Ийгилик — бул сенин тандооң

Ар бирибиз ийгиликке жетүүнү каалайбыз, ал үчүн аракет кылабыз. Бирок ийгиликке болгон сапарыбызда көп жолу жыгылабыз, азыр эле турсак кайра чалынабыз. Көбүбүз жыгылгандан соң тургубуз келбейт, бирөөдөн жардам күтүп, андан ары жолубузду улоодон баш тартабыз. Чындыгында жыгылган оңой, кайра турганга күч табуу кыйын. Жыгылгандан тажап баскандан баш тарткан наристени көрдүңүзбү? Албетте, жок. Сиздерди, өзү койгон максатына жетип, кыялын чындыкка айланткан, шаар көчөлөрүндө сиз күндө көрүп жүргөн “Хонда” авто унаасын ойлоп таап, жасаган Соитиро Хонда менен тааныштырууну эп көрдүм.

Балалык жана келечекке кадам

Соитиро Хонда 1906-жылдын ноябрь айында карапайым устанын үй-булөсүндө жарык дүйнөгө келген. Хонданын апасы токуучу, атасы велосипед оңдоочу болгон. Ошол кездеги жаш баланын кыялы болгон Форд-Т авто унаасы жана бензиндин жытын жакшы көрүүсү келечекте ким болорунан кабар берип тургандай.

Мектепти аяктаган соң 1922-жылы 15 жаш курагында, өзү каражат табуу максатында атасы менен апасын таштап Токио шаарына келген Хонда, алгачкы айларда эңсеген жумушуна кире албай, башка жерде иштеп күн өткөзүп жүрдү. Мындай көрүнүш 1923-жылдагы Токиодогу катуу жертитирөө болгонго чейин уланды. Жер титирөөдөн соң заводдо иштеген усталардын көбү жумуштан чыгып, өз үйлөрүн оңдоо менен алек болуп жаткан абалдан пайдаланып, Хонда кыялындагы жумушка орношту. Устаканалардын бирине авто унаа оңдогуч болуп иштей баштады. Ошентип, келечекте өз машинесин жасоо үчүн тажрыйба топтоого шарт түзүлдү.

Ийгилик - бул сенин тандооң
Ийгиликке карай биринчи кадам

Өзүнүн 300дөн ашуун патентинин ичинен эң алгачкысын 1928-жылы автоунаалардын дөңгөлөгүндөгү жыгач чабактардын ордуна, азыркыдай темир дөңгөлөктү жасап чыкканы үчүн алган. Өз авто унаасын жасоого болгон алгачкы кадамы согуштан кийинки Япониядагы кризис учурга дал келет. Анда Күн чыгыш өлкөсүндө күйүүчү май тартыш болуп элдин көбү жөө жүрүүгө аргасыз болгон. Жөө басканды каалабаган Хонда өзү тээп жүргөн велосипедине кичинекей мотор койду. Күйүүчү майды көп талап кылбаган бул моторлуу велосипедди көргөн коңшулары да өздөрүнүн велосипедине дал ушундай моторлорду койдурду.

Бирок Хонданын колундагы саналуу гана моторлор тез эле түгөндү. Бул учурда мындай моторлорду даярдап берүүчү атайын компания жок болчу. Өзү ачкан ачылышын дагы да кеңейтип, мотор жасай турган фабрика курууга умтулган жаш ишкерди акча каражатынын жетишсиздиги түйшөлтүп турган чакта Япониядагы велосипед саткан дүкөндөр демөөрчүлүк кылып, өндүрүшүнүн пайдубалын түптөөгө жетишти. Эң биринчи жолу баардык талаптарга шайкеш, жеңил, япондорго ыңгайлашкан кичинекей көлөмдө өндүрүштөн чыккан велосипедин “Super Cub” деп атады.

Ийгилик - бул сенин тандооң
Илгерилеген ийгилик
Велосипедден башталган өндүрүш өнүгүп отуруп авто унаа жаратууга дейре өнүктү. Кайсы бир кезде төрт дөңгөлөктүү унаа жасайм деген кыялы орундалып, 1963-жылы T-360 үлгүсүндөгү кичи жүк авто унаасын жана S-500 үлгүсүндөгү жеңил авто унаачыгарууга жетишти. Ушундан баштап азыркы “Хонда” брендин жаратууга багыт алып, 1964-жылы жалаң гана авто унаа чыгарган Хонда заводу курулган.

Компания ийгилик артынан ийгилик жаратып, идеядан ири компонияга түзүүгө чейин жетип, өндүрүлгөн авто унаалар, мотоциклдер, скутерлер Америка, Европага чейин экспорттолуп дүйнөлүк масштабда өз ордун табат.

Азыркы күндө “Хонда” компаниясы АКШда жана Японияда 100 миңден ашуун адамды жумуш орду менен камсыз кылып, дүйнөдөгү авто унаа өндүрүүчү эң ири компаниялардын катарында турат. АКШда “Хонда” үлгүсүндөгү унаалар “Тойотага” караганда көбүрөөк сатылат.Бул ийгилик бир адамдын өзүнө болгон ишениминин, койгон максатына карай умтулуусунун натыйжасында жаралды, кыялдар чындыкка айланды. Унутпаңыз ийгиликке жетүү же жетпей калуу бул сиздин тагдырыңыз эмес, ал сиздин тандооңуз. Кайсынысын тандайсыз? Тандаңыз, жана эртең эмес азыр баштаңыз.

Соитиро Хонда жөнүндө кызык окуялар

Балалыгындагы бир кызык окуяны эстегенди жакшы көрчү жана бул окуяны өмүрү өткөнчө унуткан эмес. Ал эң биринчи жолу авто унааны көргөн күнү эле. Кыштактын тар көчөлөрүнөн өткөн унааларды көргөндө, болгон күчү менен аркасынан жүгүрүп барып, унаа токтогон жерден ал да токтоп, жүрүп кеткенден кийин астынан тамчылаган майларды жыттаганды жакшы көргөн. Жердеги май тамчылаган кумду колуна сүртүп алчу. Ал үчүн майдын жыты башка жыттардан өзгөчө эле.

Ири компанияны жетектеп, миңдеген адамды иш менен камсыз кылып турган учурда да жөнөкөй жумушчу катары кийинип алып жыйналыш кылчу.
Теориялык билимге караганда практикалык билимге маани берип, жумушка университетти бүтсө да практикалык тажрыйбасы жокторду алган эмес. Университетти бүткөндөр теориялык билим менен гана чектелип калат, алардан жаңы идея чыкпайт деп эсептеген.
Өзү жогорку окуу жайды бүткөн эмес, ал үчүн станоктор мугалим устакана жана завод университет болуп берген.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}