Ичкилик

Адаттагыдай эле үйгө керектүү нерселерди алганы базарга бардым. Сатып алгандарымды арабага жүктөп, дагы бираз кыдырайын дедим. Жолдо арабанын оордугунан тарта албай жаткан балага жардамдашып, “бул жердин балдарына окшошпойсуң, не кылып жүрөсүң? Мектепке окуп, университетке тапшырбайсыңбы? Кийин мындай кыйынчылык көрбөйсүң, даяр жумушуң да болот?”,- деп суроо узаттым. Өспүрүм бираз үндөбөй турду да:— Туура, бул жерлик эмесмин. Тиричилик да байке! Айылда кичинекей болгон үчүн жумушка алышпайт. Ошондуктан араба сүйрөп жүрөм. Мектептеги окуумду болсо улантууга мүмкүнчүлүк болбоду. Атам ичип кеткендиги үчүн үй-бүлөбүздү багуу менин мойнумда. Анткени үйдө эң улуусу менмин!,- деп жооп берди. Эми өмүр бою араба тартып жүрөсүңбү деп суроомду уланттым.
-Билбейм…
Баланын кайраттуулугуна, үй-бүлөсүнүн жүгүн көтөрүп жүргөнүнө сыймыктандым. А бирок мындан да оор жүктү көтөрүп, үй-бүлөсүн эле эмес мамлекетке салымын кошо турган баланын келечеги туман астында турганына кейидим. Анан, ичкиликтин канчалык аянычтуу акыбетке себеп болоорун, үй-бүлөнүн бүгүнкү эле эмес, эртеки келечегине да бүлүк салаарына ынандым…

Кечээги күндөн сабак алып, бүгүнкүнүн эле эмес, эртеңкинин да камын көргөн коом гана өсүп өнүгөт.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}