Хамелеондун түсү кандай?

Жараткандын жаратуучулук сыпатынын чексиздигин далилдеген жандыктардын дагы бири кадимки хамелеон болуп эсептелет. Биз анын негизги өзгөчөлүгү катары айлана-чөйрөгө жараша денесинин түсүн өзгөртүшүн жакшы билебиз жана абалга жараша оюн өзгөртүп, эки башка сүйлөгөн адамдарды да бул жандыкка салыштырып келебиз.Чынында эле, хамелеон ушундай эле жөндөмдүүлүккө ээ болгон башка жаныбарлардан айырмаланып, жалпы денесин эмес, денесинин белгилүү бир бөлүгүн гана өзгөртүүгө да жөндөмдүү. Эң кызыгы – хамелеон «буга окшошоюн» же «тигиден жашынайын» деп аракет кылбайт.

Анын организми түскө жана жарыкка өтө сезгич келип, бир нече секунддун ичинде чөйрөнүн ар кандай түсүн алууга жөндөмдүү. Башкача айтканда, бул процесс анын ой жүгүртүүсүнөн көзкарандысыз, терисинин алдындагы пигменттери температуранын өзгөрүшүнөн, жарыктын таасиринен же жаныбардын коркконунан улам ишке ашат. А негизи, алар жашаган чөйрөсүнө жараша жашыл, саргыч жана күрөң түстө болушат. Ал эми хамелеондун тили кабатталып, тыкан жыйрылып турат. Аңчылыкка чыкканда, бутасына жакындап барып, тили менен «атат». Булчуңдарынын жыйрылышы менен жабышкак тили ушунчалык тез кыймылдап, бутага таамай тиет.

Кызыктуу маалымат:
Хамалеондун эки көзү бири-биринен көз карандысыз кыймылдап, бир эле учурда эки башка жакты көрүүгө ыңгайланышкан. Ар бир көзүнүн көрүү аймагы 180 градус. Хамелеондун денесинин узундугу 25-35 см. Эң кызыгы – анын тилинин узундугу денесинен 1,5-2 эсе узун болот да, толук жазылып, кайра жыйрылуусу болгону 0,1 секунданы түзөт.

Табигат сырлары

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}