Эненин көзү

Кичинекей кыз өзүн тааныгандан бери, апасынын жакшы гана сөздөрүн угуп чоңоёт. Апасы ага ар дайым, аппагым, супсулуум деп кайрылчу. Бирок, мектепке баргандан баштап бул абал өзгөрдү. Классташтары эч кандай сулуу эмес экенин, жада калса кейпи суук экенин айта баштады.Кичине кыз башында буга ишенген жок, себеби бары бир өзүн сулуу сезчү. Арадан бир нече жыл өтүп, чындык ортого чыкты. Кыздын көзү кыйшык болгондуктан, жүзү да жагымсыз көрүнө баштады. Акыры, апасынын канча жылдан бери алдап жүргөнүнө ачууланат. Апасына болгон сүйүүсү жек көрүүгө айланат. Көзүн канча дарылатса да оңолбойт. Дарыгерлерден бара-бара көрүүдөн ажырай турганын укканда чыдай албай, үйдөн чыгып кетүүнү чечет. Бирок, апасы андан мурун башка жерден жумуш таап, үйдөн чыгып кетет. Тапкан акчаларын тууганына жөнөтүп, кызын багуусун өтүнөт. Бир канча жылдан соң кыз чындап эле көрбөй калат.

Дарыгерлер бир күнү ылайыктуу көз табылганын айтып, кызды операция кылышат. Кыз операциядан чыгып, мурунку жүзүн көрүүдөн коркуп турду. Күзгүгө келип, акырындан көзүн ача баштайт. Каршысында дүйнө периси тургандай сезилди. Жүзүндөгү тактар да анчейин байкалбайт. Баардык тарабы келишимдүү болуп калган эле. Кубанганынан дарыгерди кучактап, өзүмдү кайрадан дүйнөгө келгендей сезип жатам, жүзүмдө эч кандай жагымсыз так калбаптыр деп рахматын айтат. Дарыгер жылмайып, “кызым, биз болгону апаңдын көздөрүн тактык”,- деп жооп берет.

Кооздукту көрүү үчүн көздүн көрүүсү сулуу болушу керек.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}