Ишке болгон жөндөмдү арттырыңыз

Жаз- жай айларынын алмашышында организмге айрым пайдалуу заттар жетишпей, анын натыйжасында иммунитет төмөндөп, дене- бой ыкшоо тартып жумушка болгон жөндөмдүүлүк активдүүлүгүн токтотот. Мындай шартка кабылбаш үчүн элдик ыкмаларды колдонуп ишке болгон жөндөмдүүлүгүңүздү арттырсаңыз болот. Бул ыкмалар абдан жеңил колдонулат жана жыйынтыгы жакшы.1. Күчүңүздү калыбына келтирүү үчүн: 1 стакан таза балга 4-5 аш кашык грек жаңгагын майдалап кошуп, лимондун ширесин жана жарым аш кашык алоэ ширесин кошуп аралаштырасыз. Бул аралашманы күн сайын ар бир тамактануунун алдында 30 мүнөт алдың кабыл алып туруу керек.

2. 100 грамм инжирге жарым литр суу куюп аз отко 30 мүнөт кайнатасыз. Эки саатка тыныктырып коесуз. Андан кийин күнүнө 3 жолу тамактын алдында 30 мүнөт мурун жарым стакандан ичип коюу керек.

3. Клюквадан жасалган чай организмдин тонусун көтөрүүгө эң сонун жардам берет. Иммундук системаны калыбына келтирет. Ал үчүн, клюкванын жемишин сүргүчтөн өткөрүп, кум шекер кошуп аралаштырасыз. Көз ченем менен. Андан соң, чай ичкен чыныңызга 1 аш кашыктан кошуп иче берсеңиз болот. Суусунду кандырат жана чарчап турганда жакшы эс алууга шарт түзөт.

4. Карагаттын жалбырагынан жасалган чай дагы пайдалуу. Өсүп турган карагаттын жалбырагын үзүп келип, таза чайкап, жарым литр кайнак сууга салып демдеп коюңуз. Андан кийин чай чыныга куюп бал кошуп ичсеңиз болот. Чарчоодон арылтат. Организмди тазалайт.

5. Фундук менен сүт организмди энергияга толтурат. 100 грамм фундукту кургак сковородкага бир аз кууруп, кофе майдалагычтан өткөрүп, 50 грамм бал аралаштырып коюп коюңуз. Андан кийин сүттү кайнатып ага бир кашыктан аралашманы кошуп иче берсеңиз болот.

6. Бузинадан жасалган суусундукту ар дайым ичип жүрсөңуз, жумушка болгон активдүулүктү гана күчөтпөстөн узак жашоого да себепчи боло турган касиети бар. 15 грамм кургатылган бузинаны 500 мл кайнак сууга салып, 10 мүнөткө отту азайтып коюңуз. Андан соң ага бал кошуп ичесиз.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}