Эс тутумду күчтөндүрүүнүн жеңил ыкмасы

Азыркы убакта жашы улгайгандар менен бирге жаштардын да эске сактоо кабылети төмөндөп жаткандыгы маалым. Анын бир канча себептери бар. Анада эмесе себептерине токтололу:Стресс: Кыжы-кыйма турмуш, ызы-чуу, шаардын көк түтүнү, зыяндуу экология эске тутуунун биринчи душманы. Таза абада сейилдөө, жумуш графигин бир калыпта сактоо, ашыкча түйшүк кылбай ар ишти өз убагында бүтурүү эске сактоону жакшыртат.

Өз убактысында тамактанбоо: Өз убагында жетишээрлик тамактанбоо, майлуу, ачуу, ашыкча таттуу тамактар менен тамактануу, газдалган суусундуктарды, кофе жана чайды көп ичүү да эске сактоону бузат.

Сак-саламат жашоо образын карманбоо: Спирт ичимдиги, чылым чегүү, энергетикалык суусундуктарды ичүү эске тутумдун №1 душманы. Бул атың өчкүрлөр мээнин иштөө функциясын начарлатат. Колдон келсе буларга жакын жолобоңуз.

В 12 витамини менен фолий кычкылынын жетишпестиги: В 12 витамини уйдун боорунда, этте, балык азыктарында, жумуртканын сарысында кездешет. Фолий кычкылы жашылча жемиште, карагатта, бүлдүркөндө, буурчакта, кызылча, сабиз, ашкабак, банан, апельсинде өтө көп кездешет. Эске тутумуңузду жакшыртам десеңиз бул азыктарды көп колдонуңуз демекчибиз.

Дары-дармекти ашыкча жана көп колдонуу:Чүчкүрсө, уйкусу келбесе, көңүлү чөксө, тамагы сиңбесе деле дары иче берүү эске сактоо жөндөмүн начарлатат. Ошондуктан олуттуу гана ооруларга дары-дармек колдонуп, анча-мынча ооруну дарынын жардамысыз эле жеңгениңз дурус.

Жогоруда айтылган кеңештерди аткарып, зыяндуу адаттардан алыс болуу менен бирге айрым математикалык амалдарды аткаруу, шахмат ойноо, ыр жаттоо, табышмактардын жообун табуу да эске сактаоону күчтөндүрөт.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}