Эйнштейнден турмуш сабактары.

Альберт Эйнштейн-мыкты физик, бир нече илимий ачылыштардын, илимий эмгектердин автору катары аты тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган. Бирок, бул инсанды өз заманынын даанышманы, улуу ойчулу да болгонун көбү биле бербейт. Бул жолу белгилүү окумуштуунун айрым кеңештерин сиздерге сунуштадык.1.Биз баарыбыз гений болуп төрөлөбүз, бирок жашоо аны оңдоп коёт.
“Чынында биз баарыбыз генийбиз. Бирок кайсыл иш колубуздан келет, эмнеге жөндөмдүү экенибизди аныктай албайбыз”

2. Баардыгына сылык жана урмат менен мамиле кылыңыз.
“Мен бардыгы менен маектеше берем, анын таштанды ташыгыч же президент болгону мен үчүн маанилүү эмес”.

3. Кокустан кез келүү болбойт.
“Күтүлбөгөн окуя же кокустан туш болуу- бул жараткандын, өзүнүн бар экендигин билдирүүсү”.

4. Жаңылуу өнүгүүнүн жана алдыга жылуунун белгиси.
“Эч качан жаңылбаган адам, жаңы нерсеге жетпеген адам”.

5.Жазалоо менен өзгөрүү болбойт.
“Эгер адам жазадан качып же сыйлык алуу үчүн эрежеге баш ийсе, анда бул жаңылыш кадам, мындан жакшы нерсе чыкпайт”.

6. Жашоо- бул кызмат өтөө.
“Өзгө үчүн өткөн өмүрдү гана өмүр деп атоого болот”.

7. Оку, оку,оку. Окууну токтотпоңуз.
“Инсандагы интеллектуалдык өсүү, төрөлгөндө башталып, өлгөндө гана токтоосу зарыл”

8. Сурагандан тажабаңыз.
“Өткөндөн сабак алып, бүгүнкү менен жашап, эртеңден үмүт этиңиз. Сурагандан, үйрөнүүдөн тажабаңыз”.

9.Ой жүгүртүүңүздү өзгөртсөңүз, жашооңузду өзгөртөсүз.
“Биз жашап жаткан дүйнө, биздин ой жүгүртүүбүздүн натыйжасында түзүлгөн. Биздин ой жүгүртүүбүз өзгөрмөйүн, дүйнө да өзгөрбөйт”.

10.Бирөөнү идеал тутпаңыз.
“Албетте, ар бир адам урматтоого жана сый мамилеге татыктуу, бирок идеал эмес”

11. Жеке интуицияңызды угуңуз
“Жеке интуиция- бул жараткандан берилген өзгөчө белек, ал эми акыл- адал кызматкер. Мен өзүмдүн ачылыштарымды акылымды гана пайдаланып кыла албайт элем”.

12. Бирөөнү бактылуу кылуу менен гана бактылуу боло алабыз.
“Өзүңдү кубандыруунун эң мыкты жолу, өзгөгө кубаныч тартуулоо”.

13. Баардыгы сизден көз каранды.
“Биз жашап жаткан дүйнө жашоо үчүн кооптуу, бирөөлөрдүн зордук-зомбулук, кайрымсыз иши үчүн эмес, ошолорду көрүп туруп унчукпагандардын айынан кооптуу”.

14.Илим жана дин бирге иштеш керек, бири-бирине каршы эмес.
“Динсиз илим чолок, илимсиз дин сокур”

15.Эң манилүүсү максат.
“Бактылуу жашоону кааласаңыз, туура максат коюп, ага умтулуңуз, байлыкка, дүнүйө-мүлккө эмес”.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}