Эдисон академиялык билимди 12 жашына чейин гана алган. Андан кйин бир да мектепте, колледжде, университетте да окуган эмес. Эгерде анын апасы болбогондо, мүмкүн башка балдар менен бирге мектепте окуганда деле, ким билет ТомасЭдисон ушундай бийиктикке жетип, кылымдын ойлоп табуучусу болот беле?…

Бир нече жылдан соң ойлоп табуучу өзү, төмөндөгү сөздү айткан жайы бар:

“Менин бул бийиктикке жетишиме апам себепкер. Ал мага аябай ишенет эле, мен аны сезчимин. Мен ким үчүн өмүр сүрүп жатканымды билем. Апамды уят кылууга акым жок.”.

Томас Эдисон, кадимки биз көрүп жүргөн электр лампасын, фонограф, телефон, кинетоскопту ойлоп табууга катышкан.

Ар бирибиз күндө бери дегенде 20 жолу айткан “алло” сөзүн телефондук сүйлөшүүлөрдүн башында колдонууну сунуштаган дал ушул адам.

Томас Эдисон Американын өзүндө эле ойлоп табууларын мыйзамдаштырган 1093 патент алган.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}