Ислам динин кабыл алган атактуулар

Дүйнөнүн белгилүү инсандары ислам динин кабыл алып, мусулмандарга боор тартып тургандары жүрөктү жылытат. Дал ошол атактуулардын эмне себептен ислам динин кабыл алышканын баяндап бермекчибиз

Л.Н. Толстой

Орус элинин жазуучусу, ойчул, орус адабиятына чоң салымын кошкон Лев Николаевич Толстой мусулман болуп, ислам динин кабыл алган. Жазуучу, кудай жөнүндө, философиялык көз караштары, трактаттары, адамдын жан дүйнөсү, билими, сүйүү жана жашоонун маңызы туурасында көптөгөн акыл ойлорду билдирип келген. Улуу жазуучуну ислам динин кабыл алганы үчүн жакын адамдары түшүнбөстүк менен андан баш тартышкан. 1870-жылдарда жазуучу “өлүм, күнөө” темаларына көбүрөөк басым кылган. Жазуучунун аялы Е.Векилова “Толстойдун балдары дагы исламды кабыл алышаарын каалап жатышат” – деген маалымат берген. “Эгерде адамга эки динди тандоого койсо, акылдуу киши сөзсүз түрдө исламды кабыл алат, анткени Кудай бир гана жана Мухаммед (с.а.в) анын элчиси деген сөзгө бекем карманып, жаратканга жалынганыбыз оң” – деп айткандары калган.

Ислам динин кабыл алган атактуулар
Майк Тайсон

Экс-чемпион Майк Тайсон темир тордун артында отуруп ислам динин кабыл алган. Ислам дининде алган аты Малик Абдул Азиз 2010-жылы Меккеге барып намаз окугандыгын өзүнүн интернет баракчасына жазып чыккан жана өз сөзүндө мындай деп айткан: \»Мен ишенем Жаратуучу бар экендигине жана мени туура жолго салат\» деп өз оюн билдирген.

Ислам динин кабыл алган атактуулар

 

Мухаммед Али

Мухаммед Али биринчи аты Кассиус Клей оор салмактагы дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Ислам динине 1965-жылы кирген анын айткан сөзү: «Мен мусулманмын мусулман динин кабыл алганыма 20 жыл болду. Бардыгыңыздар мени мушкер жана чынчыл адам катары жакшы билесиздер. Ислам дини адам өлтүргүчтөрдүн дини болсо жана туура эмес жолго алып бара турган болсо, мен ислам динин кабыл алмак эмесмин мусулман дини таза тынчтыктын дини ойлонгула. Өзүнүн жашоосунда жакшы күндөрү көп болгон, бирок Арафатка барып сыйынганы эч бир күнүнө теңелгис күн болгон. Кеч ойлонуп калганына гана өкүнгөн, дагы бир жашоом болгондо мен ислам динин тандамакмын деп айткан.

Ислам динин кабыл алган атактуулар

 

Майкл Джексон

Бүткүл дүйнөгө таанымал “поп-музыкасынын королу” аталып келген Майкл Джексон терең ишеним менен “келме” келтирип, ислам динин кабыл алган. Мыкты ырчынын мусулман болуп калышына 90-жылдын башында исламды кабыл алган бир тууган байкеси Джексон Джермейндин кошкон салымы абдан чоң болгон. Майкл билимдүү жана тажрыйбалуу шейхтерден сабак алып, “Ислам улуту” деген кыймылды уюштуруп, анын лидери болгонго да жетишкен жана бош убактысынын баардыгын куранды окуганга арнаганын айткан. Исламдын принциптерин терең түшүнгөн Джексон Бахрейндин борборундагы мечиттердин курулушуна миллиондогон доллар бөлүп, Дубайдагы бир нече мусулмандык бирикмелерге өзүнүн эсебинен банктан акча которуп бергени маалым болгон. Ал дүйнөдөн кайтканда дагы бир туугандары мусулманчылыкты бекем кармап, алакан жайып, бата кылып, куран окушуп жерге беришкени Майкл Джексондун мусулман экени дагы бир жолу даңазаланган.

Ислам динин кабыл алган атактуулар

 

Уилл Смит

Белгилүү кино жылдызы Уилл Смит ислам динин кабыл алган. Ислам динин кабыл алганынын бирден-бир себеби Мухаммед Али аттуу кино тасмага тартылып жатып акырындык менен Ислам динин кабыл алган. Мухаммед Алинин жашоосун кызыгуу менен изилдеп ошону менен бирге ислам динин изилдеп чыгып, ислам дининде чындык бар экендигине ишенип ислам динин кабыл алган.

Ислам динин кабыл алган атактуулар

 

Зинедин Зидан

Белгилүү футбол оюнчусу, профессионал спортсмен, Франция командасынын лидери, миллиондогон фанаттардын кумири болгон Зинедин Зидандын түпкү теги Алжир жана ал дагы ислам динин кабыл алган мусулман экендиги көпчүлүктү таң калтырды. Бул туурасында иниси Рабаха мындай дейт: “Ал мусулман экенин эч жашырбайт, бир гана Жаратуучуга жана анын Пайгамбарына ишенээрин айтып, исламдын бардык койгон талаптарын аткарууга аракеттенет, мисалы: Зидан бир да жолу чылым чегип, спирт ичимдиктерин колдонгон эмес” – дейт бир тууган иниси. Анын мындай жолго түшкөнүнө атасы Исмаил жана энеси Маликанын салымы чоң.

Ислам динин кабыл алган атактуулар

 

Жеңишбек Шерипбаев
Есть 1 комментарий
  1. Алардын мусульман болгонунун коом учун эмне мааниси бар ? Ишенимде тандоо ар бир адамдын жеке проблемасы … Же эмне алар мусульман болду силер да болгула деген омутто жаздынарбы ? Алардын жеке традициялары сен сунуштап турган коомдун традицияларына дал келеби?

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}