Эс тутумду күчтөндүрүүнүн 10 жолу

Адамдар белгилүү бир жашка келгенде унутчаак болуп баратканын айтып капа болгонун угабыз. Бирок окуучулар, студенттер деле сынак учурунда азыр эле окуганын, даярданган темасын унутуп калып сынакта кыйынчылыкка туш болгону адаттагы эле көрүнүш. Мунун себеби эмнеде,карылыкпы же оорубу? Унутчаактыктан кантип арылып, эс тутумду кантип күчтөндүрсө болот? Жогорудагы макалада эс тутумду жакшыртуунун 10 жолун сунуштайбыз.

Эс тутумду күчтөндүрүүнүн 10 жолу

1. Сол кол көнүгүүсү

Күнүмдүк иш аракеттериңизде оң колуңуздун ордуна сол колуңузду көбүрөөк колдонуңуз. Мисалы:чачыңызды сол колуңуз менен тараңыз, калемди сол колуңуз менен кармоого аракет кылыңыз.Эгер сологой болсоңуз, анда тескерисинче оң колуңузду көбүрөөк иштетиңиз. Бул көнүгүүнү аткаруу менен кайталанма адаттарыңыздан арыласыз жана колдонулбай, уктап жаткан мээңиздин жарым бөлүгү да иштеп баштайт.

2. Бала оюну көнүгүүсү

Жумушка, дүкөнгө же базарга бара жатканыңызда кадимки жаш бала сымал толкунданыңыз, баардык сезимдериңизди ойготуңуз. Өзүңүздү жандуу жана жайдары алып жүрүңүз. Эч качан баарынан тажаган сымал кайдыгер түр көрсөтпөңүз. Кесиптештериңиз менен баарлашыңыз. Дүкөн же базар аралап жүрүп, баарын кармап көрүңүз, жыттап көрүңүз, кийип көрүңүз, угуп көрүңүз ж.б. Бул көнүгүүнүн жардамы менен уктап жаткан сезүү органдарынызды ойгото аласыз. Сезүү органдарынызды канчалык көп колдонсоңуз эс тутумуңуз ар дайым жандуу аракетте болот.

3. Тамга көнүгүүсү

Колуңузга газета жана түстүү калем алыңыз. Кезек-кезеги менен арбир параграфты окуп, жанаша жазылган сөздөрдүн баш тамгасын жана аяккы тамгасын боёңуз. Бир аз убакыт өткөн соң бул сиздин концентрацияңызды ойготконун байкайсыз. Бул көнүгүү мээнин жандануусун, жакшы иштөөсүн шарттайт.

4. Детектив көнүгүүсү

Өзүңүзгө ар дайым “Кече кечинде эмне кылдым? Бир саат мурун эмне кылдым?” деген сыяктуу детективдин суроолорун бериңиз. Албетте, бул суроолорго жооп да бериңиз. Көнүгүү соңунда кылган иштериңиздин маанисин билесиз, эсиңизде да жакшы сакталат.

5. Аскер көнүгүүсү

Аскер кызматын өтөп жүргөн убагыңызды же мектептеги аскердикке даярдоо сабагын эстеңиз. Аскер сымал кадам таштаңыз, сол бутуңуз менен бирге оң колуңузду, оң бутуңуз менен бирге сол колуңузду көтөрүп кадам таштаңыз. Мындай кайчылаш кыймыл мээңиздин эки тарабынын бирдей иштөөсүн шарттайт.

6. Сүрөтчү көнүгүүсү

Мурунуңуздун учунда бир кыл калем турат деп элестетиңиз. Кыл калем менен абага өзүңүз жактырган түстөгү чексиздин белгисин же жаткан сегизди сызыңыз. Бул аракет уктап жаткан мээңизди дароо ойготот жана мээнин иштөөсүн кулпулап койгон стресстен арылтат.

Эс тутумду күчтөндүрүүнүн 10 жолу

7. Агент көнүгүүсү

Бул көнүгүүнү көчөдө кылсаңыз ыңгайлуу. Айланаңыздагы авто унаалардын номурларына караңыз, номурдагы тамгалардан сөз, керек болсо сүйлөм түзүүгө аракет кылсаңыз мээнин ар дайым кызматта болуусун шарттайт.

8. Сүрөт көнүгүүсү

Бул көнүгүүнүн жардамы менен телефон номурларды, тизмелерди оңой жаттап кала аласыз, эстеп калуу мүмкүнчүлүгүңүз артат.Ал үчүн кагаз калемалыңыз жана кагазга шам,кактус,төрт илик чөптүн сүрөтүн тартыңыз. Ар бир сүрөттү сан деп элестетиңиз. Тарткан сүрөттөрүңүздөн кайсы бир номурду чыгарыңыз кайра сандан тарткан сүрөтүңүздү чыгарыңыз. Бул көнүгүүнү көп кайталасаңыз сизге кагазга тизме же номурларды жазып жаттоонун кажети жок болуп калат.

9. Тарых көнүгүүсү

Өмүр баяныңызды жазыңыз. Балалык күндөрүңүздү, биринчи жолу мектепке барганыңызды, эң биринчи досуңузду, биринчи жолу ким менен отурганызды, биринчи эжейиңизди эстеңиз. Адамдарды эске сактап калуумду жакшыртам десеңиз бул көнүгүүнү көп кайталаңыз.

10. Гипноз көнүгүүсү
Өзгөчө стресс убагында стресске бой алдырбаңыз. Ар бир ишке сабыр сактап, салкын кандуулук менен мамиле кылыңыз. Керек учурда өзүңүздү токтото билиңиз. Унутпаңыз стресс учурунда адамдын мээсиндеги миңдеген майда кан тамырлар жарылат. Эс тутумуңузду сактайм десеңиз эч качан ачууланып, жиниңизди келтирбеңиз. Бул көнүгүүлөр сиздин мээңиздин иштешин шарттап жана эс тутумуңузду жакшыртат деген ойдомун.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}